КР БШК төрагасынын орун басары Р. Жакышов системалык администраторлор менен онлайн жыйын өткөрдү
26 июня 2026
Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлору менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессин маалыматтык-техникалык жактан камсыздоо маселелери, маалыматтык системалардын туруктуу иштешин камсыз кылуу, маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоо жана алдыдагы шайлоо кампаниясына даярдык көрүү боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Русланбек Жакышов системалык администраторлордун шайлоо процессин уюштуруудагы жоопкерчиликтүү ролуна токтолуп, техникалык инфраструктуранын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, келип чыккан көйгөйлөргө өз убагында чара көрүү жана белгиленген талаптарды так аткаруу зарылдыгын белгиледи.
