Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

2013-жылдын 18-августуна дайындалган КыргРеспубликасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун схемасы жана сметасы бекитилди
09.07.2013

2013-жылдын 18-августуна дайындалган КыргРеспубликасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун схемасы жана сметасы бекитилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  2013-жылдын 18-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек араларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Ошондой эле  шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн  сметасы  3 млн 189 миң 200 сом суммасында бекитилди. Шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы  “Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндөгү” Жарлыгынын негизинде Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын, Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо , Чаткал районундагы Терек-Сай жергиликтүү кеңештерине өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы, 62-62-86
Кененирээк билүү >>
Арбуду Сульмане Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча депутаты болуп катталды
09.07.2013

Арбуду Сульмане Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча депутаты болуп катталды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында  Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 29-июнундагы чечими бекитилди. Анын негизинде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган талаптарды аткарбагандыгына байланыштуу Ясыров Джумаза Лилизовичтин ордуна Арбуду Сульмане Сализович Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин № 1 шайлоо округу боюнча депутаты болуп катталды. Москва аймактык шайлоо комиссиясына Александровка айылдык кеңешинин шайланган депутатын каттоо жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берүү тапшырылды.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы, 62-62-86
Кененирээк билүү >>
Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
09.07.2013

Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ысык-Көл облусунун           Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору каралды. Анын жыйынтыгында  2013-жылдын 28-июнундагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде Жыргалбек Жумашов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  62-62-86
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн маалымат
08.07.2013

Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин«Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» 2013-жылдын 4-июлундагы № 156 Жарлыгы “Эркин Тоо” газетасынын 2013-жылдын 5-июлундагы санына жарыяланды. КР айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы республиканын  массалык маалымат каражаттарын аккредитациялоо иши башталгандыгы тууралуу маалымдайт. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын 22-беренесинин 20-бөлүгүнө ылайык, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары обо убактысына жана басма сөз аянтына акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтарды шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 15-июлуна чейин) жарыялоого жана Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын ММКлары аккредитациялоо үчүн 2013-жылдын 16-июлуна чейин, Борбордук шайлоо комиссиясына: - шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү-кат, анда ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, даректери жана байланышуу үчүн зарыл маалыматтары; - ММКнын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн Уставынын көчүрмөсү; - төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү тапшырылышы керек. Кең-кесири маалымат алуу үчүн 0 312–62 62 86 телефон аркылуу кайрылсаңыз болот. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  т. 62-62-86; 62-01-50  
Кененирээк билүү >>
Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду
04.07.2013

Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2013-жылдын 4-июлунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев“Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо  күнүн дайындоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлыкта мындай деп белгиленет: Жергиликтүү кеңештер тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн, 49-беренесинин 6-бөлүгүн жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алуу менен токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын жергиликтүү кеңеши, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айылдык кеңеши, Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңеши таркатылсын. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо жекшембиге, 2013-жылдын 18-августуна дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн; - мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.  
Кененирээк билүү >>
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин жана Ак-Суу районундагы Челпек, Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин жаңы шайланган депутаттары бекитилди
04.07.2013

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин жана Ак-Суу районундагы Челпек, Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Таш-Дөбө айылдык кеңештеринин жаңы шайланган депутаттары бекитилди

Бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук комисиясынын жыйынында  республиканын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Анын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтоткон жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын  ордуна Маданбек Кылыев  Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты, Азамат Искаков Ак-Суу районундагы Челпек айылдык кеңешинин депутаты, Уланбек Жапаров  Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты, Атыркүл Чекирова Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты болуп катталышты. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы       
Кененирээк билүү >>
Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо жана Ысык-Көл районундагы  Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 26-июлуна дайындалды
04.07.2013

Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоо жана Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 26-июлуна дайындалды

  Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Нарын областынын Ат-Башы районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчыcын шайлоону жана Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2013-жылдын 26-июлуна дайындоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул жылдын 11-июнундагы токтому менен Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районуна караштуу Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 28-июнуна дайындалган. Бирок кворум болбой калгандыктан шайлоо өткөн эмес. Ат-Башы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.        Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
04.07.2013

Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Манас районундагы Үч-Коргон, Нарын районундагы Миң-Булак жана Ак-Суу районундагы Челпек  айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды. Шайлоо ушул жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн. Жыйында аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештин депутатттарынын көпчүлүк добушун алышкан талапкер Мелисбек  Акматов Манас районундагы Үч-Коргон    айыл өкмөтүнүн башчысы, талапкер Өмүралиев Жыргалбек  Нарын районундагы Миң-Булак  айыл өкмөтүнүн башчысы жана талапкер Эрлан Жыргалов Ак-Суу районундагы Челпек айыл өкмөтүнүн башчысы  деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды.           Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
 Борбордук шайлоо комиссиясы  Жогорку Кеңештин  депутаты Урмат Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Т.Жаныкеевдин  арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.
28.06.2013

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Т.Жаныкеевдин арызын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Урмат Аманбаеваны депутатттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу жөнүндөгү арыз менен кайрылган Т, Жаныкеевдин арызы канаттандарылган жок. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо  комиссиясынын чечими кабыл алынды. Анткени арызда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Урмат Аманбаеванын депутат болуп катталган мезгилде жана  азыркы убакта ишкерлик менен алектенип жаткандыгын далилдеген материалдар негиздүү жана толук көрсөтүлгөн эмес. Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында Борбордук шайлоо комиссиясына Т.Жаныкеев аттуу жарандан депутат У.Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арызы келип түшкөн. Өз арызында ал У.Аманбаева депутат болуп туруп, ишкердүүлүк жүргүзүүнү токтоткон эмес жана депутаттык мандатты өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп жатат деп көрсөткөн.  Чечимдин көчүрмөсү арыз ээсине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти
28.06.2013

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын таануу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш, Ивановка жана Кең-Булуң айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин сессияларынын токтомдору каралды. Жыйында токтомдун негизинде кабыл алынган аймактык шайлоо комиссияларынын тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын таануу жөнүндөгү чечимдери бекитилди. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини берүү тапшырылды.              Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
Ноокат, Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларынын башчыларын жана  19 айыл аймактарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 17-18 июнунда өткөрүлөт.
28.06.2013

Ноокат, Көк-Жаңгак жана Майлуу-Суу шаарларынын башчыларын жана 19 айыл аймактарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 17-18 июнунда өткөрүлөт.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ош областынын Ноокат, Жалал-Абад областынын Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу шаарларынын башчыларын жана өлкөнүн 19 айылдык аймактарында жергиликтүү аткаруу бийлигинин жетекчилерин шайлоону 2013-жылдын 17-18 июнунда өткөрүү боюнча токтом кабыл алынды. Шаарлардын мэрлери шаардык кеңеш тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө шайланат. Мэрдин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин фракциясынын жана премьер-министрдин укугу бар. Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан сунушталып, айыл кеңешинин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен шайланат. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.            Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл районундагы Ананьево жана Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.
28.06.2013

Ысык-Көл районундагы Ананьево жана Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланды.

   Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Ысык-Көл районундагы Ананьево жана Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды. Шайлоо ушул жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн. Жыйында аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде жергиликтүү кеңештин депутатттарынын көпчүлүк добушун алышкан талапкер Курманбек Эгимбаевди Ысык-Көл районундагы Ананьево  айыл өкмөтүнүн башчысы, талапкер Мирлан Карагуловду Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында ошондой эле «Хиязов Ибрагим Керимовичти Чүй областынын Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин депутаты кылып каттоо жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилди.            Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
БШК: 2013-жылдын 28-июнунда республиканын 5 айылында  айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт.
28.06.2013

БШК: 2013-жылдын 28-июнунда республиканын 5 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүн 28-июнда республиканын 5 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомуна ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо: Талас областынын Манас районундагы Үч-Коргон,  Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы  Челпек жана Кереге-Таш,  Ысык-Көл районундагы  Кумбел, Нарын областынын Нарын районундагы  Миң-Булак айылдык аймактарында өткөрүлөт.  Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге)  КАЙРЫЛУУСУ
21.06.2013

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

                    Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) «Бишкек шаарынын аймактык райондук шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» 2011-жылдын 25-июлундагы № 49 жана № 50 токтомдору менен 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренсинин 1-бөлүгүнө ылайык эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын (буга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кирбейт) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү  2013-жылдын 25-июлунда аяктайт. Мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. аймактык шайлоо комиссиясынын резервин БШК 5 жылдык мөөнөткө түзөт. Азыркы учурда көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн зарыл болгон саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын зарыл сандагы өкүлдөрү жок. Буга байланыштуу БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу, ал  адамдар менен так, калыс жана ак ниеттүү иштей билүүнү талап кылат. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле алардын шайлоо комиссияларындагы ишке даярдыгынын даражасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөткөн субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин орто  кесиптик же жогорку кесиптик билими болууга жана, эреже катары, тиешелүү  калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш экендигин эске алышы керек. аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүшү зарыл. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жерин көрсөтүлгөн жана алардын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн алардын тизмесин тиркелүүгө тийиш. Саясий партиялардан көрсөтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. БШКга саясий партиянын (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет. Жогоруда көрсөтүлгөн документке төмөнкүлөр тиркелет: - аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкерлердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген, окуган, билим алган жерин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жекече баракча же резюме); -байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери.. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейинкабыл алынат жана тиешелүү шаардык, айылдык кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары тарабынан БШКга юерилет. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейин БШКда кабыл алынат. аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү шарттары тууралуу “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболордон билүүгө болот, алар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясысынынwww.shailoo.gov.kgрасмий сайтында жайгаштырылган. Маалымат алуу телефону: 620829                      Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы            
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясы Ысык-Көл жана Нарын олбластарындагы  атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн окуу семинарларын өткөрүүдө
18.06.2013

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл жана Нарын олбластарындагы атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн окуу семинарларын өткөрүүдө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча атайын өкүлдөрдүн жана тутумдук администраторлордун административдик мамлекеттик кызматтарынын бош орундарын толуктоо сынагынын аяктагандыгына байланыштуу, ошондой эле, алардын квалификацияларын жогорулатуу максатында Борбордук Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук комиссиясы окутуу семинарын баштады. Окутуу семинары ушул жылдын  18-19-июнда Ысык Көл районундагы Бостериде айылында өткөрүлөт.  Окутуу программасында Кыргызстандын шайлоо иштеринин укуктук негиздери, Борбордук шайлоо комиссияларынын аймактык атайын өкүлдөрүнүн жана тутумдук администраторлорунун ишин уюштурууну жакшыртуу жана алардын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты менен өз ара аракеттешүүсүнүн таасирдүүлүгүн арттыруу камтылган. Окутуу БШКнын аппаратынын кызматкерлеринин күчү менен өткөрүлөт. Ошондой эле, семинарда БШК төрагасы жана мүчөлөрү катышат.             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясы республиканын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн “ачык эшик күнүн” өткөрөт
17.06.2013

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы республиканын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн “ачык эшик күнүн” өткөрөт

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясы Республиканын Жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү үчүн “ачык эшик күнүн” өткөрөт. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын жана КР Президентине караштуу Башкаруу академиясынын бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук  комиссиясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча өзгөчө мүмкүндүк түзүлдү. Студенттерге шайлоо комиссиянын иши тууралуу кеңири маалымдама берилип, суроолорго жооп айтылып, аппарат бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен тааныштырышат. Аталган иш-чара Өкмөт токтомунун негизинде Кыргызстандагы Мамлекеттик кызматкер күнүнө карата өткөрүлүүдө.          Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы    
Кененирээк билүү >>
1 450 452 482