Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жумгал районундагы Куйручук, Алай районундагы Гүлчө, Чүй районундагы Кегети, Сузак районундагы Курманбек жана Кызыл-Туу айылдык кеңештеринин жана Таш Көмүр шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары бекитилди
Бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комисиясынын жыйынында республиканын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Анын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ордуна Дамира Масирова Жумгал районундагы Куйручук айылдык кеңешинин депутаты,Үсөн Кадыркулов Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаты, Айбек Чойбеков Чуй районундагы Кегети айылдык кеңешинин депутаты, Осмонбек Дыйканбаев Сузак районундагы Курманбек айылдык кеңешинин депутаты, Чолпонбек Мейманкулов Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты, Уланбек Абдымомунов Таш Көмүр шаардык кеңешинин депутаты болуп катталышты.
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 12-августунда Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоону 2013-жылдын 12-августуна дайындоожөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июнуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес.
Ал эми Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде кызматынан бошотулган.
Сузак жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Жыйында ошондой эле, Талас облусунун Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Ноокат шаарынын мэри жана 14-айыл өкмөт башчылары шайланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда ушул жылдын 17-18 июль күндөрү республиканын Чүй, Нарын, Ысык-Көл,Ош, Талас,Жалал-Абад областтарынын 14 айылдык аймактарында өткөрүлгөн айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана Ноокат шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыктары каралды. Шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өттү деп табуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Шайланган айылөкмөт башчылары жана шаар мэрлери
п/п №
Айыл өкмөтүнүн аталышы
Шайлоо өткөн күн
Шайланган жетекчилер
Чүй областы
Аламүдүн району
1
Таш-Мойнок
17.07.2013г.
Ракишев Мирлан Кубанычбекович
Жайыл району
2
Полтавка
18.07.2013г.
Керимов Висид Кенешевич
Кемин району
3
Көк-Ойрок
17.07.2013г.
Абласов Бактыбек Джолдошбаевич
Москва району
4
Александровка
17.07.2013г.
Сушанло Шамиль
Сокулук району
5
Орок
17.07.2013г.
Бейшенова Аида Кошоевна
Нарынская область
Кочкор району
6
Ак-Кыян
17.07.2013г.
Сыдыканов Азизбек Сопубекович
Ош областы
Кара-Суу району
7
Ак-Таш
17.07.2013г.
Мамасадыков Алтынбек Усенович
Кара-Кулжа району
8
Кара-Кулжа
17.07.2013г.
Пазылов Абдыраман
Ноокат району
9
Ноокат.ш
17.07.2013г.
Тургунбаев Өмүрбек Жоробаевич
Ысык-Көл областы
Ысык-Көл району
10
Кара-Ой
18.07.2013г.
Иманалиев Данир Белекович
Ак-Суу району
11
Бөрү-Баш
17.07.2013г.
Өмүрбеков Марат Рыскулович
Жети-Өгүз району
12
Кызыл-Суу
17.07.2013г.
Бектурганов Талант Кадырбекович
Талас областы
Бакай-Ата району
13
Ак-Дебен
17.07.2013г.
Джанчыкулов Кадыр Анарбекович
Кара-Буура району
14
Бейшеке
17.07.2013г.
Муртабеков Абаскан Жамалбекович
Жалал-Абад областы
Аксы району
15
Кара-Жыгач
17.07.2013г.
Шабданов Батыркул Маданович
Кененирээк билүү >>
Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун 2-туру 2013-жылдын 1-августунда өткөрүлөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы каралды. Жыйында 2013-жылдын 18-июлунда болгон айыл өкмөт башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын» эрежелерин бузуулар менен өткөрүлгөндүгү белгиленди. Добуш берүүгө 21 депутаттан 18 депутат катышкан. Талапкер Сулайман Жоробеков биринчи турда 10 добуш, Маматназар Нуридинов 4 добуш алган. Мыйзамга ылайык биринчи турда депутаттардын көбүрөөк добушун алган талапкер Сулайман Жоробеков гана экинчи турга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок шайлоонун экинчи туруна Маматназар Нуридинов да катышып, жыйынтыгында талапкерлердин эч кимиси жетиштүү добуш алышкан эмес.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.
