Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырманын презентациясы болуп өттү
20.07.2011

Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырманын презентациясы болуп өттү

2011 –жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, БШКнын аппаратынын, КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн, Мамкаттоо кызматынын, Социалдык Фонддун, ИИМдин, IT  Улуттук Борборунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу боюнча техникалык тапшырманын презентациясы болуп өттү. Аталган техникалык тапшырма ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду колдоо боюнча “Демократиялык башкаруу”долбоорунун алкагында аткарылган. КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары Сабырбек Байназаров белгилегендей, аталган иш КР Президенти РОза Отунбаеванын тапшыруусу боюнча2011-жылдын апрелинен тарта башталган. Презентациянын катышуучуларына кайрылган КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов өз сөзүндө жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, “шайлоо дареги” (шайлоочунун туруктуу жашабаган, бирок добуш берүүнү каалаган дареги) системасы кийирилгенин маалымдап, алдыдагы шайлоону даярдап өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин тактоо процессинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. КР Президентинин Аппаратынын жүргүзгөн иштерин белгилөө менен Т. Абдраимов бул багытта биргелешкен кызматташтык улантыла берээрине ишенимин билдирди. Техникалык тапшырманын презентациясынан кийин аткаруучулар катышуучулардын суроолоруна жооп беришип, шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана кийирүү боюнча пикир алмашуулар жүрдү. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстан коммунисттеринин партиясы КР Президентинин кызматына өз лидери И. А. Масалиевди көрсөттү.
19.07.2011

Кыргызстан коммунисттеринин партиясы КР Президентинин кызматына өз лидери И. А. Масалиевди көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин тизмеси дагы бир талапкердин ысмы менен толукталды – 2011 –жылдын 19 –июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына Кыргызстандын коммунисттеринин партиясынан талапкер көрсөтүлгөндүгү туурасында протокол келип түштү. Партия Президенттин кызматына Борбордук Комитеттин төрагасы, 1960 –жылы туулган Исхак Масалиевди көрсөттү. Биз мурда билдиргендей, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына өзүн өзү көрсөткөндөр Барктабас Аземкуловдон, Игорь Трофимовдон, Тургунбек Нарикеевден, Жылдызбек Стамбаевден жана Курманбек Осмоновдон жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 саясый партиядан арыз келип түшкөн. “Ата –Журт” партиясы президентикке Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” Адахан Мадумаровду, “Кыргызстандын жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди, “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2011 –жылдын 16 –августунда аяктайт. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30 – октябрына белгиленген.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо  комиссияларын түзүүгө киришти
19.07.2011

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларын түзүүгө киришти

Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйналышында, бүгүн 19 –июль күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлер Курманбек Осмоновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Түгөлбай Казаков, Нурадил Касымов, Али Касымов, Кайрат Загибаев, Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Бекибай Мамытов, Исхак Масалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү –Лариса Старостина жана Таалайбек Галиев катталышты.             Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды кабардар кылуу маселелери боюнча Жумушчу топ жөнүндө» Жобону бекитишти.             Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиянын токтому менен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди тандап алуу үчүн чүчү кулак кармашууну өткөрүү боюнча Комиссия түзүлдү. Муну менен Боршайком аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүүгө киришти. Республика боюнча бардыгы болуп 5ң аймактык шайлоо комиссиялары түзүлөт. Белгилүү болгондой, аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15 –июлунда аяктаган. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, аймактык шайлоо комиссияларын түзүү ушул жылдын 25-июлунда аяктайт. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өз талапкерлерин 24 саясый партиялар көрсөтүштү.  «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, өлкөнүн шайлоо системасы – участкалык шайлоо комиссиялары (УШК), аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) болуп, үч деңгээлдүү эсептелет.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дагы 2 талапкерден арыз түштү
18.07.2011

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дагы 2 талапкерден арыз түштү

