Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук
комиссиясынын
2026-жылдын 25-сентябрдагы
№111 токтому менен бекитилген
Маалыматтык шайлоо тутумун пайдалануу тартиби жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Маалыматтык шайлоо тутумун (мындан ары – МШТ) пайдалануу тартибин жана жол-жобосун аныктайт, шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде МШТны пайдаланууда, МШТны эксплуатациялоодо жана өнүктүрүүдө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамдары, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана маалыматташтыруу жана мамлекеттик органдардын маалыматынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) МШТны пайдалануу, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылары МШТны пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана өнүктүрүүнүн укуктук негизи болуп саналат.
2. МШТ пайдалануунун, эксплуатациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги максаттары жана принциптери
3. МШТ төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүүдө комиссиялардын ишмердигинин айкындуулугун;
- шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын Кыргыз Республикасынын шайлоолорунун жана референдумдарынын жүрүшү жана натыйжалары тууралуу ыкчам кабарландырууну;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо мыйзамдарына ылайык бул процесстерге кийлигишүү укугу жок башка адамдардын жана уюмдардын МШТнын маалыматтык процесстерине кийлигишүүсүнө жол берилбестигин;
- шайлоолорду жана референдумдарды даярдоодо жана өткөрүүдө МШТны милдеттүү түрдө колдонууну, бул максаттар үчүн МШТнын ордуна жана андан тышкары башка автоматташтырылган тутумдарды жана маалыматтык технологияларды пайдаланууга жол берилбестигин;
- Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык МШТнын маалыматтык ресурстарында камтылган маалыматтын ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү менен айкалышта МШТдагы маалыматтын коопсуздугун камсыз кылууну;
- МШТны пайдалануу менен алынган маалыматтын аныктыгын камсыз кылууну;
- шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө МШТны колдонбогон башка маалыматтык тутумдарга жана байланыш тармактарына МШТны туташтырууга жана пайдаланууга жол берилбестигин;
4. МШТ тарабынан колдонулуучу маалыматтык тутумдарга төмөнкүлөр кирет:
- Онлайн форматта идентификациялоо маалыматтык тутуму (ОИМТ);
- Шайлоо жабдууларын байкоо маалыматтык тутуму (ШЖБМТ);
- Кол менен саноонун сканерленген протоколдорун чагылдыруу маалыматтык тутуму (КССПЧМТ).
3. МШТнын түзүмү
5. МШТнын түзүмү шайлоо комиссияларынын тутумуна шайкеш келет.
6. МШТнын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси (МШТнын сервери);
- МШТнын программалык камсыздоосу;
- АЭУ комплекси;
- принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ);
- маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине өткөрүп берүү каражаттары (VPN колдоосу бар модем);
7. МШТнын курамын өзгөртүү (толуктоо, модернизациялоо же айрым бөлүктөрүн, элементтерин алмаштыруу жана башка өзгөртүүлөр) МКТБнын сунушу боюнча, МШТнын бүтүндүгүн, коопсуздугун жана иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоо шартында жүзөгө ашырылат.
§ 1. МШТнын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси
8. МШТнын автоматташтыруу каражаттарынын комплексинин курамына төмөнкүлөр кирет:
- катышуу боюнча жана шайлоолордун жана референдумдардын натыйжалары жөнүндөгү маалыматты чогултуу, сактоо, өткөрүп берүү жана чагылдыруу функцияларын аткарган МШТнын программалык камсыздоосу;
- маалыматтарды АЭУдан Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине өткөрүп берүү үчүн корголгон байланыш каналдары;
- сервердик жабдуулар, МШТнын программалык камсыздоосун жайгаштыруу (орнотуу) жана иштетүү, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн жабдуулардын комплекси.
9. МШТны уюштуруучулук, техникалык, маалыматтык, методикалык жана башка камсыздоону МКТБ жүзөгө ашырат.
10. МШТнын маалыматтык коопсуздугун МКТБ камсыз кылат.
