Башкы Жаңылыктар БШК КР: Шайлоо жасалмалуулугу – кызыкдар тараптар кандай …

БШК КР: Шайлоо жасалмалуулугу – кызыкдар тараптар кандай амалкөйлүккө барышат...

09-Июл, 2014

Өткөн жумада Борбордук шайлоо комиссиясы(БШК) Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешине депуттарды шайлоодо 5 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жана эки шайлоо округунун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты. Бул чечим БШК жумушчу тобунун шайлоо аяктаган соң шайлоочулар тизмесин текшерүүсүнүн, Бишкек ШИИББинин эксперттик-криминалдык  бөлүмүнүн бүтүмүнүн, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматынын, ошондой эле БШКга түшкөн добуш берүүнүн жана шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде кабыл алынган. Мындай татаал иштин аркы-беркисин түшүнүп, окуялардын толук чоо-жайын аныктоо үчүн кепти башынан баштайлы.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешиндеги мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 18-майында өткөн. Айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү айыл өкмөт башчысын шайлай алышпагандыктан айылдык кеңешти таркатып, эки жолу кайра шайлоо өткөрүүгө туура келген. Келип түшкөн маалыматтарга караганда айыл өкмөт башчысын шайлоо убагында айылдык кеңештин айрым депутаттары башка депутаттарды коркутуп-үркүтүп (шайлоого катышпай калышсын деген максатта) сессиянын аягына чейин мажбурлап кармап турушкан. Алар коркконунан укук коргоо органдарына кайрылышпагандыктан бул факт тастыкталган жок. Бул жерден өз адамын айыл өкмөт башчысы кылып шайлоо үчүн эл өкүлдөрү өзүлөрүнүн милдеттемелерине айрым депутаттар же белгилүү(криминалдык да болушу мүмкүн) бир топтордун кызыкчылыгына карап жеңил ойлуулук, жоопкерчиликсиздик  менен мамиле кылышат деген тыянак чыгарсак болот. Баса белгилей кетүүчү жагдай Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын жана Төлөйкөн айыл өкмөт башчысын шайлоо үчүн республикалык бюджеттен 1,3 млн. сомдон ашык коротулган. Бул чоң сумма болгондуктан саясий оюндар менен алектенгиче бюджеттик каражатты жергиликтүү элдин социалдык муктаждыктарына жумшаган алда канча пайдалуу болмок.

Чындыкка келсек 2014-жылы 18-майда өткөн шайлоодон кийин “Дыйкан-кыштак” айылынын жашочуларынан шайлоо болгон күнү үч шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан алардын шайлоо укуктарын чектөөлөр жана шайлоо болгон аймакта жашабаган адамдардын добуш бергендиги тууралуу арыздар түшкөн. Анын үстүнө айрым шайлоо участкаларындагы добуш бергендердин саны 96 пайызга чыгып кеткени да БШКда шектүүлүктү жаратып, иштин жагдайын аныктоо үчүн шайлоо болгон жерге БШКнын жумушчу тобу жиберилген.

Депутаттыка талапкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн, Кара-Суу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн катышуусунда аталган жумушчу топ добуш берген шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн  бардык сегиз шайлоо участкасында шайлоо документтери бар баштыктар ачылган.  Текшерүү 5 шайлоо участкасында бири-бирине коендой окшош 205 кол коюу бар экенин аныктаган. Буга байланыштуу БШК шайлоочулар тизмесин кол коюу экспертизасына жөнөтүүнү чечкен. Бишкек ШИИББнин Эксперттик-криминалдык экспертизасы эки шайлоо участкасынан 380 жана 359 колду бир нече адамдар коюп койгонун аныктаган. Мөөнөт өтө кыска болгондуктан мындай экспертиза эки шайлоо участкасы боюнча гана жүргүзүлүп калган. Анткен менен калган үч шайлоо участкасында да ушундай дал келишпестиктер ачыкка чыккан.   

