2014-жылдын 20-апрелине дайындалган шайлоо боюнча шайлоо округдарынын, шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекилди

13 марта 2014

Бүгүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда, 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт, Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын, шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекилди.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча – 5, Нарын облусундагы Жумгал районунун Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча – 3, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча – 2  шайлоо участкалары түзүлдү.

 КР БШКнын басма сөз кызматы