Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Ч.Сулаймановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

31 января 2014

Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” идеалисттик-демократиялык партиясынан шайланган депутат Н.Ч.Сулаймановдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” идеалисттик-демократиялык партиясынан шайланган депутат Н.Ч.Сулайманов бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөсүз 30 же андан көп жумушчу күнү жок болгондуктан, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду .

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 

басма сөз кызматы