Буга удаа эле Мамлекеттик чек ара кызматынан №5513 шайлоо участкасы болгон “Дыйкан –Кыштак-3” айылында жашаган шайлоочулар тууралуу маалымат келген.  Алар 2014-жыл 18-майда өлкөдөн сыртка чыгып кетип кайра артка кайтышкан эмес. Бир гана шайлоо участогун текшерүүдө мындай 72  жаран аныкталган жана алар добуш бергендердин тизмесинде болгон. Өтө одоно мыйзам бузуу фактыларынын чыгышына байланыштуу БШК 2014-ж. 4-июлда беш участкалык шайлоо комиссиясынын курамын таратуу жана беш шайлоо участкасындагы шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу материалдарды мыйзам бузгандарга чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Баарынан кызыгы БШКнын уруксаты менен  видеокамералар коюлган үч шайлоо участогунда шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен мыйзам бузуулар катталган эмес. Бул видеокамераларды колдонуу кандайдыр бир көз боемочулукту жасоого бөгөт койгонун көрсөтүп турат. Ошондой эле бул үч шайлоо участогунда шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу реалдуу санда болуп 44, 46 жана 51 пайызды түзгөн. А өтө одоно мыйзам бузуулар болгон жогоруда көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында шайлоочулардын келиши 70 пайыздан 96 пайызга чейин чыккан. Ошентип заманбап техникалык жетишкендиктерди(азырынча видеокамералар эле болуп турсун) колдонуу шайлоо участкаларындагы мыйзам бузууларды азайтарын жагыдай өзү көрсөттү. Буга дагы бир жолу ынаныш үчүн БШК шайлоо процессинин жаңы моделин 2014-жылдын 3-августунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо колдонуп, сынап көрөт. Ал жерде Төлөйкөндөгүдөй депутаттар айыл өкмөт башчысын эки жолу шайлашкан эмес.

Тилекке каршы, участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан одоно мыйзам бузуу фактылары азыр деле бар жана аларга шайлоо процесстерине заманбап техникалык жетишкендиктерди колдонуу менен гана каршы турбастан айыптык санкцияларды киргизүү менен да күрөшүүбүз керек. Чынында шайлоо участкаларында өз кызыкчылыгы мененби же талапкерлердин кысымынан уламбы добуш берүүдө жасалмалуулукка жол берген участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү коомчулуктун бир мүчөсү. А мындай ыплас жол менен шайланган депутаттар кийин жергиликтүү эл тарабында болуп, алардын көйгөйлөрүн чечип жиберишпери да анык.

Сөзүбүздү аяктап жатып таза, ачык, калыс шайлоону өткөрсө болот, өткөрүш керек. А шайлоонун таза болушу шайлоого укугу бар жарандардын өздөрүнөн көз каранды жана ошол укукту туура пайдаланыш керек. 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты
22-Окт, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Жалал-Абад облусунда шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 21–22-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Бөдөш Мамырова Жалал-Абад облусунун Манас шаарында, Ноокен, Базар-Коргон, Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жолугушууларды өткөрүштү.Жолугушуулардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү, шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу жана тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелери каралды.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу жаңы талаптар, шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири баяндама жасады. Мындан тышкары, шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине жана жоопкерчилигине токтолду. Ал эми укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен болгон талкууда шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына мыйзамсыз кысым көрсөтүү аракеттерин алдын алуу, шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүгө бөгөт коюу жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелери белгиленди.Жарандардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусуна шарт түзүү, шайлоо процессинин бардык этаптарында мыйзам талаптарын так сактоо, шайлоочулардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо - маанилүү багыттардын бири.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет
21-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн мурда жүргүзүүгө жол берилбестигин дагы бир жолу эскертет

