Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргызстандын  Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитти
08.07.2011

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн бекитти

Бүгүн, 8-июлда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Күн тартибине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо документтеринин формаларын жана үлгүлөрүн, шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таратуунун тартиби жөнүндө Жобону бекитишти. Боршайлоокомдун мүчөлөрү, “Республика” саясый партиясынан депутаттыкка талапкерлер Уран Мурадыловдун, Нурланбек Баймуратовдун, Венера Исалиеванын, Мирлан Жеенчороевдин, талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу жана өз каалоосу менен депутаттык мандатты алуудан баш тартуу жөнүндө арызын карап чыгышып, республиканын мыйзамына ылайык алардын арыздарын канагаттандырды. Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (“Республика” партиясы) Алтынай Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Депутат А.Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе, анын депутаттык ыйгарымдар менен төп келишпеген ишке өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына берген арызынын негизинде каралган. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-пунктун жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы КР Жогорку Кеңешинин депутаты деп “Республика” саясый партиясынан Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичти каттады. Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов катталган депутат Ш.Абдыкеримовго белгиленген үлгөдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырды. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы.  
Кененирээк билүү >>
  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргызстандын элине, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына КАЙРЫЛУУСУ
07.07.2011

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Кыргызстандын элине, саясий партияларга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарына КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! 2011-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө негизги звено болуп эсептеле турган аймактык, участкалык комиссиялардын курамына  саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү башталат. Бүгүнкү күндө, шайлоо системасын реформалоо алкагында, шайлоону даярдоодо жана уюштурууда бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн ролу өтө маанилүү. Андыктан, бардык шайлоо процесстерине карата элдин ишениминин деңгээли алардын иш-аракеттерине жараша болмокчу. Аймактык, участкалык комиссиялардын курамына 30 миңден ашык жарандарды тартуу болжолдонууда. Кыргыз Республикасында аймактык, участкалык комиссияларда жоопкерчиликтүү жана олуттуу иш алып бара турган жарандар аз эмес. Аймактык, участкалык комиссиялардын курамында иштөө адамдар менен калыс, адилет жана абийирдүү  иштей билүүнү талап кылгандыгы менен жооптуу. Ошону менен бирге бул комиссиялар эки жылдык мөөнөткө, ал эми резерви беш жылдык мөөнөткө түзүлөт, бул тийиштүү комиссиянын мүчөлөрүнүн жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууну жана коргоону камсыз кылууда жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт. Саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүк органдары талапкерлердин резервин түзүүдө жарандарды комиссияга көрсөтүү учурунда алардын макулдугун эске алуулары  зарыл. 2011-жылдын 30-октябрында кыргызстандыктар өздөрүнүн тарыхый тандоосун жасайт. Бардык деңгээлдеги комиссиялардын мүчөлөрүнүн милдети – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун мыйзамдуулугун, ачык-айкындыгын камсыз кылуу менен жарандардын добуштарын эсептөө жана башка иш-аракеттерди шайлоо мыйзамдарына ылайык адилет, ачык жүргүзүү болуп эсептелет. Аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор (алардын резерви 11 адамдан кем эмес санда) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын жетекчилеринин колтамгасы жана мөөрү менен, ал эми саясий партияларда – чогулуштун, же анын аймактык бөлүмүнүн төрагасынын жана катчысынын колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Саясий партиялардын жана жергилктүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын протоколдоруна тиркелет: - Аймактык, участкалык комиссиялардын курамында иштөөгө макулдугу жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө арызы. -  Паспортунун көчүрмөсү. -  Иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтар. -  Байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.   Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого аймактык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 15-июлунун саат 18-00 чейин кабыл алынат, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2011-жылдын 25-июлунун саат 18-00 чейин тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарында кабыл алынат (жергиликтүү, райондук кеңештер). Сурап-билүү телефону: 66-51-86, 62-08-29 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы   
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу
07.07.2011

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси: Кол коюу барагы – бул жерде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон, шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жыйынтыктары жөнүндө протокол - бул жерде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоп шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жалпы жыйынтыктары жөнүндө протокол - бул жерде Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон     шайлоочулардын колтамгалары бар кол коюу барактарын кабыл алуу жөнүндө МААЛЫМКАТ - бул жерде “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуулардын болжолдуу түрлөрү - бул жерде Кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүдө ПРОТОКОЛ - бул жерде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон кол коюу барактарын текшерүүнүн  ВЕДОМОСТУ - бул жерде Кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын колтамгаларын жана маалыматтарды текшерүү боюнча жумушчу топтун КОРУТУНДУСУ - бул жерде
Кененирээк билүү >>
2011-жыл 30-октябрь – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо!
06.07.2011

2011-жыл 30-октябрь – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо!