2011 –жылдын 18 – июль күнү Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер болуу ниеттерин билдирген арыз менен өзүн өзү көрсөткөн эки адам кайрылышты.Алар: -  Тургунбек Нарикеев, 1961 – жылы туулган, убактылуу иштебейт; -  Жылдызбек Стамбаев, 1971 –жылы туулган, убактылуу иштебейт.      Мурда маалымдагандай, буга чейин Боршайкомго Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндөгү протоколдор 4 саясый партиядан келип түшкөн. “Ата –Журт” партиясы президентикке Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Адахан Мадумаровду, “Кыргызстандын жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди жана “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүшкөн. Мындан тышкары БШК га өзүн өзү көрсөтүшкөн 2 адам – Барктабас Аземкуловдон жана Сергей Трофимовдон арыз келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2011  -жылдын 16 –августунда аяктайт.      Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы        
Кененирээк билүү >>
КР Боршайкомуна аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө 22 саясый партиядан арыз түштү
17.07.2011

КР Боршайкомуна аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө 22 саясый партиядан арыз түштү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын курамына  өз талапкерлерин көрсөтүү жөнүндө тийиштүү документтерин 22 саясый партиялар тапшырышты. Бул сан дагы өзгөрүшү ыктымал, анткени Боршайкомго жергиликтүү кеңештерден да маалыматтар түшүүдө, саясый партиялар ал жакка көрсөтүлүп жаткан башка субъектилер менен катар өзүлөрүнүн талапкерлеринин да тизмесин берүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча республиканын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгылган негизги иш-чаралардын Календарлык планына ылайык, шайлоо комиссияларын түзүү процесси 2011-жылдын 25 –июлунда аяктайт. Саясый партиялардан, коомдук уюмдардан, шайлоочулардын жыйналыштарынан өкүлдөрдү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүү 2011-жыл 1-июль - Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнү  расмий жарыялангандан тарта башталган. Талапкерлерди аймактык шайлоо комиссиясынын курамына көрсөтүү жөнүндөгү документтерди кабыл алуу 2011-жылдын 15 –июль күнү саат 18 -00 аяктады. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” констиутциялык Мыйзамына ылайык, өлкөнүн шайлоо системасы үч баскычтуу болуп эсептелет – алар участкалык шайлоо комиссиялары (УШК), аймактык шайлоо комиссиялары (АШК) жана Борбордук шайлоо комиссиясы. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы       
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 партиядан протокол жана өзүн өзү көрсөткөндөрдөн 2 арыз келип түштү
17.07.2011

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына КР Президентинин кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 партиядан протокол жана өзүн өзү көрсөткөндөрдөн 2 арыз келип түштү

2011-жылдын 16-июлуна карата Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргшыз Республикасынын Президентини кызматына талапкер көрсөтүү жөнүндө 4 саясый партиядан протокол келип түштү. “Ата –Журт” партиясы президентикке Камчыбек Ташиевди, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Адахан Мадумаровду, “Кыргызстандын жашылдар партиясы” Эркин Бөлөкбаевди жана “Эл үчүн” партиясы Арстанбек Абдылдаевди көрсөтүштү. Мындан тышкары БШК га өзүн өзү көрсөтүшкөн 2 адам – Барктабас Аземкуловдон жана Сергей Трофимовдон арыз келип түштү.   Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2011  -жылдын 16 –августунда аяктайт.    “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына (андан ары –Конституциялык мыйзам)  ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоо расмий дайындалгандыгы туурасындагы чечим чыккан күндүн эртеси башталат  жана шайлоо күнүнө 75 календарлык күн калганда аяктайт. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугу шайлоо расмий дайындалган күнгө карата аныкталган тартипте каттоодон өткөн саясый партияларга, ошондой эле талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн жарандарга таандык.   Президенттин кызматына талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Кол тамгаларды чогултуу Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү күнүнөн башталат жана талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан уюштурулат.    Кыргыз Республикасынын Президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам удаасы менен эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт. Президент болуп 35 жашка толгон жана 70 жаштан ашпаган, мамлекеттик тилди билген, республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган, чет мамлекеттин жарандыгы жок Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билгендигин аныктоо тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо Тил боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Президенттин кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүүсү талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктаган күндөн талапкерлерди каттоо аяктаган күнгө чейин  аныкталат. Президенттик кызматка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө чейин 35 календарлык күн калганда (2011-жылдын 25 –сентябрында) аяктайт. Президенттикке талапкер каттого чейин жана сунуш кылынган документтер текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн миң эсе өлчөмүндөгү (100 миң сом) шайлоо күрөөсүн коет. Эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде 5 пайызы талапкерди жактап добуш берсе, койгон шайлоо күрөөсү шайлоо өткөрүлгөндөн кийин талапкерге кайра кайтарылып берилет. Президенттин кызмат ордуна талапкер өзү көрсөтүлгөндөн кийин 5 күндүк мөөнөт ичинде шайлоо алдындагы кампанияны каржылоо үчүн конституциялык Мыйзам тарабынан аныкталган тартипте өзүнүн шайлоо Фондун түзөт. Талапкердин шайлоо фондусунун каражаттарынын эсебинен чыгымдалган чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 500000 эседен (50 миллион сом) ашпайт.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы        
Кененирээк билүү >>
КР Боршайлоокомдун алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлдү
16.07.2011

