КР БШКсы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт

23 июня 2026

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлери!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлору!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайбыз.

Мамлекетке кызмат кылуу – талыкпаган ак ниет жана сапаттуу эмгекти, кесипкөйлүктү жана өз убагында туура чечимдерди кабыл алууну талап кылган ардактуу жана жооптуу милдет.

Сиздер кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, мыйзамдуулукту сактоого, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын чыңдоого жана шайлоо системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келесиздер.

Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө жана калктын бакубат жашоосун камсыз кылууга багытталган ак кызматыңыздар ар дайым жемишин берсин.

Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Кыргызстандын элине кызмат кылуудагы жооптуу ишиңиздерде ийгиликтерди каалайбыз.

КР БШКнын жамааты