Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевге Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу эскертүү
17 сентября 2011
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруу менен Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жана шайланууга конституциялык укуктарын ишке ашырууда шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына конролдук жүргүзөт.
Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам) 22, 28-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учуруна карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерине көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзгөн.
Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгү процессиндеги бузуулары тууралуу материалдарды чогултууну жана системалаштырууну, ошондой эле, шайлоочуларды маалымдоону жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү ченемдерин бузуулар жөнүндө кайрылууларды алдын ала кароону ишке ашырат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу чогулткан материалдарды изилдеп карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаев тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдында үгүт жүргүзүү тартибин жана эрежелерин бузууга жол бергендигин ырастайт.
Алсак, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 23-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн – 2011-жылдын 25-сентябрынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда - 2011-жылдын 29-октябрында саат 08.00дө токтотулат.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүлөр таанылат:
1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Кыргыз Республикасынын аймагында таркатуулучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.
Шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө; шайлоочуларга белектерди жана башка баалуулуктарды тапшырууга; товарларды жеңилдетилген баада сатып өткөрүүнү жүргүзүүгө; талапкердин сүрөтүн, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын басылма үгүт материалдарын, алардын энбелгилерин камтыган төш белгилерди, футболкаларды, баш кийимдерди, моюн ороочторду кошпогондо, кандай гана болбосун товарларды бекер таркатууга; ошондой эле акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат.
Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна А.Ш.Атамбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөндөн кийин медиа-мейкиндиктеги анын активдүүлүгү Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызмат ордундагы иш-аракетинин мурдагы мезгилине салыштырмалуу кыйла өсүп кеткен деп белгилейт.
Мында, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык бардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ экендигин жана бирдей жоопкерчилик тарта тургандыгын көңүлгө алуу керек.
А.Ш.Атамбаевдин электрондук жана жалпыга маалымдоо басма каражаттарында көптөгөн интервьюларында жана чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө шайлоо алдында үгүт жүргүзүү белгилери камтылган.
Алсак, “Дело №” газетасынын 2011-жылдын 31-августундагы номеринде (№27) “Я мечтаю о справедливом Кыргызстане” деген аталыштагы материал жарыяланган, анда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаев бюджеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жогорулатуу, пособиелердин өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө, пенсияларды 1-октябрдан тартып жогорулатуу жөнүндө көпчүлүк жарандардын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди көтөрөт, “өздөрү түшүнбөй туруп, “патриотмун” деп эсептеп алышкан “бышпаган саясатчылар” Кыргызстанды ыдыратуу жана жок кылуунун чоң долбоору бар имиш” деген оюнду ойноп жаткандарды сынга алат ж.б. Ушундай эле материал “Кыргызстандын биримдигин сактап алуу керек” деген аталышта “Фабула” газетасынын 2011-жылдын 30-августундагы номеринде (№61) кыргыз тилинде жарыяланган.
Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жана телеканалдарда көрсөтүлгөн, электрондук жана жалпыга маалымдоо каражаттарында, анын ичинде чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылган башка материалдарды изилдеп чыгып, аларды шайлоо алдындагы мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүү белгилери камтылган деген жыйынтыкка келди.
Муну менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер, Кыргыз Республикасынын премьер-министри А.Ш.Атамбаевдин өзүнүн кызмат абалын пайдалануунун жол берилгистигине көңүлүн бурат.
Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 21-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык кызмат абалынын артыкчылыктарын пайдалануу, анын ичинде коюлган колтамгаларды чогултуу же шайлоо алдында үгүт жүргүзүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында артыкчылык менен жетишүү (башка талапкерлерге салыштырмалуу) болуп саналат.
Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мындай бузуулар жөнүндө аларга жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.
Талапкер жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече жолу бузса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Жогоруда баяндалганды эске алуу менен Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш.Атамбаевге Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 22,23-беренелеринин талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө эскертет.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