Жыйында 2013-жылдын 18–июлунда өткөн Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун 2-турун белгиленген тартипте өткөрүүнү 2013-жылдын 1-августуна жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок деп табылды
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын жыйынында Ысык-Көл областынынТоң аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жол берилген укук бузуулардан улам Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөн жок деп табылды. Шайлоо ушул жылдын 17- июлунда өткөрүлгөн. Жыйында шайлоо мыйзамдарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамын таркатуу жөнүндө токтом кабыл алынды жана аймактык шайлоо комисссиясынын бир нече жолку укук бузууларын текшерүү боюнча комиссия түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК: Висид Керимов Жайыл районундагы Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
Бүгүн 18-июлда Чүй областынын Жайыл районундагы Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Айыл өкмөт башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан Висид Керимовдун жана Азатбек Рыскуловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Шайлоонун жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүк добушун алып, Висид Керимов Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык жана таза өттү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Данир Иманалиев Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды
Бүгүн 18-июлда Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү. Бүгүнкү шайлоодо айыл өкмөт башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн талапкер Данир Иманалиев депутаттардын көпчүлүк добушун алып, Кара-Ой айылдык аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчиси болуп шайланды.
Шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык жана таза өттү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Республикада 15 айыл аймактарында айыл өкмөт башчылары шайланды
17-июлда, республиканын Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад областтарынын 15 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өттү. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен бекитилген. Шайлоонун жыйынтыгында айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болушкан:
Мирлан Ракишев Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы,
Бактыбек Абласов Кемин районундагы Көк-Ойрок айыл өкмөтүнүн башчысы
Шамиль Сушанло, Москва районундагы Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы,
Эрмек Мамырканов Сокулук районундагы Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы
Аида Бейшенова Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы
Кадыр Жанчыкулов Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы,
Абаскан Муртабеков, Кара-Буура районундагы Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы
Азизбек Сыдыканов Кочкор районундагы Ак-Кыян айыл өкмөтүнүн башчысы
Алтынбек Мамасадыков Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы,
Абдыраман Пазылов Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы
Тимур Айылчиев Ысык-Көл районундагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы,
Марат Өмүрбеков Ак-Суу районунудагы Бөрү –Баш айыл өкмөтүнүн башчысы,
Талант Бектурганов Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы,
Канатбек Урманбетов Тоң районундагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы
Батыркул Шабданов Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланышты.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн республиканын Полтавка, Жаңы-Пахта жана Кара-Ой айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт
Бүгүн 18-июлда Жайыл районундагы Полтавка, Сокулук районундагы Жаңы-Пахта жана Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылдарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен бекитилген.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен, жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыянбек Сатыбалдиев Майлуу-Суу шаарынын мэри болуп шайланды
Бүгүн Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлоо өткөрүлдү. Шаар жетекчисинин кызмат ордуна «Ата-Мекен», «Ата-Журт», КСДП, «Замандаш-современник» фракцияларынан төрт адам Алмазбек Курманкулов, Кыянбек Сатыбалдиев, Абдиллажан Оморов жана Максат Оконбаев расмий каттодон өткөн. Талапкердин ичинен Кыянбек Сатыбалдиев шаардык Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун алып, шаардын аткаруу бийлигинин башчысы болуп шайланды. Анын талапкерлигине 31 депутаттан 22 депутат ишеним көрсөтүштү.
Шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык жана таза өттү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын
басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад областынын Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо кворум болбогондугуна байланыштуу өткөн жок деп табылды.
Бүгүнкү күнгө белгиленген Жалал-Абад областынын Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо кворум болбогондугуна байланыштуу өткөн жок деп табылды. Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин шаар башчысын шайлоо боюнча өткөрүлгөн жыйынына 21 депутаттан 12 депутат катышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчилик кызматына Кыргызстан социал-демократтар партиясынан Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясынан Жалалидин Юсуповдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Шаардын мэрин шайлоо, эгерде ага шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса өткөрүлдү деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Өмүрбек Тургунбаев Ноокат шаарынын мэри болуп шайланды
Бүгүн Ноокат шаарынын аткаруу бийлигинин жетекчисин шайлоо өткөрүлдү. Шайлоонун жыйынтыгында «Биримдик» коалициясынан (КСДП-Замандаш Современник) талапкерлиги көрсөтүлгөн Өмүрбек Тургунбаев шаардын мэри болуп шайланды. Шаардык кеңештин 21 депутатынан 15 депутат Өмүрбек Тургунбаевди колдоп добуш беришти. Ал эми «Ата-Мекен» фракциясынан талапкер болуп көрсөтүлгөн Абдилвохоп Кодиралиев 6 добуш алды. Шайлоо кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде таза, ачык өттү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Ноокат, Көк- Жаңгак, Майлуу- Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт
Бүгүн17-июлда Ноокат, Көк- Жаңгак, Майлуу- Суу шаарларынын мэрлерин шайлоо өткөрүлөт.