Урматтуу саясий партиялар! Урматтуу шайлоочулар! Аймактык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү процесси башталды. Сиздер алардын курамына өз талапкерлериңерди көрсөтүүгө активдүү катыша аласыздар. Көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтар жана чогулуштардын протоколдору тийиштүү райондук жана шаардык кеңештерге 2011-жылдын 15-июлунда саат 18-00дөн кечиктирилбестен берилиши керек. Толук маалыматты Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан 0312-66-51-86 жана 62-08-29 телефондору боюнча жана Борбордук шайлоо комиссиясынын www.shailoo.gov.kg. сайтынан  аласыздар.  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Боршайлоокому КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш чаралардын Календарлык планын бекитти
05.07.2011

Кыргызстандын Боршайлоокому КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш чаралардын Календарлык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы 2011-жылдын 5-июлундагы өзүнүн жыйналышында КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календарлык планын бекитти. Республиканын шайлоо мыйзамына ылайык даярдык иш чаралары шайлоо комиссияларын түзүү, шайлоо участкаларын уюштуруу, шайлоочулардын тизмесин түзүү багыттарында жүргүзүлөт. Иш чаралардын планы ошондой эле талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана иштеринин кепилдигин, шайлоо алдындагы үгүттү маалыматтык камсыз кылууну жана жүргүзүүнү, эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жана коомчулук менен байланыш аракеттерин жөндөйт. Планды талкуулоонун жүрүшүндө БШК мүчөлөрү аймактык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктайт, алардын курамын түзүү ү.ж.25-июлунда аяктайт деген чечим кабыл алышты. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди көрсөтүү процесси 2011-жылдын 25-июлунда, аларды түзүү 2011-жылдын 1-августунда аяктайт. Шайлоо участкаларын түзүү 2011-жылдын 15-июлунда аяктайт. Планга ылайык шайлоо комиссияларынын кадрларынын квалификациясын жогорулатуу 2011-жылдын 1-августунан башталат. Жыйналышта БШК мүчөлөрү ошондой эле шайлоо комиссияларынын толук кандуу ишин камсыз кылыш үчүн КР Конституциясынын жана шайлоо мыйзамдарынын китепчелерин басып чыгаруу тууралу чечим кабыл алышты. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалганы белгилүү. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы  
Кененирээк билүү >>
Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары үчүн маалымат
05.07.2011

Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары үчүн маалымат

Шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары үчүн маалымат    “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому “Эркин тоо” газетасынын 2011-жылдын 1-июлундагы санына жарыяланды. Шайлоолорду өткөрүүдө телерадиоберүүнүн, мезгилдүү басма сөз каражатынын тийиштүү уюмдары шайлоо датасы расмий жарыяланган  10 календарлык күндөн кечиктирбестен эфирдик убакытты, басма сөз бетин берүүгө төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоолору керек жана  Боршайлоокомго тапшыруулары зарыл. Ушундан улам, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын ММКлары 2011-жылдын 10-июулуна чейин, ошол күнү да,  Борбордук шайлоо комиссиясына: Шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдык жөнүндө билдирүү-кат, анда ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, даректери жана байланышуу үчүн маалыматтары; ММКнын нотариалдык бекитилген уставынын көчүрмөсү; Төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтар жарыяланган газетанын номеринин көчүрмөсү тапшырылышы керек.   Төмөндө Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү-каттын үлгүсүн көрсөтөбүз.   Үлгү Кыргыз Республикасынын Борбордук             шайлоо комиссиясына   Юстиция Министрлигинде расмий каттоодон өткөн (катталуу датасы) телерадиокомпания (ММК аталышы) Кыргыз Республикасынын аймагында эфирге чыгат (датасы), Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ТРК (аталышы) аккредитациялоону суранабыз. Тийиштүү документтер тиркелет. Урматтоо менен, ММК жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты              
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн түшүндүрмө.
05.07.2011

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган массалык маалымат каражаттары үчүн түшүндүрмө.

КР Президенти 2011-жылдын 4-июлунда кол койгон “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы бүгүн 5-июлда “Эркин тоо” газетасына жарыяланды. Конституциялык мыйзамда КР Президентин шайлоодогу шайлоо алдындагы үгүткө катышкан ММКларга карата жаңы киргизүүлөр бар. Алсак, 24-берененин 4-пунктуна ылайык талапкерлерге, саясый партияларга берилген төлөнүүчү эфирдик убакыттын баасы, шайлоолорду дайындоо күнүнө чейин 6 ай мурда алынгандан ашпашы керек. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес. “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому “Эркин тоо” газетасынын 2011-жылдын 1-июлундагы санына жарыяланганы белгилүү. Шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин  каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулаарын эскертип кетмекчибиз. Кайталап добуш берүү өтөкрүлгөндө шайлоо алдындагы үгүт кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан башталат жана кайталап добуш берүү башталаарына 24 саат калганда токтотулат (жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 23-беренесинин 1,2-пунктчалары).    
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын Боршайлоокому КР Жогорку Кеңешинин президенттик шайлоону дайындоо  жөнүндө токтомуна ылайык аларды өткөрүүгө даярдыкты баштады
02.07.2011

