Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
31.03.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 31-мартта өз жыйынында Бишкек, Баткен, Аксы, Токтогул, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асанбеков Жаныбек Асанбековичтин (“Эмгек” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; - Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Бакыт уулу Кыялбектин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орозбаев Абдиманнап Адилбековичке өткөрүлүп берилди; - Аксы районунун Үч-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Тургуналиев Али Тургуналиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Атакеев Ормонбек Абазбековичке өткөрүлүп берилди; - Аксы районунун Ак-Жол айылдык кеңешинин депутаты Барсанаева Гулчакан Меймашевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Коңурбаев Абдыбалы Абдырахмановичке өткөрүлүп берилди; - Кербен шаардык кеңешинин депутаты Дербишов Нуркалый Адишовичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Наркулов Садырмат Айтыкуловичке (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Беделбекова Алымкан Усонгазийевнанын (“Тынчтык” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алашова Инна Сазыковнага (“Тынчтык” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешиндеги бош мандат Үтүров Бакытбек Шакировичке өткөрүлүп берилди; - Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылдык кеңешинин депутаттары Тагайбаев Бейшенали Торобаевичтин жана Шерменбетова Минавар Турдалиевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде токтотулду; - Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылдык кеңешинин депутаты Азимбаева Анаркан Кыдыровнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыгапар уулу Нурбайга өткөрүлүп берилди; - Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Султанказиева Рахат Табышевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сайбекова Айнагуль Амановнага өткөрүлүп берилди; - Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаты Джумаза Есер Вундировичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Вудуян Юсур Щилазовичке өткөрүлүп берилди; - Кочкор районунун Ормон-Хан айылдык кеңешинин депутаты Исраилова Анаркүлдүн ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Калдарова Элина Анарбековнага өткөрүлүп берилди; - Кочкор районунун Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Махмутбекова Нурбурак Шамилбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абыкешова Жылдыз Асамединовнага өткөрүлүп берилди; - Кочкор районунун Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаты Абласова Салтанат Табылдиевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Исмаилова Нурзат Ыбырайымбековнага өткөрүлүп берилди; - Талас районунун Каракол айылдык кеңешинин депутаты Жаналиева Гүлнара Сагынбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Темиралиева Магира Эшенкуловнага өткөрүлүп берилди; - Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаты Абдыраева Асель Нурлановнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дуйшеева Назира Касымбаевнага өткөрүлүп берилди; - Жети-Өгүз районунун Барскоон айылдык кеңешинин депутаты Ниязбек уулу Кубандын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абылбек уулу Чыныбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 31-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
31.03.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 31-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 31-марты Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы     1. Бишкек, Баткен, Аксы, Токтогул, Кара-Кулжа, Чоң-Алай, Чүй, Ысык-Ата, Кочкор, Талас жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Жолдошбеков У.А., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти) 2. “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” маалыматтык тутумунда катталган укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча чараларды көрүү тууралуу (баяндамачы – Кайыпов Ш.Т., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын шайлоо комиссиялары кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту
28.03.2026

Кыргыз Республикасынын жана Беларусь Республикасынын шайлоо комиссиялары кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту

Бүгүн, 28-мартта Минск шаарында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга төрагалар Тынчтык Шайназаров жана Игорь Карпенко тарабынан кол коюлду. Макулдашуу эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган жана бир катар негизги багыттар боюнча системалуу кызматташтыкты камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Тактап айтканда, тараптар шайлоо процесстеринин ачык- айкындуулугун жогорулатуу, заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү, ошондой эле биргелешкен консультация, семинарлар жана окутуу иш-чараларын өткөрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө макулдашышты. Практикалык тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулат: шайлоону каржылоо жана үгүт иштерин жүргүзүү маселелеринен тартып, санариптик чечимдерди колдонуу жана жарандык агартууну жогорулатууга чейин. Кызматташтык тең укуктуулук, өз ара урматтоо жана улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу принциптеринин негизинде жүргүзүлүп, узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзөт. Тараптар бул Макулдашууну ишке ашыруу шайлоо комиссияларынын ортосундагы кызматташууну мындан ары чыңдоого, кесиптик баарлашууну өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасында шайлоо процесстеринин сапатын жогорулатууга, ошондой эле демократиялык институттарды мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жамааты ишембилик өткөрүштү
28.03.2026

КР БШК жамааты ишембилик өткөрүштү

Бүгүн, 28-мартта КР Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча шаардык эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрүштү. Төраганын орун басары Бахадыр Конуровдун жетекчилиги алдында КР БШКнын жамааты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (А. Малдыбаев атындагы) артында жайгашкан «Театральный» багынын бекитилген аймагын, ошондой эле ага жанаша жайгашкан тилкени тазалашты. Жүргүзүлгөн иштердин алкагында аймак тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана пластик калдыктардан тазаланды. Мындай иш-чаралар борбор калаанын тазалыгын сактоодо маанилүү ролду ойнойт жана калк арасында экологиялык маданиятты калыптандырууга өбөлгө түзөт. Белгилей кетсек, Бишкек шаарында көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык 2026-жылдын 14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасына иш сапары менен барды
27.03.2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасына иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Беларусь Республикасынын Минск шаарында иш сапары менен жүрөт. 2026-жылдын 26-мартында Беларусь Республикасынын БШКсы менен Кыргыз Республикасынын БШКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюуга арналган иш сапардын алкагында, Т. Шайназаров Жеңиш монументине гүл коюу аземине катышты. Ошол эле күнү Беларусь Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын жетекчилиги менен жолугушуу өтүп, анын жүрүшүндө КР БШКнын төрагасы Академиянын калк менен иштөө жана шайлоо процесси боюнча борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Жолугушуунун жыйынтыгында студенттердин, саясат таануучулардын жана профилдик борбордун өкүлдөрүнүн катышуусунда «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы: тажрыйба жана өнүгүү» аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Т. Шайназаров Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоо процессинде санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле Жарандык жана санариптик билим берүү борборунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Өзгөчө көңүл шайлоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына бурулуп, программалык камсыздоону модернизациялоо, жарандардын шайлоого катышуу активдүүлүгүн жогорулатуу жана шайлоочулардын укуктук сабаттуулугун кеңейтүү маселелери белгиленди. Бүгүн, 27-мартта, КР БШКнын төрагасы «Зубрёнок» улуттук балдар билим берүү жана ден соолукту чыңдоо борборуна барып, жаш шайлоочулар клубдарынын ишмердүүлүгү менен таанышып, панелдик талкууга катышып, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Эртең, 28-мартта, Минск шаарында Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу пландалууда.
Кененирээк билүү >>
КРСУнун студенттери КР БШКнын ишмердүүлүгү менен таанышты
25.03.2026

КРСУнун студенттери КР БШКнын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери менен тааныштыруу жолугушуусу өткөрүлдү. Иш-чара Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору тарабынан уюштурулуп, анын максаты студенттик жаштардын укуктук жана электоралдык маданиятын жогорулатуу, шайлоо системасы боюнча билимдерин тереңдетүү жана КР БШКнын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштыруу болду. Жолугушууда КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору директору Анара Бейшембаева сөз сүйлөп, жаш муундар үчүн активдүү жарандык позицияны калыптандыруунун жана шайлоо укугу жаатында билим алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Иш-чаранын алкагында студенттерге КР БШКнын түзүмү, функциялары жана шайлоону уюштуруунун заманбап ыкмалары тууралуу маалымат берилип, мекеменин имараты боюнча экскурсия уюштурулду. Ошондой эле “Уңгужол” улуттук доктринасы жана “Кыргыз жараны” концепциясы тууралуу маалымат берилип, алардын жарандык иденттүүлүктү калыптандыруудагы ролу түшүндүрүлдү. Практикалык бөлүктө студенттер үчүн тесттик добуш берүү уюштурулуп, шайлоо процессин моделдөө аркылуу алардын практикалык билимдери бекемделди. Мындан тышкары, аралыктан добуш берүү технологиялары боюнча маалымат берилип, 2025-жылдагы парламенттик шайлоодо 190 миң шайлоочу бул мүмкүнчүлүктү пайдаланганы белгиленди. Шайлоо мыйзамдарын билүү боюнча интеллектуалдык конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында мыкты катышуучулар эстелик белектер менен сыйланышты. Иш-чаранын жыйынтыгында студенттер мындай жолугушууларды пайдалуу деп баалап, жарандык жоопкерчиликти жана шайлоо процессиндеги өз ролун түшүнүүгө өбөлгө түзгөнүн белгилешти. КР БШК менен КРСУнун ортосунда жаштарды укуктук агартуу багытындагы кызматташтык мындан ары да улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун 21-март – Нооруз майрамы менен куттуктоосу
21.03.2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун 21-март – Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Нооруз – жер ойгонуп, табият жаңыланып, көктөмдүн деми сезилген, адамдардын жүрөгүнө үмүт, көңүлүнө шаттык тартуулаган элибиздин байыркы улуу майрамы. Бул майрам илгертеден токчулуктун, кут-берекенин, эмгектин жана ынтымактын символу катары белгиленип келет. Күн менен түндүн теңелишине дал келген ушул майрамда айтылган бардык жакшы тилектер орундалып, кырманыбыз данга, дасторконубуз нанга толсун! Мамлекетибизде тынчтык, элибизде ынтымак, өлкөбүздө өнүгүү болсун!
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясы Орозо айт майрамы менен куттуктайт!
20.03.2026