§ 2. АШКдагы МШТнын программалык камсыздоосу
11. АШКдагы МШТнын программалык камсыздоосу:
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо талапкерлер жана саясий партиялар боюнча маалыматтарды;
- жарандардын добуш берүүгө катышуусу (катышуу) тууралуу маалыматтарды;
- добуштарды кол менен саноонун маалыматтарын киргизүү үчүн колдонулат.
12. АШКдагы МШТнын программалык камсыздоосун колдонууга тиешелүү АШКнын системалык администратору жооптуу болуп саналат.
13. АШКдагы МШТнын маалыматтык коопсуздугу тиешелүү АШКнын системалык администратору тарабынан камсыз кылынат.
14. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү маалында АШКнын системалык администратору Регламенттин талаптарын так сактоого жана анын нускамаларын аткарууга милдеттүү.
15. АШКнын системалык администраторуна:
- МШТнын программалык камсыздоосуна кирүү үчүн маалыматтарды;
- МШТнын программалык камсыздоосу жайгашкан жайга кирүү укугун башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.
§ 3. УШКнын шайлоо жабдууларынын комплекси
16. УШКнын автоматташтыруу каражаттарынын комплекси төмөнкүлөрдөн турат:
1) АЭУдан – негизги жана резервдик;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине маалыматтарды берүү каражаттары;
3) үзгүлтүксүз электр кубатын камсыздоо каражаттары;
4) принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр (ПИТ).
17. УШКдагы шайлоо жабдууларынын иштөө тартиби үчүн тиешелүү УШКнын төрагасы жана АЭУ жана АЭУ операторлору жооптуу болуп саналат.
18. Тиешелүү УШКнын төрагасы жана АЭУ операторлору тестирлөө күнү жана добуш берүүнү өткөрүү күнү АЭУну инициализациялоо үчүн биргелешкен кирүү ачкычына ээ болушат.
19. АЭУ оператору тиешелүү УШКнын төрагасынын түздөн-түз карамагында турат жана ал ушул участокко бекитилген учурдан тартып шайлоолордун жана референдумдардын натыйжалары аныкталганга чейин төрагага отчёт берип турат.
20. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү маалында АЭУнун иштеши үчүн жооптуулар Регламенттин талаптарын так сактоого жана анын нускамаларын аткарууга милдеттүү.
21. АЭУ операторуна:
- шайлоо жабдууларына кирүү үчүн;
- шайлоо жабдууларын баптоо боюнча маалыматтарды башка адамдарга берүүгө тыюу салынат.
4. МШТны пайдалануу
22. МШТ шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде маалыматтык процесстерди ишке ашырууга арналган.
23. МШТда шайлоочулардын катышуусу жөнүндө маалыматтарды, АЭУ аркылуу алынган добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жана добуштарды кол менен саноонун негизинде добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктарын чогултуу, топтоштуруу жана чагылдыруу жүргүзүлөт.
24. МШТ:
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону;
- референдумду өткөрүүдө колдонулат.
25. АЭУ аркылуу МШТдан алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтар алдын ала маалымат болуп саналат.
АЭУ аркылуу МШТдан алынган аралыктан добуш берүү участоктору боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары юридикалык күчкө ээ.
26. МШТны пайдалануу менен добуш берүүнү даярдоо жана өткөрүү тартиби өз ичине төмөнкү этаптарды камтыйт:
- МШТда өнөктүктү даярдоо;
- добуш берүүнү баштоо;
- добуш берүүнү өткөрүү;
- добуш берүүнү аяктоо;
- добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу.
§ 1. МШТда өнөктүктү даярдоо
27. МШТда шайлоо өнөктүгү шайлоо күнү дайындалгандан кийин МШТБжШТИБнын кызматкерлери тарабынан түзүлөт. Өнөктүктү түзүүдө төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- шайлоолордун тиби (Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор, референдум);
- шайлоо өнөктүгүнүн аталышы;
- добуш берүүнүн датасы жана убактысы.
28. МШТБжШТИБнын кызматкери тарабынан тиешелүү шайлоо өнөктүгү түзүлгөндөн кийин МШТга төмөнкү маалыматтар киргизилет:
- шайлоочулар боюнча статистика;
- шайлоо округдары;
- ошол өнөктүктүн шайлоо участоктору;
- катышууну чагылдыруу убактысы;
- өнөктүк боюнча маалыматтарды жарыялоо датасы.
Андан тышкары МШТга төмөнкү маалыматтар да киргизилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө:
- талапкерлер боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө:
- талапкерлер боюнча;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө:
- айылдык кеңештер үчүн – талапкерлер боюнча;
- шаардык кеңештер үчүн – саясий партиялар жана партиялык тизмелер боюнча;
- референдум өткөрүүдө:
- референдумга чыгарылган маселелер боюнча.
29. Өнөктүктү түзүүнүн жыйынтыгы боюнча ар бир УШК боюнча АЭУнун/ПИТтин конфигурациялык файлдары даярдалат.
АЭУга/ПИТке кирүү ачкычтары тиешелүү УШКлардын төрагаларына берилет.
АЭУга кирүү ачкычы МШТда генерацияланат.
ПИТке кирүү ачкычы ОИМТда генерацияланат.
30. Тиешелүү АШКнын системалык администратору добуш берүү күнүнө чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбестен тутумга төмөнкү маалыматтарды киргизет:
- шайлоо участоктору, округдары жөнүндө маалыматты;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер жана саясий партиялар боюнча маалыматтарды;
- АШК жөнүндө маалыматтарды;
- АШКнын байланыш маалыматтарын;
- АШКнын курамы жөнүндө маалыматты;
- шайлоо участокторунун номерлерин;
- тиешелүү АШКнын курамына кирген бардык УШКлардын даректерин;
- ар бир УШК боюнча төрага жана катчы жөнүндө маалыматты.
31. Шайлоолорго жана референдумдарга даярдык көрүү мезгилинде МШТны тестирлөө жүргүзүлөт.
§ 2. Добуш берүүнү баштоо
32. Шайлоо күнү, добуш берүү башталар алдында, АЭУ оператору төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзөт:
- АЭУну текшерүүнү жүргүзөт, аны кубаттоо тармагына туташтырат;
- кирүү ачкычынын жардамы менен АСУну инициализациялайт;
- тиешелүү шайлоо участогунун номерин, добуш берүү датасын жана убактысын киргизет;
- АЭУнун мониторунда баштапкы (нөлдүк) отчётту басып чыгаруу функциясын тандайт, анда иштелип чыккан бюллетендердин саны жана ар бир талапкер тарабынан топтолгон шайлоочулардын добуштарынын саны “нөл” маанисине ээ болушу керек. Бул отчёт зарыл санда басып чыгарылып, мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана УШКнын төрагасына, мүчөлөрүнө, УШКнын жайында турган байкоочуларга жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилет.
§ 3. Добуш берүүнү өткөрүү
33. Добуш берүү 37, 38-пункттарда көрсөтүлгөн учурду кошпогондо, АЭУну пайдалануу менен гана жүргүзүлөт.
34. Шайлоо өткөрүлгөн күнү, добуш берүү аяктаганга чейин, АЭУ маалыматтарды берүү тармагына туташтырылбашы керек.
35. Шайлоочулардын катышуусун чагылдыруу боюнча убакыт аралыгы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен аныкталат, катышуу тууралуу маалыматтар шайлоочуларды идентификациялоо тутумунан автоматтык режимде онлайн форматта идентификациялоодон өткөндөрдүн саны боюнча аныкталат.
36. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү маалында же шайлоочуларды офлайн форматта идентификациялоодо:
- идентификациялоо оператору ПИТтин мониторунан идентификациялоодон өткөндөрдүн саны тууралуу маалыматтарды каттап, тиешелүү АШКнын жооптуу мүчөсүнө берет;
- тиешелүү АШКнын системалык администратору ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтарды киргизет.
37. Шайлоо өткөрүлгөн күнү шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилген график боюнча МШТнын сайтында чагылдырылат.
38. Шайлоо күнү АЭУ бузулган учурда АЭУ оператору дароо Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобунун адистерине кайрылат. Эгерде текшерүүнүн натыйжалары боюнча АЭУнун иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо, добуш берүү резервдик АЭУну пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Бул учурда УШК акт түзөт, ага бардык катышып отурган УШК мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү кол тамга коюшат.
39. Резервдик АЭУ иштөө жөндөмдүүлүгүн жоготкон учурда добуш берүү добуш берүү үчүн стационардык (ачык-айкын) үкөктүн негизинде жүзөгө ашырылат. Бул учурда УШК акт түзөт, ага бардык катышып отурган УШК мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү кол тамга коюшат.
АЭУнун ар бир бузулган учуру тууралуу УШКнын төрагалары Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобуна ыкчам кабарлоого милдеттүү.
Эгерде резервдик АЭУ орнотулганга чейин участокто добуш берүү үчүн стационардык (ачык-айкын) үкөк колдонулса, анда добуш берүү аяктагандан кийин добуш берүү үчүн стационардык (ачык-айкын) үкөктө турган шайлоо бюллетендери алынат да, байкоочулардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда иштеп жаткан АЭУ аркылуу өткөрүлөт.
Бузулуунун натыйжасында алмаштырылган АЭУлардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда аларды добуш берүү аяктагандан кийин жыйынтык отчётту түзүү үчүн пайдаланууга жол берилет. Бул учурда акт түзүлөт, ага бардык катышып отурган УШК мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү кол коюшат.
§ 4. Добуш берүүнү аяктоо
40. Добуш берүү аяктагандан кийин АЭУ операторуна төмөнкүлөр зарыл:
- АЭУнун мониторунда добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө АЭУнун отчётун басып чыгаруу функциясын тандоо зарыл, анда иштелип чыккан бюллетендердин саны жана ар бир талапкер же саясий партия тарабынан топтолгон шайлоочулардын добуштарынын жалпы саны көрсөтүлөт. Бул отчёт зарыл санда басып чыгарылып, мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана УШКнын төрагасына жана мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө берилет;
- АЭУ корголгон байланыш каналына туташтырылат, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине берилет.
41. Шайлоо участогунда байланыш болбогон учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине маалыматтарды берүү ОШК/АШК тарабынан аныкталган жакын жайгашкан шайлоо комиссиясында жүзөгө ашырылат. Добуш берүү аяктагандан жана АЭУдан алынган маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлгөндөн кийин автоматтык режимде АЭУдан алынган алдын ала маалыматтар МШТнын сайтында чагылдырылат.
42. Шайлоо бюллетендерин кол менен саноо аяктагандан кийин УШК мүчөлөрү тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт, ал дароо тиешелүү ОШКга/АШКга өткөрүлүп берилет.
§ 5. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу
43. УШКнын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколу туура түзүлгөндүгү ОШК/АШК тарабынан алдын ала текшерилгенден кийин МШТга киргизүү үчүн УШКнын төрагасы жана катчысы тарабынан АШКнын системалык администраторуна өткөрүлүп берилет.
44. УШКнын протоколдорундагы маалыматтар тиешелүү УШКнын төрагасынын жана ОШКнын/АШКнын жооптуу мүчөсүнүн катышуусунда тиешелүү АШКнын системалык администратору тарабынан МШТга киргизилет.
45. Эгерде протоколдогу маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тартипке ылайык контролдук катыштарга дал келбесе, анда МШТга киргизүүдө тутум протоколду сактабайт жана протоколдун тиешелүү сабында (саптарында) жол берилген катанын мазмуну камтылган билдирүүнү берет. Бул учурда системалык администратор бул протоколду кайра текшерүү үчүн ОШКга/АШКга кайтарат.
46. Протоколду тутумга кайра киргизүү ОШКнын/АШКнын жол берилген ката жөнүндө акт жана/же тиешелүү УШКлардын кызматкерлеринин түшүнүк каттары тиркелген кайрылуусунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин гана жүргүзүлөт.
