Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

02-Апр, 2014

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана
саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиялары (мындан ары-АШК) тарабынан түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын (мындан ары-УШК) ыйгарым укуктары 2011-жылы аяктаган.

Азыркы учурда, көпчүлүк УШКнын резервдеринде УШКнын жаңы курамын түзүү үчүн саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны жок болууда.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-БШК) УШКнын резервине саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.

УШК –жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылуучу шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалдык орган болуп саналат. УШКнын курамындагы иш жооптуу, адамдар менен аяр жана ак ниет менен иш алып барууну талап кылат,  жарандардын добуштарын эсептөө жана башка кыймыл-аракеттер таза, ачык, мыйзамдарга ылайык болушу үчүн анын мүчөлөрүнүн милдеттерине шайлоонун мыйзамдуулугун, ачыктыгын камсыз кылуу маселеси кирет.

Мыйзамдарга ылайык, УШКнын курамы АШК тарабынан экиден бири саясий партиялардын, экиден бири жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, 2 жылдык мөөнөткө түзүлөт. УШКнын резерви саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен, тийиштүү УШКнын мүчөлөрүнүн каралган санынан кем эмес санда 5 жылдык мөөнөткө түзүлөт.

УШКнын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун жана алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык денгээлин эске алуу зарыл. Көрсөткөн субъекттер шайлоо комиссиянын мүчөлүгүнө талапкердин жашаган жери эреже катары тийиштүү калктуу пунктун аймагында болушу керек экендигин  эске алуулары  зарыл.

УШКнын резервине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун   төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколдо жашаган жери көрсөтүлгөн  жана кол тамгалары коюлган чогулушка катышкандардын тиркелген тизмеси болууга тийиш.

Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. АШКга саясий партиянын жетекчисинин (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

- участкалык шайлоо комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

-  паспортунун көчүрмөсү.

-  иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);

-  байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.

Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан УШКнын курамдарына жана резервдерине   талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2014-жылдын 30-апрелинин саат 18.00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат жана айылдык, шаардык кеңештери тарабынан тийиштүү АШКга берилет.

Саясий партиялардан УШКнын курамдарына жана резервдерине   талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2014-жылдын 30-апрелинин саат 18.00го чейин тийиштүү АШКда кабыл алынат.

УШКнын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү үчүн зарыл документтердин үлгүлөрү, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жоболор менен кененирээк БШКнын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыз болот.

             

           Сурап-билүү телефону: 62 08 29

           

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясы

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>