Кыргызстандын Боршайлоокому КР Жогорку Кеңешинин президенттик шайлоону дайындоо жөнүндө токтомуна ылайык аларды өткөрүүгө даярдыкты баштады

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына КР Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 30-июнундагы токтому келип түштү, ошону менен шайлоо кампаниясына расмий старт берилди”-деп билдирди 2-июлдагы пресс-конференцияда, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев. Жогорку Кеңештин токтому менен КР Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалганы белгилүү. КР Боршайлоокомго колдонуудагы мыйзамга ылайык шайлоону өткөрүүнү камсыз кылуу, КР Өкмөтүнө шайлоону даярдоо жана  өткөрүүнүн финансалык маселелерин чечүү тапшырылган. БШК төрагасы А.Сариев президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө тышкы иштер, коргоо, ички иштер, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, калкты социалдык коргоо маселелерин алып барышкан КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучулук органдарынын башчылары тартылаарын билдирди. КР Баш прокуратурасына шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө КР мыйзамдарынын жана Конституциясынын сакталышын камсыздоо тапшырылды. А.Сариевдин билдирүүсү боюнча Боршайлооком жакынкы күндөрдө КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чаралардын Календарлык планын бекитет. Иш чаралардын планы жөнүндө шайлоо кампаниясынын катышуучуларына, ММКларга, байкоочуларга, шайлоо алдындагы кампанияларды, талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо боюнча, шайлоону даярдоо жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу боюнча саясый партияларга билдирилет.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КР Шайлоокому өлкөнүн Президентинин кызматына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүн чагылдыруу үчүн республикалык ММКларды аккредитациялоону баштады
02.07.2011

КР Шайлоокому өлкөнүн Президентинин кызматына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүтүн чагылдыруу үчүн республикалык ММКларды аккредитациялоону баштады

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Токтомуна ылайык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылууну баштады. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган. КР Президентин шайлоону даярдоо рамкасынын чегинде КР Боршайлоокому республикалык массалык маалымат каражаттарын акредитациялоону башталгандыгын жарыялайт. Өлкөнүн мыйзамына ылайык, шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттары шайлоо датасы расмий жарыяланган (шайлоолор 2011-жылдын 30-июнуна дайындалган) 10 календарлык күндөн кечиктирбестен эфирдик убакытты, басма бетин берүүгө төлөөнүн шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө маалыматтарды жарыялоолору керек жана акредитациялоо үчүн Боршайлоокомго тапшыруулары зарыл. Республиканын мыйзамына ылайык шайлоо алдындагы үгүт талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда токтотулат. Толук маалыматтарды алууга 0312-62-62-87 телефонуна кайрылууну суранабыз.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашырууга киришти
01.07.2011

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашырууга киришти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамын ишке ашырууга киришти             Бүгүн 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү.             Күн тартибине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Саматовдун россиялык жарандыгына, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын күчүнө киришине тиешелүү ж.б. ар түрдүү маселелер коюлду.             Жыйналышка чакырылган депутат Ж.Саматовдун келбей калгандыгына байланыштуу анын россиялык жарандыгына тиешелүү маселе дүйшөмбү, 4-июлга жылдырылды.             БШКнын төрагасы А.Сариев “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын күчүнө кириши -  өлкөбүздүн шайлоо системасын реформалоонун башталышы болуп эсептелерлигин белгиледи. Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын бирдиктүү шайлоо системасын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиялары жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссиялары түзөт.             Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын резерви ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып түзүлөт. Мыйзамга ылайык, аймактык, участкалык комиссиялардын курамына талапкерлерди саясий партиялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдары көрсөтүшөт. Ушуга байланыштуу жыйналышта жогоруда көрсөтүлгөн субъектилерге аймактык, участкалык комиссиялардын курамына  талапкерлерди көрсөтүү боюнча КР БШКнын кайрылуусу бекитилди.             Алдыда боло турган президентик шайлоого байланыштуу төрага А.Сариев шайлоону даярдоо мезгили 30-июнда парламент кабыл алган шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна кол коюлган учурдан тартып башталарлыгын белгиледи.             Жыйналыштын аягында төрага А.Сариев БШКнын жаңы курамын шайлоо, комиссиянын мындан аркы иш пландары жана алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан журналисттердин суроолоруна жооп берди.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы парламенттик шайлоодо КР БШКсы шайлоочулардын тизмесинин санын атайын 200 миң шайлоочуга көбөйттү деген  айып негизсиз деп табылды.
30.06.2011

Акыркы парламенттик шайлоодо КР БШКсы шайлоочулардын тизмесинин санын атайын 200 миң шайлоочуга көбөйттү деген айып негизсиз деп табылды.