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаевдин жетекчилиги астында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү.Жыйындын жүрүшүндө социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн жана шарттарын сактоо талаптарына каршы келүү белгилери бар материалдар аныкталып, каралды.Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеген материалдарды жарыялаган социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Санжарбек Тилеков, Айбек Теңизбай жана Туратбек Мусакеевдерге эскертүү берилип, билдирүүлөрүн өчүрүү милдеттендирилди. Аталган жарандар мындан ары мыйзамдардын талаптарын сактоого жана ушул сыяктуу бузууларга жол бербөөгө даяр экендиктерин билдиришти.Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоо алдындагы үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин жүргүзүүгө тыюу салынарын дагы бир жолу эскертет. Бул талап шайлоо алдындагы үгүттүн мыйзамдарда каралган бардык формаларына жана ыкмаларына, анын ичинде социалдык тармактарда жана башка интернет-ресурстарда тиешелүү материалдарды жайгаштырууга жана таратууга да тиешелүү.БШК жарандарды, талапкерлерди, алардын өкүлдөрүн, саясий партияларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, мыйзамда белгиленген мөөнөт башталганга чейин шайлоо алдындагы үгүт катары бааланышы мүмкүн болгон аракеттерден оолак болууга, ошондой эле социалдык тармактарда маалыматтарды жайгаштырууда жана таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.Жумушчу топ өз ыйгарым укуктарынын чегинде социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүүнү жана шайлоо мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузуулары тууралуу материалдарды кароону улантат.Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген мөөнөттөрүн жана эрежелерин сактоо шайлоо процессинин катышуучулары үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун, мыйзамдуулукту жана шайлоонун ачык-айкындуулугун сактоонун маанилүү шарты болуп саналат. 
Кененирээк билүү >>
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү
19-Окт, 2026

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча тренингдер өткөрүлдү

2026-жылдын 15, 16 жана 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча жумушчу тобунун мүчөлөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүштү. Тренингдердин негизги максаты – жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруу маселелери боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тиешелүү адистердин компетенцияларын өнүктүрүү.  Окутуу программасы жалпы шайлоо укугунун негизги принциптеринен тартып, жарандардын айрым категорияларынын шайлоого катышуусун уюштуруунун практикалык маселелерине чейинки темаларды камтыды. Тренингдерге жалпысынан 225 адам катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, ошондой эле Баткен, Ош жана Манас шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү болушту. Теориялык жана практикалык сабактардын жүрүшүндө катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди кеңири талкуулашты:-        жалпы шайлоо укугу жана шайлоо укугун чектөөгө байланышкан маселелер, анын ичинде жарандардын айрым категорияларына тиешелүү жагдайлар;-        жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын камсыздоодо шайлоо комиссиялары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү;-        шайлоо комиссияларынын электрондук порталдары жана шайлоо процесстерин санариптик форматта уюштуруу;-        жарандардын айрым категорияларын маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби;-        шайлоо участогунан тышкары жерде добуш берүүнү уюштуруу тартиби жана добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо.Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын ишке ашырууда алардын укуктарын коргоо механизмдерине, шайлоо процессине тоскоолдуксуз катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Өткөрүлгөн тренингдер мамлекеттик органдардын жана мекемелердин өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын камсыздоо жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо процессине толук кандуу катышуусуна өбөлгө түзүүгө багытталды
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди
19-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин бузган бир катар жарандарга эскертүү берди

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү. Жыйында мыйзамда белгиленген үгүт жүргүзүү мөөнөтү башталганга чейин талапкерлерди колдоого же аларга каршы үгүттөөгө байланышкан мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү. Атап айтканда, социалдык тармактар аркылуу белгилүү бир талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө чакыруу, талапкерлерди шайлоого же шайлабоого багытталган материалдарды таратуу, ошондой эле шайлоочулардын тандоосуна таасир этүү максатында сурамжылоолорду уюштуруу жана алардын жыйынтыктарын пайдалануу фактылары каралды.Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары Залкарбек Кудайбердиев, Бахтияр Кыдыралиев, Малик Исмаилбек уулуна жана Жыргалбек Ибраимовдорго эскертүү берилди. Жогорудагы жарандар Жумушчу топ тарабынан айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, социалдык тармактардагы жарыялаган билдирүүлөрүн өчүрүүгө жана башка мындай аракеттерге барбай тургандыктарын билдиришти. Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана социалдык тармактардын колдонуучуларын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого чакырат.
Кененирээк билүү >>