КР Боршайлоокомдун алдында контролдук-текшерүү тобу түзүлдү

Бүгүн, 16-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өтүп, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арстанбек Абдылдаевдин (“Эл үчүн” партиясы) ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Самаркүл Бейшеналиеваны жана Рахатбү Иманбекованы катоо жөнүндө КР БШКнын токтому кабыл алынды. БШК токтому менен ошондой эле президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу чыгымдоону контролдоону ишке ашыруу үчүн КР БШКнын алдында  контролдук-текшерүү тобу түзүлдү.  КТТ жетекчисине БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев дайындалды.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.
Кененирээк билүү >>
КР  Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусун калыптандыруунун, түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана чыгымдоонун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитти
15.07.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусун калыптандыруунун, түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана чыгымдоонун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитти

Бүгүн, 15-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин шайлоо фондусун калыптандыруунун, түшкөн акча каражаттарын эсептөөнүн жана чыгымдоонун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитти. Ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна талапкер Адахан Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Эркебаевди жана талапкер Барктабас Аземкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Канымбүбү Бейшееваны жана Ильичбек Султанкуловду каттады.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн бекитти
14.07.2011

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн бекитти

Кыргыз Республикасынын щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук щайлоо комиссиясынын бүгүн 14-июлда өткөн кезектеги жыйынында КР БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын өлчөмүн 499 млн. 438 600 сом өлчөмүндө бекитишти.          Ошондой  БШКнын кечээки өткөн жыйынында негиз катары кабыл алынган КР БШКнын Атайын өкүлү туурасындагы ЖОБО бекитилди. БШКнын мүчөлөрү курамына КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери кирген шайлоочуларды Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшү боюнча кабардар кылуу маселелери боюнча Жумушчу топтун жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун учурунда үгүт иштеринин тартибин сактоону көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топтун  түзүлүшү жөнүндөгү токтомду кабыл алышты.          Мындан тышкары КР БШКнын КР Президенттик кызматына талапкерлердин атайын эсептери үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндөгү токтому кабыл алынды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн КР Президенттик кызматына талапкер К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү – Аида Төлөгөнованы жана Самат Бөрүбаевди каттады.    Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы     
Кененирээк билүү >>
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту
14.07.2011

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов бүгүн, 14-июлда Кыргызстандагы донорлук коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Кыргызстандагы ЕККУ, ЕС, ПРООН, ЮСАИД сыяктуу эл аралык уюмдардын, эл аралык өнүгүүнүн Жапон агенттигинин жана шайлоо системаларынын Эл аралык Фонддун өкүлдөрү катышышты. Талкуунун чордонунда КР БШКнын президенттик шайлоолор учурундагы донорлук коомчулук менен болгон кызматташтыгы туурасындагы маселе каралды. КР БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов жолугушуунун катышуучуларын БШКнын иш пландары жөнүндө кеңири кабардар кылып, комиссиянын донорлук коомчулук менен кызматташуусун КР БШКнын шайлоо технологияларынын Борбору координациялай тургандыгын белгилеп өттү жана донорлук коомчулуктун өкүлдөрүн конструктивдүү, ачык кызматташууга чакырды. “Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишмердүүлүгүн ачыктык жана тактык принциптерин кармануу менен жүргүзөт жана шайлоону адилет өткөрүү үчүн бардык аракеттерди жумшайт” , - деп баса белгиледи КР Боршайкомунун төрагасы.            Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле шайлоо процессине эл аралык байкоочулардын катышуусу, шайлоочуларды Кыргызстандын жаңы шайлоо мыйзамдары туурасында кабардар кылуу жана кызматташтыктын башка багыттары туурасындагы маселелер козголду.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын  Борбордук шайлоо комиссиясынын Аппарат жетекчилигине Султанов М.С. дайындалды
13.07.2011

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын Аппарат жетекчилигине Султанов М.С. дайындалды

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасы Т.Абдраимовдун 2011-жылдын 12-июлдагы буйругу менен 1966-жылы туулган Султанов Марат Сейтбаевич КР БШКнын Аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызмат 2010-жылдан бош турган. М.Султанов 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин “укук таануу” адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1990-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда консультанттыктан баштаган. 1991-жылдан 1995-жылга чейин Чүй областынын Ысык-Ата районунун сотунда судья, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунда судья болуп иштеген. Түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын юридикалык бөлүмүндө референт, эксперт, сектор башчысы кызматын аткарган. 1999-2002-жылдары жана 2006-жылдан 2008-жылга чейин эки жолу Бишкек шаарынын Биринчимай райондук сотунун төрагасы болгон. 2003-жылдан 2006-жылга чейин АРИСте юрист, андан кийин АРИСтин аткаруучу директору болгон. 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бишкек шаардык сотунун төрагасы болгон. 2011-жылдын март айынан КР БШК Аппаратынын жетекчиси болгонго чейин АРИСте юристтик кызматта иштеген. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.    
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы Регламенти бекитилди
13.07.2011

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы Регламенти бекитилди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бүгүнкү өткөн жыйынында комиссиянын мүчөлөрү “Шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгылган КР БШКнын Регламентин бекитишти. Жыйында ошондой эле “Атайын өкүл жөнүндөгү”, “Кыргыз Республикасынын БШКнын Коомдук кабылдамасы  Жобо жөнүндөгү”, “2011-жылдын 30 –октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого КРнын чектеринен тышкары жактарда жашаган же жүргөн КРнын жарандарынын катышуусун уюштуруу жөнүндөгү” Жоболор бекитилди.  Ошондой эле аймактык шайлоо комиссияларын түзүү боюнча Жумушчу тобу, шайлоолорду Кыргыз Республикасынын чектеринен тыш жактарда өткөрүү жана эл аралык байкоочулар менен иш алып баруу боюнча Жумушчу тобу, Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кийирүү боюнча Жумушчу тобу түзүлдү.  “Атайын өкүл” кызматы  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” КРнын конституциялык Мыйзамына ылайык кийирилет. Атайын өкүл БШКнын төрагасы тарабынан тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына дайындалуучу мамлекеттик кызматчы, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкери болуп саналат.  Шайлоонун жаңы мыйзамдарына ылайык, республиканын чектеринен тыш жактардагы шайлоо участоктору Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрү бар шаарларда түзүлөөрүн белгилей кетели.  БШКнын Коомдук кабылдамасы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү убактысына түзүлөт. Коомдук кабылдаманын максаты – Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, жарандардын КР БШКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулары, каалоо –сунуштары жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып барууну уюштуруу. Коомдук кабылдаманын алдына Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо, жарандардын КР БШКнын ишмердүүлүгүнө байланышкан кайрылуулары, каалоо –сунуштары жана дооматтары менен натыйжалуу жана оперативдүү иш алып баруу, шайлоо мыйзамдары боюнча шайлоочуларга, талапкерлерге, алардын ишенимдүү кишилерине жана саясый партиялардын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, шайлоо процессинин катышуучуларына юридикалык, консультативдик -методикалык жардам көрсөтүү милдети коюлган.  Коомдук кабылдама КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында жайгашкан (Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 59)     Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы      
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү үчүн керектүү документтерди берүү жана кабыл алуу маселеси боюнча түшүндүрмө
13.07.2011