“Общественный рейтинг” газетасынын 2011-жылдын 12-майындагы №18 (528) санындагы “Политжайлоо” бөлүмүндө “Общественный рейтинг” газетасынын кабарчысы Нурдин Дүйшөнбековдун  “7-апрель Жаштар кыймылы” партиясынын теңтөрагасы, Кыргызстан партияларынын жалпы улуттук конгрессинин мүчөсү Мирлан Бекитаев менен “Чтобы все признали президентские выборы легитимными, нужно завершить реформу избирательного законодательства” деген аталыштагы интервьюсу жарыяланган. Интервьюда М.Бекитаев “...Акылбек Сариев башында турган БШК шайлоочулардын тизмесин 200 миң адамга көбөйтүп жибергендиктен “Бүтүн Кыргызстан” партиясы парламентке өтпөй калды. Боршайлоокомдун чечими иш жүзүндө аталган партияны Жогорку Кеңешке шайлаган шайлоочулардын эркин басмырлады”  деп белгилеген. Ушуга байланыштуу БШК мүчөлөрү Жеңишбек Акматов, Айнура Абдыкалыкова, Рашид Бекбасаров, Абдысамат Баялинов, Мурадил Джанжалбеков, Эрик Ирискулбеков, Михаил Корсунский, Антонина Ли, Абдымомун Мамараимов төрага А.Сариев менен бирдикте Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Өзүнүн доо арызында А.Сариев менен бирдикте КР БШК мүчөлөрү М.Бекитаевдин жогорудагы билдирүүсү чындыкка дал келбейт жана алардын ишкердик аброюуна шек келтирүүдө деп белгилешкен. Ишкердик абройду коргоо жөнүндө БШК мүчөлөрүнүн доо арызы боюнча соттун кезектеги 2011-жылдын 30-июнундагы отурумунда тараптар жарашуу макулдашуусун  түзүштү, ага ылайык жооп берүүчүлөр “Общественный рейтинг” газетасына 12.05.2011. №18 (528)  жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбегендигин тастыкташты жана “Общественный рейтинг”  газетасынын жакынкы санында КР БШК төрагасы  А.Сариевдин жана КР БШК мүчөлөрүнүн ишкердик аброюна шек келтирген маалыматтарды төгүнгө чыгарууга милдеттеништи. Жооп берүүчүлөр ошондой эле массалык маалымат каражаттары аркылуу доочулардан кечирим суроого милдеттеништи. Жогорудагы айтылгандардын негизинде сот тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна JICA техникалык жардамы берилди
28.06.2011

БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна JICA техникалык жардамы берилди

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Япондук эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA)  эки автомобиль («Тойота Лэндкрузер») берди.  Автомобилдерди тапшыруу жана эки тараптуу макулдашууга кол коюу салтанаты бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын БШКнын короосунда БШК төрагасы Акылбек Сариевдин жана ЛСАнын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Хидэаки Маруяманын катышуусу менен  өттү.    Салтанатта КР БШК төрагасы А.Сариев аталган техникалык жардам БШКнын шайлоо технологиялар Борборуна бериле тургандыгын, Борбор шайлоо процессинин бардык катышуучуларын - комиссия мүчөлөрүн да, президентикке талапкерлерди да окутуу менен  алектенээрин белгиледи. Ал Япония Өкмөтүнө, КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруямага берилген жардамга ыраазычылык билдирүү менен БШК шайлоо процессинин республика боюнча бардык катышуучуларын окутууну өз убагында аткаруу маселесин ишке ашырат деп билдирди. А.Сариев ЛСА Боршайлооком менен КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын 2010-жылдын октябрында шайлоодо да активдүү кызматташкандыгын эскертти. Анда япондук тараптан участкалык комиссияларга протоколдорду тапшыруу үчүн сейф-пакеттер берилген, бир участкада - Бишкек шаарынын №13 орто мектебинде электрондук добуш берүү уюштурулган. Өз кезегинде КРда ЛСАнын туруктуу өкүлү Х.Маруяма алдыда турган Кыргызстандын Президентин шайлоо БШКнын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү мезгил экендигин жана япондук тарап бул жооптуу учурда комиссияны колдой тургандыгын белгиледи. Ал Кыргызстан эли Японияга эң татаал, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуу учурунда биринчилерден болуп жардам берүүгө кол сунгандыгын белгиледи. “Биз дагы кыргызстандыктарды ар тараптан колдоону каалайбыз”-деди ал. Ошону менен бирге Х.Маруяма өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолордогудай эле президенттик шайлоолорго да япондук тарап байкоочу катары катыша турган ниетин белгиледи.  Салтанаттын акырында А.Сариев жана Х.Маруяма журналисттердин суроолоруна жооп беришти.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мөөнөттөрү жана каржылоо маселелери боюнча түшүндүрмөсү
23.06.2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мөөнөттөрү жана каржылоо маселелери боюнча түшүндүрмөсү

Айрым массалык мааылмат каражаттарында жана маалымат булактарында КР БШК төрагасы Акылбек Сариевге шилтеме жасоо менен боло турган Кыргыз Республикасынын Президентин  шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен чыгымдардын суммасына  тиешелүү ар кандай билдирүүлөр келтириле баштагандыгына байланыштуу төмөндөгү түшүндүрмөнү таратабыз:   - “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзам долбоорлорун иштелип чыккандыгы жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынгандыгы белгилүү. Аталган мыйзам долбоорлору күчүнө киргенде боло турган президенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн алдын ала эсеп боюнча 795 млн. сом талап кылынмак. Мындайча айтканда 2011-жылдын республикалык бюджетинде боло турган президенттик шайлоолорго 179 млн. сом каралгандыгын эсепке алганда, бюджеттен кошумча дагы 616 млн. сом табуу талап кылынмак. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылган чыгымдар көбөйүү каралган мыйзам долбоорлору КР Өкмөтү каржылоо булактарын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш кабыл ала тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Жогоруда кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун чыгымдары мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла тургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти мыйзам долбоорлоруна карата  каршы пикирин парламентке билдирип, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык макулдашылган вариантты иштеп чыгуу сунушу менен кайтарган. Жогорку Кеңештин профилдик комитети, парламенттеги Президенттин, Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү менен бирдикте мыйзам долбоорлорунун демилгечилери  мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча макулдашылган вариантты иштеп чыгышкан. Макулдашылган мыйзам долбоору боюнча президенттик шайлоону өткөрүүгө 319 млн. сом талап кылынат, анын ичинен 210 млн. сому - биринчи турга. Жогоруда белгиленгендей алдыдагы президенттик шайлоону өткөрүүгө республикалык бюджеттен 179 млн. сом өлчөмүндөгү сумма каралган, сунушталган макулдашылган вариант боюнча 620 млн. сомдун ордуна кошумча 130 млн. сом талап кылынат. Өлкөнүн Президентин шайлоо датасын ушул жылдын ноябрь айына которуу жөнүндө маалымат тууралу айтсак, КР БШК төрагасы Акылбек Сариведин бул сунушу макулдашуу комиссиясына бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларын түзүү үчүн белгилүү убакыт керектегинен, божомол боюнча бир айдан кем эмес убакыт талап кылынаарынан келип чыккан. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү
22.06.2011

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын билдирүүсү

2011-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышы болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жыргалбек Саматовдун (депутаттын жарандыгы жөнүндө маселе каралган бул жыйналышка ал өзү катыша алган жок), Кыргыз Республикасынын ТИМинин, “Жаңы Агым” газетасынын өкүлдөрү катышты.  Жыйналышта белгиленгендей, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын тийиштүү мамлекеттик органдары КР БШКнын депутат Ж.Саматовдун россиянын жарандыгына тиешелүү маселе боюнча суроо-талабына документтердин толук базасын сунуштай элек. Белгилей кетүүчү нерсе, Жогорку Кеңештин депутаты  Ж.Саматовдун жарандыгына тиешелүү маселе БШКнын 2011-жылдын 21-апрелиндеги жыйналышында каралган. Ал жыйналышта БШКнын төрагасы Акылбек Сариев бул маселе Кыргыз Республикасынын да, Россия Федерациясынын да тийиштүү ведомстволорунан расмий документтерди алганга чейин ачык турарлыгын билдирген. Ошентип, россиялык тарап Ж.Саматовдун жарандыгы жөнүндө маалыматты эл аралык ченемдерге шилтеме жасап, форс-мажорлук абалдардан тышкаркы башка учурларда  инсан тууралу маалымат жарандын өзүнүн суроосу жок берилбестигин белгиледи. КР ТИМи Ж.Саматовдун паспортунун көчүрмөсү жок экендигин билдирет. Ж.Саматовдун россиянын паспортунун көчүрмөсүн “Жаңы Агым” газетасы жарыялаган. Ж.Саматовдун өкүлдөрү, алардын пикири боюнча депутаттын жарандыгы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган газетанын редакциясы менен соттошууга депутат даяр экендигин билдиришти. Жыйынтыгында аталган маселени кароо депутат Ж.Саматовдун катышуусунда КР БШКнын кийинки жыйналышында улантуу чечими кабыл алынды.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Билдирүүсү
25.04.2011

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Билдирүүсү

Биз, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү айрым саясатчылардын  жана депутаттардын сүйлөгөн сөздөрүндө азыркы Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын  орунсуз күнөөлөөлөр камтылгандыгына  байланыштуу билдиребиз.             Жыйынтыктарын биздин өлкөнүн гана жарандары эмес, коңшу өлкөлөр, биздин мамлекеттин стабилдүү өнүгүүсүнө кызыкдар эл аралык коомчулук да үн катпай күткөн парламенттик шайлоолордун аяктагынан бери аз убакыт өттү. Өлкөнүн тагдыры менен ойнобой, биз өзүбүзгө тапшырылган ишенимди татыктуу актоого, шайлоолордун тынч жана максималдуу легитимдүү өтүшүнө болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшадык. Муну менен өлкөнүн ичиндеги гана эмес мамлекеттин дүйнөлүк коомчулуктагы укуктук абалы, укуктук стабилдүүлүгү байланышкан. Курч кырдаалда түрдүү саясый күчтөрдүн кысымынын алдында, өзгөчө уттурган, ал түгүл жеңип чыккан бир нече партиялар да бардык участкалар боюнча добуштарды кайрадан саноону талап кылып жатышканда чечим кабыл алуу, кыйынга турду. Бирок, мындай аракеттерди аткаруу үчүн ошол учурда, да азыр да укуктук негиз болгон эмес.             Бүгүн ошондогудай эле айрым саясатчылар башкаларды күнөөлөп, өздөрүн таза жана чынчыл деп көрсөткөн жолго түшүүдөн башка жаңы жол табышпады. Ал түгүл, шайлоо системасын реформалоо боюнча жаңы мыйзамдарды иштеп чыгууда бизди “партизандык” позицияда турат дешип айыпташып, этикага жатпаган кемсинткен сөздөрдү айтуудан баш тартпай, Боршайкомго “легитимсиз” деген диагноз коюшуп, анын “анатомиялык кемчиликтерин, башка кеселдерин” чукушуп, бүгүн республиканын мамлекеттик органдарынын бардыгынын легитимдүүлүгү саясый фундаментке негизделгендигин “эстеринен чыгарышып”, бүгүнкү иштеп жаткан Боршайкомдун легитимдүүлүгү акыркы орунда турбастыгын унутта калтырышууда.             Шайлоо мыйзамын жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу деген түрдө шайлоо системасын реформалоо, иш жүзүндө азыр колдонуудагыга карама каршы келген, таптакыр башка администрациялык, техникалык, укуктук, экономикалык жана саясый принциптерде түзүлө турган жаңы шайлоо системасы жөнүндө мыйзам долбоорлорунун пакеттерин жылдыруу болуп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясы башынан тартып өзүнүн позициясында бекем туруп анын орундуулугуна толук ишенет, учурдагы бардык кырдаалды, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана саясый абалын эске алган сапаттуу мыйзамдарды кабыл алууга зарыл убакыт бизде жок экендигин, болгон күндө да ал убакытты өткөрүп жибергенибизди жоопкерчилик менен билдирет. Ушул тапта, мамлекетте стабилдүүлүк жана тынчтык башкы приоритет болуп эсептелип, ал эми мамлекеттик башкаруу системасы интенсивдүү кайра өзгөрүү абалында турганда жаңы мыйзамдарды кабыл алууну тездетүү өзүн актамак турсун жагымсыз кесепеттерге да алып келиши мүмкүн. Азыркы учур эксперименттерди, тобокелге салган жана ойлонуштурулбаган реформаларды өткөрүүнүн мезгили эмес. Сунушталган реформалар кесипкөйлүк менен иштелип чыгылбаган, Президентти шайлоого чейинки мөөнөттө алардын ийгиликтүү жүзөгө ашырылышына,  дегеле качандыр бир жүзөгө ашырылышына ишеним жок. Шайлоо системасын таптакыр башка принциптердин, кадрлык, техникалык жана финансалык камсыз кылуу керектөөлөрүнүн жогорулашынын негизинде кыска мөөнөттө түп тамыранан бери жана фундаменталдык реформалоо жүргүзүү жөнүндөгү мыйзамдарды шашылыш кабыл алуу азыркы кыйын кырдаалды татаалдатып, оорчулукка алып келиши гана мүмкүн деп эсептейбиз.             