КР БШКнын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өтүп, төрага жана анын орун басарлары шайланды
03 июня 2026
Бүгүн, 3-июнда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы өттү.
КР БШКнын жаңы курамынын алгачкы жыйынына Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев жана Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмасбек Абытов катышып, Жогорку Кеңештин токтомун, ошондой эле жаңы шайланган мүчөлөрдү эмгек жамаатына тааныштырды.
Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Мамырова Бөдөш Аманбаевна ачты.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамы 8 мүчөдөн турат.
Ошондой эле аталган конституциялык Мыйзамга ылайык, биринчи жыйналышта төрага жана анын орун басарлары шайлоо тартибинде тандалат.
БШК мүчөлөрүнүн ачык добуш берүүсүнүн натыйжасында Шайназаров Тынчтык Урайимович 8 добуш менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы болуп шайланды.
Ошондой эле Жакышов Русланбек Шергазиевич жана Лурова Лейла Хияновна бир добуштан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлыгына шайланышты.




