Бул шаарлардын жергиликтүү кеңештери быйылкы жылдын февраль, март айларына белгиленген шаар жетекчисин шайлоону үзгүттүккө учураткандыгына байланыштуу мамлекет башчысынын 2013- жылдын апрель айындагы Жарлыгы менен таркатылып, 26-майда аталган шаардык кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өткөрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата Ноокат шаарынын мэрлигине «Ата-Мекен» фракциясынан Абдилвохоп Кодиралиевдин, «Биримдик» коалициясынан Өмүрбек Тургунбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматына «Ата-Мекен», «Ата-Журт», КСДП, «Замандаш-современник» фракцияларынан төрт адам расмий каттодон өткөн. Алар Алмазбек Курманкулов, Кыянбек Сатыбалдиев, Абдиллажан Оморов жана Максат Оконбаев. Ал эми Көк- Жаңгак шаарынын мэрлигине Кыргызстан социал-демократтар партиясы Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясы Жалалидин Юсуповдун талапкерлигин көрсөткөн. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК: Бүгүн республиканын 15 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт.
Бүгүн 17-июлда, республиканын Чүй, Нарын, Ош, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад областтарынын 15 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен бекитилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо
Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок,
Кемин районундагы Көк-Ойрок,
Сокулук районундагы Новопавловка, Орок,
Москва районунудагы Александровка,
Кочкор районундагы Ак-Кыян,
Кара-Суу районундагы Ак-Таш,
Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа,
Ысык-Көл районундагы Бостери,
Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу,
Ак-Суу районунудагы Бөрү –Баш,
Тоң районундагы Улахол,
Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө,
Кара-Буура районундагы Бейшеке,
жана Аксы районундагы Кара-Жыгач айылдык аймактарында өткөрүлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен, жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР БШК маалымдайт: 2013-жылдын 17-июлунда 54 аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт
2013-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аймактык шайлоо комиссияларынын резервинин курамын Кыргызстандын 25 саясий партиясынын өкүлдөрүнөн түзүү боюнча чүчүкулак өткөрүлөт
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесиндеги 1-бөлүгүнө ылайык, эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү (Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан тышкары) 2013-жылдын 25-июлунда аяктайт.
Мыйзамга ылайык, Аймактык шайлоо комиссиясы тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардан он бир мүчөдөн кем эмес, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт.
Эгерде саясий партиядан аймактык шайлоо комиссиясынын каралган мүчөлөрүнүн санынан ашыкча сунушталган учурда, анда тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрөт. Тийиштүү шайлоо комиссиясынын курамына кирбеген саясий партиялардын өкүлдөрү, саясий партиялардан шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда, бош орунду ээлөө үчүн саясий партиялардын резервин түзөт.
Чүчүкулак 17.07.2013-ж. саат 10.00дө Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз борборунда өткөрүлөт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдеринин курамын түзүү боюнча чүчкулак процессин чагылдырууну каалаган массалык маалымат каражаттары катышса болот.
Чүчүкулакка катышууга ММКдын аккредитациясы 2013-жылдын 16-июлунда саат 18.00гө чейин: 62-62-86, 62-01-50 телефондору аркылуу жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК билдирет: Талас облусунун Талас районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин №6090 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.
Талас райондук сотунун өкүмү менен Талас облусунун Талас районундагы Кара-Суу айылдык кеңешинин №6090 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Омуралиева Барчын Турдубековна Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 141-1-статьясында каралган кылмышты жасагандыгы (добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо) үчүн күнөөлүү деп табылды жана Кылмыш-жаза кодексинин 63-статьясын колдонуу менен беш жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленди, жаза соттолгон адамга шарттуу деп эсептелди жана эки жылга сынак мөөнөтү белгиленди.
Добуш берүү күнү – 2012-жылдын 25-ноябрында Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо № 6090 шайлоо участкасынын төрайымы шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнө жана талапкерлердин байкоочуларына байкатпастан шайлоочулардын добуштарын туура эмес эсептеп, 65 добушту кошуп койгон жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын депутаттыкка талапкер Р.Т. Бектуровдун пайдасына окуп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын атайылап туура эмес чыгарган жана билип туруп протоколго жалган маалыматтарды киргизген.
Бул айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин арыздарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 2012-жылдын 7-декабрында байкоочулардын катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кайра эсептеп чыккан жана шайлоочулардын добуштарын билип туруп туура эмес эсептөөнүн бетин ачкан, укук бузуулар жөнүндө маалыматтар Башкы прокуратурага берилген.
Талас райондук соту ишти өзгөчө тартипте карап чыкты жана Б.Т.Омуралиева мурда жазык жоопкерчилигине тартылбаганын, күнөөсүн толугу менен мойнуна алганын, эки баланы жалгыз тарбиялап жатканын эске алып, Кылмыш-жаза кодексинин 63-статьясын колдонуу менен беш жылга эркиндигинен ажыратуу жазасын белгиледи – жаза соттолгон адамга шарттуу деп эсептелди жана эки жылга сынак мөөнөтү белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы, 62-62-86
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
23.09.2026
Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана резервин жүргүзүү тартиби бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти