Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору «Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана …

«Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө» НУСКАМА

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумундагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө ЖОБО - Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Референдумдарын, Президентти, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу документтерди архивдерге өткөрү Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлердин саясый партиялардын шайлоо фонддорунун акча каражаттарын түзүүнүн, алардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуунун тартиби жөнүндө Жобо Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү тутуму жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын «Тизме»  мамлекеттик порталы жѳнүндѳ ЖОБО Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү жана тактоо боюнча БШК КР Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө ЖОБО жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жана референдум документтерин жеткирүү, өткөрүп берүү жана кабыл алуу учурунда аларды санкцияланбаган жеткиликтүүлүктөн коргоону камсыз кылуу тартиби жөнүндө жобо Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларга маалымдоо жана маалыматтарды таратуу жөнүндө ЖОБО - Депутаттыкка талапкерлерди тизмеден чыгаруу, шаардык кеңештердин депутаттыгына ... Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына,аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акчакаражаттары боюнча финансылоо, эсепжүргүзүү жана отчеттуулуктартиби жөнүндө жобо «Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топ жѳнүндѳ» Жобо Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча катталган саясий партиялардын ортосунда чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Нускама Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн КОЛДОНМО «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын аныктоону уюштуруунун тартиби жөнүндө» Жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы системдик администратору жөнүндө Жобо «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө»  ЖОБО Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жѳнүндѳ НУСКАМА ИНСТРУКЦИЯ о порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики ПОЛОЖЕНИЕ «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств фондов референдума (групп «за» игрупп «против»)» - Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн КОЛДОНМО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун УСТАВЫ Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдумду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча аракеттеринин алгоритми Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процесстеринде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке кирг “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө” Жобо Пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Пилоттук режимде аралыкта добуш берүүнүн тартиби жѳнүндѳ УБАКТЫЛУУ ЖОБО Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоолордо жана референдум өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлердин жана саясий партиялардын  өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө ЖОБО Шайлоо бюллетендерин жана добуш берүү бюллетендерин басып чыгаруу, эсепке алуу жана сактоо тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА Чет өлкөдөгү жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан укук бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тартиби тууралуу ЖОБО “Шайлоочунун кабинети” сервиси жөнүндө ЖОБО Шайлоочулардын “Тизме” мамлекеттик порталы жөнүндө ЖОБО Шайлоо маалыматтык тутумун пайдалануунун тартиби жөнүндө ЖОБО Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына, округдук/аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиб Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жөнүндө ЖОБО Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө НУСКАМА Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо тартиби жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2017-жылдын 11-сентябрындагы

№437 токтому менен бекитилген

 

Мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө

(КР БШКнын 2020-жылдын 26-июнундагы № 119 токтомунун редакциясына ылайык)

НУСКАМА

1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүүнүн жол-жобосун жөнгө салат.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү датасын, убактысын жана ордун өз алдынча аныктайт.

Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктаганда, бирок добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күндѳн кеч эмес, ал эми кайталап добуш берүүнү ѳткѳрүүдѳ – кайталап добуш берүү дайындалган күндѳн тартып бир күндѳн кеч эмес ѳткѳрүлѳт.

3. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга караштуу мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттен финансыланган жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет-басылмалар, ошондой эле башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча жеңилдиктерге ээ болгон жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга милдеттүү.

4. Катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялар өздөрүнө мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысы жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянты берилишине укуктуу. Көрсөтүлгөн эфир убактысы теле- жана радиопрограммалар алда канча көп аудиторияны чогулткан –20.00дөн 24-00 саатка чейинки мезгилге туура келүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына кѳрсѳтүүнү ишке ашырган телерадио уюмдарынын каналдарында ѳткѳрүлгѳн кошмо үгүт иш-чараларында (дебаттарда жана башка ошого окшош иш-чараларда) катталган талапкерлердин, анын ичинде саясий партиялардын катталган тизмесиндеги талапкерлердин ѳздѳрү гана катышууга тийиш.

