Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов Бельгиянын Кыргызстандагы Элчиси Даниел Бертран менен жолугушту

20 июля 2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы  Абдраимов бүгүн, 20-июлда Бельгиянын Кыргызстандагы Атайын Ыйгарым укуктуу элчиси Даниел Бертран менен жолугушту.

            Элчи Д. Бертран Т.Абдраимовду Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалык кызматына шайланышы менен куттуктап, алдыда турган шайлоолордун жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишеним билдирди жана боло турган шайлоолорго байкоочу катары катышаары туурасындагы каалосун айтты. “Биз Кыргызстанда болуп жаткан саясый өзгөрүүлөрдү кунт коюу менен байкап турабыз”,-деди Элчи мырза. Ал Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолордун жүрүшүнө жана өлкө үчүн маанилүү окуянын алдындагы коомдук –саясый абалга кызыкты.

            Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.Абдраимов Кыргызстандагы шайлоо системасын реформалоонун жүрүшү, БШКнын мүчөлөрүн шайлоо процедурасы жана КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралар туурасында кеңири баяндап берди. Негизги милдеттердин бири катары Т.Абдраимов шайлоочулардын тизмесин жаңы мыйзамга ылайык кийирилип жаткан “шайлоо дареги”системасына ылайык тактоо жүргүзүлүп жатканын атады. “Өлкөнүн борбору Бишкекте ички мигранттардын басымдуу бөлүгү жашап жатат, алардын дээрлик бардыгы региондордо катталуу. Мурда алардын добуш берүүгө укуктары чектелүү болчу. Эми шайлоочулар өзүлөрү катталган жер боюнча эмес, жашап жаткан жери боюнча добуш бере алышат”-деп белгиледи Т.Абдраимов. Ошону менен бирге БШКнын төрагасы шайлоо мыйзамдарына кийирилген жаңылыктарды коомчулукка кабарлоо боюнча, ошондой эле шайлоочуларды, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуп – үйрөтүү боюнча чоң иштер турганын баса белгиледи.

            Жолугушууда БШКнын эл аралык кызматташтыгынын перспективасы туурасында пикир алышуулар жүрдү. Бул жаатта төрага Т.Абдраимов БШКнын чет элдик мамлекеттер, эл аралык уюмдар  менен кызматташтыгын КР БШКнын шайлоо технологияларын Борбору координациялай турганын маалымдады.

 

Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы