Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр кирди.

13 марта 2014

2014-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын облусунун Жумгал, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Ю.Т. Бакировду,  А.О. Мендебаировду, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын  Г.А.Новоселованы комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө сунуштамаларынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 6,7-пункттарына, 22-беренесиндеги 10-бөлүктүн 10-пунктуна, «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жоболоруна ылайык аталган АШКдын резервдери жана курамдары өзгөрүлдү.

 КР БШКнын басма сөз кызматы