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Орозо айт майрамы менен куттуктайт!

Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпыңыздарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт! Бүгүнкү Орозо айт – мусулман бир туугандарыбыз үчүн өзгөчө, маанилүү майрамдардын бири. Ыйык Рамазан айы бизди сабырдуулукка, кайрымдуулукка жана бири-бирибизге боорукер болууга чакырды. Бул айда көптөгөн жакшы иштер жасалып, жүрөктөрүбүз тазарып, ниеттерибиз жаңырды. Жакшы ниетте кармаган орозоңуздар, кылган дуба тилектериңиздер кабыл болсун. Орозо айт ар бир үйгө ынтымак, оомат жана бакыт алып келсин. Айтыңыздар маарек болсун!
Кененирээк билүү >>
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
18.03.2026

Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында“Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү”жөнүндө токтом кабыл алды. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Ажибекова Айчурек Акылбековна (“Ынтымак” саясий партиясынан), Топчубаева Гүлмира Мамановна (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды. Комиссиянын курамына резервден Сактанов Тагдырали Тажиевич, Пазылов Кубанычбек Турдубаевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) киргизилди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
18.03.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Майлуу-Суу, Талас, Айтматов, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаты Темирова Гулипа Мамыровнанын (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырзасапарова Тумаркан Алишеровнага (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Талас районунун Беш-Таш айылдык кеңешинин депутаты Байтиков Марат Каныбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; - Айтматов районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаты Качиев Батыркул Эшембековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Сыдыкова Динара Токтогуловнага өткөрүлүп берилди; - Ноокат районунун А. Мирмахмудов айылдык кеңешинин депутаты Мирзахамдамова Наргизахон Миркабиловнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Раймжанова Гүлмирахан Кадырбековнага өткөрүлүп берилди; - Кара-Суу районунун Папан айылдык кеңешинин депутаты Авазова Айгүл Авазовнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Балтабаева Канзадабү Муктаржановнага өткөрүлүп берилди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы У.З. Ормоновду, М.К. Калбердиеваны, Б.К. Чойбековду жана А.Ж. Мурзакимованы КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаттары деп тааныды
18.03.2026

КР БШКсы У.З. Ормоновду, М.К. Калбердиеваны, Б.К. Чойбековду жана А.Ж. Мурзакимованы КР Жогорку Кеӊешинин шайланган депутаттары деп тааныды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 18-марттагы жыйынында Ормонов Улугбек Зулпукаровичке № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Калбердиева Мавлюда Калмаматовнага № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча, Чойбеков Бактыбек Каныбековичке № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча жана Мурзакимова Алтынкуль Жээнбековнага № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарынын бош мандаттарын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды. У.З. Ормонов, М.К. Калбердиева, Б.К. Чойбеков жана А.Ж. Мурзакимова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары болуп катталып, аларга белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белгилер берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 18-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
18.03.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 18-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 18-марты Убактысы: 12:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Майлуу-Суу, Талас, Айтматов, Ноокат жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы) Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту
16.03.2026

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 16-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиеванын ырастамасы жараксыз деп таанылат. Г.И. Жунушалиева № 29 көп мандаттуу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттагына шайланган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 16-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
16.03.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 16-марты Убактысы: 18-00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевнанын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту
15.03.2026

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктарын токтотту

Бүгүн, 15-марттагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.   КР Жогорку Кеңешинин депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат. Н.А. Азыгалиев №17 көп мандаттуу шайлоо округунан КР Жогорку Кеңешинин депутаттагына шайланган.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 15-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15.03.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 15-мартындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 15-марты Убактысы: 14-00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Азыгалиев Нурланбек Асанбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Берикбаева К.К., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы)
Кененирээк билүү >>
1 8 10 481