Аймактык шайлоо комиссияларын түзүү үчүн керектүү документтерди берүү жана кабыл алуу маселеси боюнча түшүндүрмө

Жергиликтүү кеңештердин көңүлүнө!   Азыркы учурда бүтүндөй республика боюнча аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн көрсөтүү процесси жүрүп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун негизги иш чараларынын Календарлык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлуна чейин узартылды. Жергиликтүү кеңештер саясый партиялардан, коомдук уюмдардан жана шайлоочулардын чогулуштарынан көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштардын протоколдорун кабыл алууга милдеттүү. Документтерди кабыл алуу аяктагандан кийин жергиликтүү кеңештер өзүнүн кезексиз сессиясында көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштун протоколун бекитүү менен шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга тапшыруулары зарыл. Ушундан улам, аймактык шайлоо комиссияларын түзүү процессинде жергиликтүү кеңештердин милдети керектүү документтерди кабыл алуу, калыптандыруу жана КР БШКга тапшыруу болуп калат. Мында жергиликтүү кеңештер документтерди талапкерлерди көрсөтүү субьектилеринин бардыгынан, бөлүүгө жол бербей, кабыл алуулары керек.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формалары жана үлгүлөрү
12.07.2011

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формалары жана үлгүлөрү

Шайлоо комиссиясына талапкерлерди көрсөтүү үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен бул жерден таанышууга болот
Кененирээк билүү >>
Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө ЖОБО
12.07.2011

Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө ЖОБО

Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө ЖОБО – бул жерде  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын  Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жаңы регламентин талкуулоодо
11.07.2011

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн жаңы регламентин талкуулоодо

Бүгүн, 11-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Күн тартибине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү КР БШКнын жаңы Регламентин карап чыгышты. Талкуулоодон кийин Регламенттин долбоорун кошумча иштеп чыгууга жиберүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары БШК мүчөлөрү “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушча топ жөнүндө” жоболорду карап жана бекитишти. Шайлоо мезгилинде, БШКда бүгүн кабыл алынган токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ түзүлөт. Жыйналышта БШК мүчөлөрү шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ЖМКларды аккредиттөөнүн жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилиндеги алардын ишинин тартибин бекитишти. Ошондой эле БШК мүчөлөрүнүн кароосуна “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык (чет элдик) байкоочулардын статусу жана ыйгарым укуктары, иш аракеттеринин тартиби жөнүндө” Жобо киргизилди жана бекитилди. Ошондой эле, КР БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун сунушу боюнча БШК мүчөлөрү токтом талкуулашты жана кабыл алышты, ага ылайык БШК Жогорку Кеңешке жана Өкөмөткө КР БШК кызматтык адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлеринин жана КР БШК Аппаратынын башка кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттарын жана алардын өлчөмдөрүн КР парламентинин, Өкмөтүнүн кызматтык адамдарынын, мамлекеттик кызматкерлеринин жана Аппаратынын башка кызматкерлеринин эмгек акысынын шарттары жана алардын өлчөмдөрү бирдей мааниде белгилөө боюнча кайрылат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.  
Кененирээк билүү >>
1 477 479 480 481