Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кочкор районундагы Кум-Дөбө, Бакай-Ата районундагы  Акназаров, Жайыл районундагы Жайыл, Кемин районундагы Ильич жана Жаңы-Алыш айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2013- жылдын 4-сентябрында өткөрүлөт
20.08.2013

Кочкор районундагы Кум-Дөбө, Бакай-Ата районундагы Акназаров, Жайыл районундагы Жайыл, Кемин районундагы Ильич жана Жаңы-Алыш айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2013- жылдын 4-сентябрында өткөрүлөт

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтомдун негизинде 2013-жылдын 4-сентябрында - Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын кайра шайлоо; - Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн     башчысын шайлоо; - Чүй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо; - Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо; -  Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлөт. Кочкор районундагы  Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 токтому менен 2013-жылдын 12-августуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл өкмөтүнүн башчыcы Козубеков Ж.Ш. өзүнүн берген арызынын негизинде, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 6-август 2013-жылдагы №29/VI буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чуй облусунун Жайыл районунун Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбаков Э.К. өзүнүн берген арызынын негизинде, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 12-август 2013-жылдагы №176-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы Исмаилова Карачач Жумаевнага Ильич айылдык кеңешинин 2013-жылдын  1-августундагы № 22-9-26 токтому менен айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан ишенбестик билдирилген. Анын негизинде Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин               13-август 2013-жылдагы №190-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимова Т.С. өзүнүн берген арызынын негизинде, Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-акиминин 14-август 2013-жылдагы №192-р буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган.  Кочкор, Бакай-Ата, Жайыл, Кемин аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүү тапшырылды.                     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Жалалидин Юсупов Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайланды
20.08.2013

Жалалидин Юсупов Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайланды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында 2013-жылдын 12-августунда өткөрүлгөн  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылды жана шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилди. Каыбл алынган токтомдун негизинде Жалалидин Юсупов Көк-Жаңгак шаарынын мэри деп болуп шайланды. Жаңы шайланган шаар жетекчисине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.                Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн КР БШКнын Төрагасы Т.Абдраимовдун Корея Республикасынын Элчиси Ким Чанг Гю менен расмий жолугушуусу болду
20.08.2013

Бүгүн КР БШКнын Төрагасы Т.Абдраимовдун Корея Республикасынын Элчиси Ким Чанг Гю менен расмий жолугушуусу болду

Бүгүн, 20-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ким Чанг Гю менен расмий жолугушуусу болду. Жолугушууда Корея Республикасынын элчиси Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасына Шайлоо маселелери боюнча дүйнөлүк уюмдун (ШМДУ) Алтынчы Глобалдык конференциясына расмий чакырууну тапшырды, конференция 2013-жылдын 15-17-октябрында Корея Республикасынын (Түштүк Корея) Сеул шаарында өтөт. Конференциянын темасы: «Туруктуу шайлоо процесстери – алда канча бекем демократия». ШМДУнун конференциясы шайлоо маселелери боюнча адистер үчүн алдыңкы эл аралык форум болуп саналат жана байланыштарды түзүүгө жана маалыматтарды алмашууга көмөктөшүү максатын көздөйт. Ошондой эле Корея Республикасынын Элчиси Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасына 2013-жылдын 14-октябрында боло турган Шайлоо комиссияларынын Дүйнөлүк Ассоциациясынын (ШКДА) салтанаттуу Ассамблеясына катышууга Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясынын чакыруусун тапшырды. ШКДА билим берүү жана кесиптик даярдоо аркылуу шайлоону өткөрүү жана шайлоо процессине катышкан адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жагынан билим, маалымат жана тажрыйба алмашуу максатында бүткүл дүйнөнүн шайлоо органдары менен байланышуу тармактарын түзүү жагынан иш жүргүзөт.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу шаарында, Тогуз-Торо айылында жана Терек-Сай айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү
19.08.2013

Кара-Суу шаарында, Тогуз-Торо айылында жана Терек-Сай айылында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү

Кечээ, 2013-жылдын 18-августунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешине, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңешине жана Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешине депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кара-Суу шаарында шайлоочулардын келиши – 72,5%ды (6482 шайлоочу), Тогуз-Торо айылында – 56,7%ды (1234 шайлоочу), Терек-Сай айылында 57,7%ды (1115 шайлоочу) түздү. Аймактык шайлоо комиссияларына 2013-жылдын 19-августунда саат 08.00гө карата даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Эртең 18-августта Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык  кеңештерине шайлоо өткөрүлөт.
17.08.2013

Эртең 18-августта Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңештерине шайлоо өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы  “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде эртең, 18-августу күнү,  Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык  кеңештерине шайлоо өткөрүлөт. Бул жергиликтүү кеңештер айыл өкмөт башчыларын белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгы үчүн таркатылган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.           Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Эртен 18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өткөрүлөт.
17.08.2013

Эртен 18-августта Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы  “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде эртең  18 август күнү Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешине шайлоо өткөрүлөт. Бул жергиликтүү кеңеш шаар мэрин белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгы үчүн таркатылган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Бул аймактарда катталган шайлоочулардын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде бирдиктүү шайлоо округдары жана көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.          Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 18-августунда  Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөрүлөт.
15.08.2013

2013-жылдын 18-августунда Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы  “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде ушул жылдын 18 августу күнү Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөрүлөт. Бул жергиликтүү кеңештер шаар мэрин жана айыл өкмөт башчыларын белгиленген мөөнөттө шайлабагандыгы үчүн таркатылган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.           Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт.
12.08.2013

Бүгүн Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүн Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт.  Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн   башчыcы өзүнүн жазган арызынын негизинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматына жергиликтүү депутаттар кеңеши тарабынан  Аралбек Абдырасуловдун, Калыбек Медетбековдун жана  Садыбакас Убалиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.  Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына  шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.            Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бүгүн  Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт.
12.08.2013

Бүгүн Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы токтому менен  Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июлуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес. Бүгүнкү күнгө карата  Көк- Жаңгак шаарынын мэрлигине Кыргызстан социал-демократтар партиясы Алмамат Саражиевдин, «Өнүгүү-прогресс» фракциясы Жалалидин Юсуповдун талапкерлигин көрсөткөн. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Сузак аймактык шайлоо комиссиясына  шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.         Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Кыргызстан калкын Орозо айт майрамы менен куттуктоосу:
07.08.2013

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Кыргызстан калкын Орозо айт майрамы менен куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!  Сиздерди Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Орозо кармаган бардык мусулмандардын орозосу кабыл болсун. Ушул мезгилдин аралыгында тилеген аруу тилегиңиздер, ойлогон асыл максатыңыздар ишке ашсын!   Куттуу Кыргызстаныбызды Улуу Жараткан өзү колдосун! Кыргыз мамлекетинин өсүп өнүгүүсү, социалдык маселелердин чечилиши, берекелүү турмуш, тынчтык менен биримдиктин бекемделиши сыяктуу жакшылыктын жышаанынын башаты болсун.  Учурда жалпы Кыргызстан калкы келечектеги чоң ийгиликтерге жетүү үчүн экономиканын бекем пайдубалын түзүп жатат.  Сиздерге тынчтык,  бейкутчулук, үй бүлөңүздөргө саламаттык,  бакыт -таалай каалайм. Теңир өзү колдоп, бардык инсандарга ыйман берсин! Үй-бүлөдө ден-соолук, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун! Айтыңыздар маарек болсун,  ардактуу замандаштар!      
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди
06.08.2013

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Бул маселе боюнча жергиликтүү кеңештердин сессияларынын депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча жана көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын  депутат деп таануу жөнүндө токтомдор кабыл алынган.                     Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары  № Жергиликтүү  кеңештердин аталыштары   Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. Жалал-Абад облусу Сузак району   Багыш  Маматова Бегайм   Сузак  Бекташов Журавай Жумабаевич   Ырыс  Халилов Таалайбек Жалалович   Кара-Дарыя  Муратов Түгөлбай Асилбекович    Маматкасымов Кайратбек Абдилакимович   Көк-Арт  Азимбаев Кумарбек Рысмаматович Базар-Коргон району   Кызыл-Үнкүр  Аманкулова Уруят Кочкоровна   Сейдикум  Айтбаев Бекмурза Махмуджанович Чүй облусу Чүй району   Кош-Коргон  Осмонкулова Саадат Кемин району      Боролдой  Кермакунова Ажар Омургазыевна    Сатыбалдиева Сайрабубу    Сатылганова Сайрабубу Ош облусу Кара-Суу району   Жаңы-Арык  Ранбаев Мамасали Апысович Кара-Кулжа району   Ылай-Талаа  Шукуров Сатыбалды   Кызыл-Жар  Кулеков Батырбек Токтогулович Баткен облусу Лейлек району   Маргун  Каримова Айжума Мамытовна   Бешкент  Баховатдинов Туранхужа   Ак - Суу  Абдунаимов Тургунбой              Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Сокулук районундагы  Фрунзе , Панфилов районундагы Орто жана Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөт башчыларын шайлоо  2013-жылдын 23-августунда өткөрүлөт.
06.08.2013

