Башкы Жаңылыктар КР БШК өкүлдөрү Грузиядагы шайлоону башкаруу органдарынын 13чү …

КР БШК өкүлдөрү Грузиядагы шайлоону башкаруу органдарынын 13чү жыл сайын өтүүчү жыйынына катышууда

17-Июн, 2026

2026-жылдын 17–18-июнунда Грузиянын Батуми шаарында “Жалган маалымат стратегиялары, жасалма интеллект жана маалыматтык бүтүндүктү камсыздоодогу социалдык тармактардын ролу” аттуу темада шайлоону башкаруу органдарынын 13чү жыйыны өтүүдө.

Иш-чарага ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда. Кыргыз Республикасынан КР БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Үмүт Исакова катышып жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо мезгилинде жалган маалыматтын жайылышы, социалдык тармактардын коомдук пикирге тийгизген таасири, шайлоо процесстеринде жасалма интеллект технологияларын колдонуу, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын шайлоо институттарына болгон ишенимин чыңдоо маселелери талкууланууда.

Форумдун жалган маалыматты саясий чакырык катары кароого арналган экинчи сессиясында КР БШК өкүлдөрү шайлоо учурунда жалган жана такталбаган маалыматтардын жайылышына каршы аракеттенүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын сунушташты. Алар маалыматтык мейкиндикке мониторинг жүргүзүүнүн учурдагы механизмдери, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусу жана санариптик платформалар менен жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Баяндамада санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшү шартында коомчулуктун шайлоо процессине болгон ишенимин сактоо, манипуляциялык мазмундагы контентке каршы алдын алуу чараларын өркүндөтүү жана жасалма интеллектти колдонууга байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындай эл аралык аянтчаларга катышуу ар түрдүү өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууга, эл аралык кызматташууну чыңдоого жана шайлоо процесстеринин ачыктыгын, айкындуулугун жана маалыматтык туруктуулугун камсыздоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт.

Форумду Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясынын (A-WEB) колдоосу менен уюштурууда. Иш-чарага Европа, Азия, Африка, Түндүк жана Латын Америкасынын шайлоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>