Өлкөнүн негизги мыйзамында аны алгач колдонууда ачылган кемчиликтер, алалыктар жана карама каршылыктар биздин позицияны толугу менен тастыктоодо. Атап айтканда, акыркы референдумда кабыл алынган Конституция жана аны ишке киргизүү тууралу Мыйзам биринчи эле сынактан өткөндө - Жогорку Кеңешти шайлоодо мүдүрүлдү.             Ушуга байланыштуу, биз азыркы кырдаалда алдыдагы Президентти шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн колдонуудагы шайлоо Кодексин негиз кылуу, азыркы шайлоо комиссияларынын системасын сактоо, аны КР Конституциясы менен төп келтирүү менен Конституциялык мыйзам катары кабыл алуу, ал эми радикалдык реформаларды президенттик шайлоодон кийин өткөрүү чечими эң оптималдуу жана туура болот деп эсептейбиз.             Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын чыгарууну эки айга создуктурду, партиялардын бирин парламентке өткөрбөй коюу үчүн тандалган айрым участкалардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табуу боюнча мыйзамсыз иштерди жүргүздү деген айыптар тууралуу Жогорку Кеңешке белгиленген беш пайыздык чекти багындырган бардык партиялар өткөндүгүн, шайлоолор 10-октябрда болуп, жыйынтыктары 1-ноябрда туура үч жумадан кийин чыгарылгандыгын эскерте кетмекчибиз. Биз ишибизге жана чечимдерибизге кандай гана ревизия жүргүзүлбөсүн жыйынтыгына ишенебиз. Эгерде Боршайкомдун легитимдүүлүгү, анын айрым же парламенттик шайлоолордун жалпы жыйынтыгын чыгаруу боюнча чечимдери күмөн саноону туудурса, Жогорку Кеңеш бүгүн да Боршайкомдун кандай гана чечими болбосун кайрадан карап чыгууга укуктук негиздерди түзүү үчүн бардык ыйгарым укуктарга ээ экендигин билдирмекчибиз. Биз болсо Боршайкомдун наамына карата, мунун ичинде өткөн парламенттик шайлоолордогу добуштарды өлкөнүн бардык участкалары боюнча да, айрым участкалар боюнча да кайрадан санап чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин ар бир чечимин аткарууга даярбыз, ал түгүл жүзөгө ашырууга милдеттүүбүз. Акырында айтарыбыз, айрым саясатчылар жарыя салып жүрүшкөндөй биздин “легитимсиз, анатомиялык кемчиликтерибиз жана башка кеселдерибиз” бар экендигине карабастан Борбордук шайлоо комиссиясы Боршайкомдун азыркы курамын жалпысынан жаңы мөөнөткө, ошондой эле келе жаткан шайлоолорго сактап калуу үчүн эч кандай аракеттерди көрүү ниети жок экендигин белгилей кетмекчибиз, ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруу органынын өз дайыны боюнча бирдей мыйзам долбоорлорун түрдүү варианттарда кабыл алуусунун актуалдуулугу тууралу сөз бүтөт деп үмүттөнөбүз.               Бардыгыңыздарга сак-саламаттыкты жана сабырдуулукту каалайбыз. КР Борбордук шайлоо комиссиясы: Сариев А.А., Абдыкалыкова А.Ж., Акматов Ж.А., Бапанова Ж.Б., Баялинов А.Ж., Бекбасаров Р.Б., Джанжалбеков М.Ж., Ирискулбеков Э.Б. Корсунский М.А., Ли А.С., Мамараимов А.М.
Кененирээк билүү >>
Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жөнүндө маалымат
21.04.2011

Ош, Баткен жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо жөнүндө маалымат

2011-жылдын 17-апрелинде Ош, Баткен жана Талас облустарынын 6 районунун 13 жергиликтүү кеңештерине шайлоо болуп өттү. Аймактык комиссиялардын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына берген маалыматы боюнча 35 округдан 171 мандат түчүн жергиликтүү кеңештин депутаттыгына 376 талапкер көрсөтүлгөн. Шайлоо боло турганына эки күн калаганда 5 талапкер өздөрүнүн талапкерлигин алып салдышты. Ар бир мандат үчүн орточо эсеп менен 2,16 талапкер атаандашты. Ош облусу боюнча 206 талапкер катталган, анын ичинен 192 өзүн-өзү көрсөткөндөр, саясий партиялардан көрсөтүлгөндөр 14 талапкер. Талас облусу боюнча 76 талапкер көрсөтүлдү, алардын ичинен өзүн-өзү көрсөткөндөр 68, саясий партиялардан 8, баткен облусу боюнча 94 талапкер көрсөтүлгөн, алардын ичинен 65 өзүн-өзү көрсөткөндөр, 29 талапкер саясий партиялардан көрсөтүлдү. Шайлоо күнү бардык 42 шайлоо участкасы өз учурунда б.а. 8.00дө ачылды. Шайлоочулардын активдүүлүгү Талас облусунда 59,45%, Ош облусунда 47,08%, Баткен облусунда 39,32% болду. Талас облусунун Кара-Буура районунун жергиликтүү кеңештерине депутаттардын сапаттык курамы № К/Н УШКнын, РШКнын аталышы Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны жынысы курагы улуту билими     Жарандардын чогулушунан Саясий партиялардан эркек аял 30  жашка чейин 30-45 жаш 45 жана андан жогору кыргыз орус казак өзбек жана башкалар орто Толук бүтпөгөн жогорку жогорку   6024 3   3     2 1 3         2   1   6025 5 3 8     3 5 8         3 5     6046 2   2     1 1 2         2       6047 2 1 3     2 1 3         2   1   6048 6   5 1 2 2 2 6         3 1 2   6049 11   9 2   7 4 11         5 3 3 Район боюнча жалпы  29 4 30 3 2 17 14 33 0 0 0 0 17 9 7 Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайланган 4 депутат, “КСДП” партиясынан көрсөтүлгөн. Талас  облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы                                                            Г.Исбасарова   Ош облусу боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка шайланган талапкерлердин сапаттык курамы жөнүндө маалымат Шайлоо күнү 2011-жылдын 17-апрели. Айылдык кеңештин аталышы Көп мандаттуу округдун аталышы Мандаттардын саны   Алардын ичинен Жынысы Курагы Билими Националь ность Катталган талапкерлердин саны Каттоодон баш тартылган с/п Өзүн-өзү көр. э а 30 жашка чейин  30 жаштан 45 жашка чейин 45 жаштан жогору Жогорку Атайын орто орто кыргыз орус өзбек Башкалар Алай                                   Коңур-Дөбө №1 Боз-Караган 9   9 8 1 1 5 3 4 3 2 9       22     №2 Арпа-Тектир 6 1 5 4 2 2   4 2 1 3 6       11   Каблан-Көл №1 Кабылан-Көл 8 1 7 4 4 1 2 5 5 3   8       16     №2 Күнгөй 3   3 3     1 2   2 1 3       3   Кара-Кулжа                                   Кеңеш №1 Ат-Келтир 7   7 6 1   3 4   4 3 7       14     №2 Пор 4   4 3 1 1 1 2   4   4       8   Ноокат                                   Көк-Бел №1 Көк-Бел 7 1 6 7   1 1 5 1 2 4 7       12     №2 Н.Исанов 4 1 3 4   1   3 4     4       9   Н.Исанов №1 Чеч-Дөбө 3 1 2 3     1 2 1 1 1 3       5 1   №2 Жар-Коргон 3   3 3     1 2 2   1 3       8 1   №3 Тескей-Кожоке 5   5 4 1 1 2 2 4   1 5       6     №4 Жаңы-Базар 2 1 1 1 1   2   1   1 2       3     №5 Күнгөй-Кожоке 4 1 3 3 1 1 1 2 2 1 1 4       9   Кара-Суу                                   Отуз-Адыр №1 Отуз-Адыр 7   7 6 1   2 5 6 1   7       27     №2 Кара-Дөбө 3   3 3       3 1 1 1 3       11     №3 Кыш-Абад 5   5 4 1   2 3 3 1 1 5       13   Сары-Колот №1 Сары-Колот 4   4 4     3 1 2   2 4       6     №2 Тынчтык 4   4 4   3   1 2   2 4       7 1   №3 Шерали 3   3 2 1   2 1 1   2 3       4   Бардыгы  91 7 84 76 15 12 29 50 41 24 26 91       194 3 Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайлангшан 7 депутат, “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн. Ош  облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы                                         С.Карымшакова   Баткеноблусу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сапаттык курамы № К/Н УШкнын, РШКнын аталышы Көрсөтүлгөн талапкерлердин саны    жынысы    курагы    улуту билими     Жарандардын чогулушунан Саясий партиялардан эркек аял  30 жашкы чейин 30-45 жаштагылар 45 андан жогору кыргыз орус казак өзбек башкалар орто Толук бүтпөгөн жогорку жогорку     Аксайс кий а/к 8   7 15    -    2 9 4 15                 5   4   6      Актатырский а/к 12     1 12    1    3 6 4 13                 4         7 2     Самаркандекский а/к 12   7 18 1 1  11 7 19                 6 5 8   ИТОГО   32 15 45 2 6 26 15 47 0 0 0 0 15 16 16 Эскертүү: Саясий партиялардан жергиликтүү кеңештерге шайланганы 15 депутат, “Ата-Журт” партиясынан 11, “Бүтүн Кыргызстандан” 3, “Республикадан” 1. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы                                                            А.Мадалиев Белгилей кетүүчү нерсе, биринчи жолу кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого байкоочу катары Демократия жана адам укуктары боюнча бюросунан ЕККУ (ДИАУБ) жана АКШнын Улуттук демократиялык институту (NDI) катышты.
Кененирээк билүү >>
1 478 480 481