47. Протокол тутумга киргизилгенден кийин тутумга киргизилген кагаз алып жүрүүчүдөгү протоколдун түп нускасындагы маалыматтарга дал келиши керек болгон маалыматтарды контролдук басып чыгаруу жүргүзүлөт.
48. Маалыматтарды контролдук басып чыгаруу 3 нускада жүргүзүлөт жана ар бир нускасы, МШТга киргизүү датасы жана убактысы көрсөтүлүп, тиешелүү АШКнын системалык администраторунун, ОШКнын/АШКнын жооптуу мүчөсүнүн жана УШКнын төрагасынын кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт.
49. Контролдук басып чыгаруунун бир нускасы АШКнын системалык администраторунда калат, экинчи нускасы УШКнын төрагасына өткөрүп берилет, үчүнчү нускасы протоколдун түп нускасына тиркелип, тиешелүү ОШКга/АШКга өткөрүп берилет.
50. Аралыктан добуш берүүнүн жыйынды электрондук протоколу МШТдан жүктөп алынып, ОШКга/АШКга өткөрүп берилет. Жыйынды электрондук протоколдун формасы Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет.
51. МШТда тиешелүү шайлоо участоктору боюнча киргизилген ар бир протоколдогу маалыматтар чагылдырылат.
52. Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө жыйынды протоколду жана жыйынды таблицаны түзүү тартиби:
- бардык УШКлар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор МШТга киргизилгенден кийин АШКнын системалык администратору тиешелүү ОШК/АШК боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана жыйынды таблицанын контролдук нускасын басып чыгарат;
- тутумдан басып чыгарылган протоколдун жана жыйынды таблицанын контролдук нускасы тиешелүү ОШК/АШК боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун жана жыйынды таблицанын түп нускасына тиркелет.
53. АЭУдан алынган добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат добуш берүү аяктагандан кийин МШТнын сайтында автоматтык түрдө чагылдырылат.
54. Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечимдер кабыл алынгандан кийин кол менен саноонун жыйынтыктарын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырат.
5. Тестирлөө
55. МШТны тестирлөө – бүткүл МШТ комплексинин иштөө жөндөмдүүлүгүн текшерүү процесси.
56. Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрөр алдында, шайлоого даярдык көрүү этабында, алдыдагы шайлоолордун жана референдумдардын шайлоо өнөктүгү боюнча МШТны милдеттүү тестирлөө жүргүзүлөт.
57. Зарыл болгон учурда өнөктүктүн талап кылынган түрү боюнча МШТны тестирлөө шайлоолордун аралыгында жүргүзүлөт.
58. Тестирлөөнүн алдында МКТБнын тестирлөө планы иштелип чыгып, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан бекитилет, анда тестирлөөнү өткөрүү мөөнөттөрү жана этаптары көрсөтүлөт.
59. Тестирлөөнү өткөрүүдө тесттик өнөктүк түзүлөт.
60. Өткөрүлгөн тестирлөөнүн натыйжалары боюнча МКТБнын тестирлөөнүн натыйжалары жөнүндө отчёту түзүлөт.
61. Өткөрүлгөн тестирлөөнүн натыйжалары боюнча кемчиликтер айкындалган учурда аларды жоюу боюнча иш жүзөгө ашырылат. Айкындалган кемчиликтер жоюлгандан кийин кайра тестирлөө жүргүзүлөт.
62. Тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча жана тесттик маалыматтар ПТКжМКБнын кызматкери тарабынан МШТнын маалыматтар базасынан өчүрүлгөндөн кийин бул өнөктүк шайлоолордун жана референдумдардын негизги өнөктүгүнүн режимине өтөт.
6. МШТга кирүү
63. МШТга кирүү укугу төмөнкүлөргө берилет:
- МКТБнын кызматкерлерине – жаңы өнөктүктү түзүү, түзүлгөн өнөктүктөр боюнча маалыматтарды киргизүү, УШКнын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколундагы маалыматтарды киргизүү, техникалык коштоо, киберкоопсуздукту камсыздоо үчүн;
- АШКнын системалык администраторлоруна – талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын катышуусу тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн жана УШКнын протоколундагы маалыматтарды киргизүү үчүн;
- УШКдагы АЭУ операторлоруна – тестирлөө жана АЭУну тейлөөнүн алкагында добуш берүү күнү иштөө үчүн;
- колдонуучуларга – МШТнын сайты аркылуу шайлоо өнөктүгү, шайлоочулардын катышуусу жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматты көрүү үчүн.