Сокулук районундагы Фрунзе , Панфилов районундагы Орто жана Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2013-жылдын 23-августунда өткөрүлөт.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн, Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн, Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл өкмөт башчыларын шайлоону 2013-жылдын 23-августуна дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчыcы Рахимов П.А. өзүнүн берген арызынын негизинде, Чүй облусунун Панфилов районунун Орто айыл өкмөтүнүн башчыcы Молдокулов Т.К. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин             2013-жылдын 24-июлундагы  буйругу менен Чуй облусунун Панфилов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалдыгына байланыштуу, Ош облусунун Ноокат районунун Т. Кулатов айыл өкмөт башчысы Эргешов А. өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан бошотулушкан.  Сокулук, Панфилов, жана Ноокат аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону белгиленген тартипте өткөрүү тапшырылды. Жыйында ошондой эле Ош областынын Араван, Алай жана Ысык-Көл областынын Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын резервдик курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.            Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 17-, 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаардын мэринин жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары бекитилди
06.08.2013

2013-жылдын 17-, 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаардын мэринин жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары бекитилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында 2013-жылдын 17-, 26-июлунда, 1-августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын – шаардын мэрин жана айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.Жыйында кабыл алынган токтомдун негизинде: Эрмек Мамырканов Сокулук районундагы  Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы, Уланбек Бердигулов  Нарын облусунун Ат-Башы районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы, Сулайман Жоробеков Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн  башчысы болуп шайланышты. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жаңы шайланган жетекчилерине  белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет.            Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
Бүгүн 1-августа Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт
01.08.2013

Бүгүн 1-августа Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт

Бүгүн 1-августа Сокулук районуна караштуу Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун экинчи туру өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде 2013-жылдын 18 августунда өткөрүлгөн айыл өкмөт башчысын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган жана шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын» эрежелерин бузуулар менен өткөрүлгөндүгү белгиленген. КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылдын 18–июлунда өткөн  Жаны-Пахта айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун 2-турун белгиленген тартипте өткөрүүнү 2013-жылдын 1-августуна жылдыруу жөнүндө токтом кабыл алган.              Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
Бүгүн 26-июлда Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо  өткөрүлөт
26.07.2013

Бүгүн 26-июлда Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн Нарын областынын Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо  өткөрүлөт.   Аталган айылдын өкмөт  башчыcы башка ишке которулгандыктан, Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин буйругу менен кызматынан бошотулган. Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Осипа Байкованын, Дайыргазы уулу Нурландын жана Уланбек Бердигуловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айыл кеңешинин депутатттары тарабынан шайланат.  Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Бүгүн 26-июлда  Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт
26.07.2013

Бүгүн 26-июлда Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн 26-июлда Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул жылдын 11-июнундагы токтому менен Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 28-июнуна дайындалган. Бирок айылдык кеңештин депутатттарынын толук курамда катышпай, кворум болбогондуктан шайлоо өткөн эмес. Айыл аймагынын аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматына жергиликтүү кеңештин депутатттары тарабынан Мукаш Абдылдаевдин, Нурзат Дубаевдин, Тыныштыкбек Исмаиловдун жана Кайрат Кулчаевдин  талапкерлиги көрсөтүлгөн Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары жана райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан көрсөтүлүүчү талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу айыл кеңешинин депутатттары тарабынан шайланат.  Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
1 448 450 482