Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин …

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди бекитилген мөөнөттө кол коюу баракчаларын бербегендигине байланыштуу каттоодон баш тартуусу жөнүндө токтомду кабыл алды

12-Сен, 2011

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги жыйналышында,  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин   7-бөлүгүнүн 1,2,4-пункттарына ылайык “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин каттоодон баш тартуусу жөнүндө” токтомду кабыл алды.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуу ниети жөнүндө арыз тапшырган төмөнкү адамдар Президенттин кызматына талапкерди колдоо үчүн колтамга чогултуу боюнча баракчаларды Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамында бекитилген мөөнөттө тапшырбагандыгына байланыштуу каттоодон баш тартты:

 

  1. Алымкулов Нурлан Сагымбековичке;
  2. Иманалиева Асида Муханбетовнага;
  3. Сариев Акылбек Аблабековичке;
  4. Болтуруков Омурбек Аянбергеновичке;
  5. Токтосунова Дамира Маданбековнага;
  6. Кенжекулов Полотбек Пирмаматовичке;
  7. Султанидинов Сайнидин Султанидиновичке;
  8. Мергенов Марат Эркиновичке;
  9. Пиримбаев Жусупжан Жунусбаевичке;
  10. Ыбышев Ырыскелди Матаевичке;
  11. Стамбаев Жылдызбек Токторовичке;
  12. Калбаев Толонбай Мамытовичке;
  13. Карабаева Айсалкын Раевнага;
  14. Камчиев Жамбылбекке;
  15. Нышанов Назарбек Айтбековичке;
  16. Бегалиева Омурбубу Жакашевнага;
  17. Айманбаев Муканбайжан Толоновичке;
  18. Казакбаев Оомат Иманбековичке;
  19. Керимбеков Бакыт Макеновичке;
  20. Омуралиев Темиркул Алымбаевичке;
  21. Мактымбаев Калмаматка;
  22. Суйналиев Жаныбек Курманкановичке;
  23. Кадыркулов Качкынбай Дандабаевичке;
  24. Исаев Жумабек Осмоновичке;
  25. Боронбаев Мурат Айдаровичке;
  26. Нарикеев Тургунбек Анаркуловичке;
  27. Айтымбетов Эрнис Жамадиловичке.

БШКнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Эгембердиев Өмүрбек Амантуровичтин өзүнүн шайлоо фондусун убагында түзбөгөдүгүнө байланыштуу каттоодон баш тартуу жөнүндө маселени кийинкиге калтырышты.

Буга чейинки токтом менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Апасов Кубанычбек Тунгучбаевичке талапкерди колдоодогу шайлоочулардын так колтамгаларынын саны жетишсиз болуп калгандыгына байланыштуу  каттоодон баш тартылды.

Мындан тышкары, шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартибин сактабагандыгына жана кол коюу баракчалардын формаларын бузулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке көрсөткөн Кудайбергенов Борончу менен Айтикеев Акбаралыга каттоодон баш тартылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Гайша Ибрагимованын  2011-жылдын 8-сентябрындагы, Зарылбек Кудабаевдин 2011-жылдын 9-сентябрындагы, Нурлан Мотуевдин 2011-жылдын 28-августундагы берген арыздарынын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 19-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алынып, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулду.

Ошентип, 2011-жылдын 12-сентябрына караштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин 32си дагы жокко чыгарылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы ушул эле жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамат Орозбаевди каттоодон чыгаруу үчүн тиешелүү  укуктук нормаларды тактоого БШК мүчөсү Канат Абдукадыров жетекчилик кылган Жумушчу топту түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Эскерте кетсек, КР  БШКнын 2011-жылдын 9-ноябрындагы №335 токтому менен М.Орозбаев “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынан ЖК депутаты болуп катталган.

23 аймактык шайлоо комиссияларынын (АШК) курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди. Алар: Баткен облусунун Кадамжай АШКсы, Бишкек ш. Ленин, Свердлов, АШКры, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон АШКры, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Түп АШКры, Нарын облусунун Тогуз Торо, Нарын, Ак-Талаа, Жумгал, Нарын шаардык АШКры, Ош облусунун Кара-Суу, Кара Кулжа, Араван АШКры, Талас облусунун Манас, Кара-Бура, Бакай-Ата АШКры, Чүй облусунун Ысык-Ата, Панфилов, Москва, Жайыл, Аламүдүн, Токмок шаардык АШКры.

Талапкерлерди каттоо иштери 2011-жылдын 25-сентябрында аяктайт. Ушул күндөн тартып, талапкерлердин үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал  29-октябрда аяктайт.

Кыргыз Республикасын Президентин шайлоосу 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган.

 

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы

 

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>