Катталган талапкердин же саясий партиянын ѳкүлдѳрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чарага катышуусуна жол берилбейт.

Кошмо үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей койгондо башка учурга эфирдик убакыт берилбейт.

6. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулакты өткөрүү күнүнө чейин үч календардык күндөн кечиктирбестен катталган талапкерлерге, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга чүчүкулакты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт жана акысыз эфир убактысын жана басма аянтын алуу үчүн чүчүкулакка катышууга алардан келип түшкөн арыздарды каттайт.

7. Чүчүкулакты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин катталган талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар чүчүкулакты өткөрүү күнүнө чейин бир календардык күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясына чүчүкулакка катышуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды жөнөтүүгө тийиш. Чүчүкулакка талапкерлер, саясий партиялар Борбордук шайлоо комиссиясына арызды берген датасына жана убактысына жараша кезек боюнча киргизилет.

8. Чүчүкулакка төмөнкүлөр катышат:

- катталган талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;

- жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү.

Чүчүкулакты өткөрүүдѳ байкоочулар катары коомдук, анын ичинде эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катыша алат.

9. Чүчүкулак ар бир телерадио уюм жана басылма боюнча өз-өзүнчө өткөрүлөт.

10. Мезгилдүү басылмалардагы басма аянт беттерде жайгашкан орду боюнча жана газета чыгуучу дата боюнча чүчүкулак аркылуу бөлүштүрүлөт. Телерадио уюмдардын каналдарындагы эфир убактысы эфирге чыгуу датасы, убактысы жана шайлоо алдындагы үгүттүн түрлөрү боюнча (жеке сөз сүйлөө, дебаттар жана «тегерек столдор») чүчүкулак аркылуу ар бир телерадио уюм боюнча өз-өзүнчө бөлүштүрүлөт.

11. Чүчүкулакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин ичинен беш адамдан турган Чүчүкулак боюнча топ түзүлөт.

12. Чүчүкулакты өткөрүү үчүн Чүчүкулак боюнча топ катталган талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын саны боюнча бирдей, номер коюлган шарларды даярдайт, алар эркин формадагы тунук эмес сыйымдуулукка жайгаштырылат. Катталган талапкерлер же катталган талапкерлердин, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү номер коюлган шарларды кезек-кезеги менен алып чыгат.

13. Алынып чыккан шарлардын номерлерине ылайык акысыз эфир убактысын жана акысыз басма аянтын берүүнүн тиркемеге (№ 1 тиркеме) ылайык Графиги түзүлөт.

14. Чүчүкулактын учурунда катталган талапкердин ФАЖ же катталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ФАЖ, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын аталышы, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн, чүчүкулакка катышкан саясий партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ФАЖ, кезектүүлүк аныкталуучу позиция (жеке сөз сүйлөө, дебаттар, «тегерек стол», басылмалардын беттериндеги материалдарды жайгаштыруу орду) жана алынып чыккан шардын номери жарыя кылынат. Чүчүкулактын натыйжалары протокол менен жол-жоблоштурулат. Маалыматтар тиркемеге (№2 тиркеме) ылайык Чүчүкулакты өткөрүү протоколуна киргизилет.

15. Эфир убактысын, басма аянтты бөлүштүрүү боюнча чүчүкулактын протоколуна тиешелүү телерадио уюмдардын жана басылмалардын катышып олтурган өкүлдөрү, ошондой эле катталган талапкерлер же катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коет.

16.Чүчүкулактын натыйжасында белгиленген эфирдик убакытты бѳлүштүрүү графиги Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына, тийиштүү түрдѳ мамлекеттик мезгилдүү басма сѳз басылмасында жарыяланат.

17. Талапкерлер же саясий партиялар пайдаланбагандыгына байланыштуу бошогон акысыз эфир убактысы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы басма аянты тиешелүү телерадио уюмдары жана мезгилдүү басма сѳз басылмалары менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан пайдаланылат.