64. Каттоо жана кирүү укугун берүү жол-жобосу Регламентте чагылдырылат.
65. 63-пунктту кошпогондо, башка кызматкерлерге жана башка максаттарда МШТга кирүүгө тыюу салынат. Бул пункт бузулганда кызматтык иликтөө демилгеленет. Инициализациялоо жана кызматтык иликтөө жүргүзүү жол-жобосу Регламентте чагылдырылат.
66. 65-пунктта көрсөтүлгөн бузуулар фактылары тууралуу 24 сааттын ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги жана мүчөлөрү кабарландырылат.
7. Маалыматтык коопсуздук
67. МШТда маалыматтык коопсуздук уюштуруучулук жана техникалык коргоо чараларын колдонуу аркылуу, ошондой эле МШТнын пайдаланылышын көзөмөлдөө аркылуу камсыздалат.
68. Негизги коргоо чаралары болуп төмөнкүлөр саналат:
- МШТга санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу;
- МШТдагы маалыматтын аныктыгын жана бүтүндүгүн камсыздоо;
- маалыматтарды берүү үчүн корголгон байланыш каналдарын пайдалануу;
- шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү алдында МШТнын даярдыгын атайын ар тараптан текшерүү;
- маалыматтык коопсуздук саясатын туруктуу өркүндөтүү;
- маалыматтык коопсуздук саясатын, анын регламенттерин жана нускамаларын сактоо;
- автоматташтыруу каражаттарынын комплекстеринин сакталышын жана иштөө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
- маалыматтык коопсуздук жаатында МШТны өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча иштерди туруктуу жүргүзүү;
- ыйгарым укуктуу кызматкерлерди даярдоо, МШТны эксплуатациялоо укугу жөнүндө сертификаттарды берүү;
- МШТны пайдалануу жана эксплуатациялоо эрежелерин бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөө.
8. Жоопкерчилик
69. Борбордук шайлоо комиссиясынын, ошондой эле тиешелүү ОШК, АШК жана УШКлардын жооптуу кызматкерлери ушул Жобонун ченемдерин бекем сактоого милдеттүү. Ушул Жобонун ченемдерин бузгандыгы үчүн көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
9. МШТны өнүктүрүү
70. МШТнын мүнөздөмөлөрүн жакшыртуу, анын функцияларын өнүктүрүү максатында МШТны модернизациялоо боюнча иш туруктуу жүргүзүлөт.
71. МШТны модернизациялоо МШТны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана шайлоо процессинин жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга коомчулуктун көзөмөлүн күчөтүүгө багытталган.
72. Модернизациялоо жана өнүктүрүү багыттарын аныктоо үчүн МШТны өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет.
Кыскартуулар:
- Борбордук шайлоо комиссиясы – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы;
- МКТБ – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгы;
- ПТКжМКБ – программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмү;
- МШТБжШТИБ – маалыматтык шайлоо тутумун башкаруу жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө бөлүмү;
- ШЖЭБ – шайлоо жабдууларын эксплуатациялоо бөлүмү;
- МШТ – маалыматтык шайлоо тутуму;
- ОИМТ – онлайн форматта идентификациялоо маалыматтык тутуму;
- ШЖБМТ – шайлоо жабдууларын байкоо маалыматтык тутуму;
- АЭУ – автоматтык эсептөөчү урна;
- ПИТ – принтери бар идентификациялоочу түзүлүш;
- ОШК – округдук шайлоо комиссиясы;
- АШК – аймактык шайлоо комиссиясы;
- УШК – участкалык шайлоо комиссиясы;
- Регламент – Маалыматтык шайлоо тутумун пайдалануу боюнча регламент.