Кыргыз Рееспубликасынын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын вице-президенти Валбург Хабсбург Дуглас баштаган топ менен жолугушуу өткөрдү
14 сентября 2011
13 сентябрда Кыргызстандын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) вице-президенти Валбург Хабсбург Дуглас баштаган топ менен жолугушуу өткөрдү.
Анда эки тарап 2011-жылдын 30-октябрына белгиленен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого болгон даярдыктар тууралуу баарлашты. ЕККУнун ПА өкүлү Валбург айым алар үчүн Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүү чоң ишеним экендигин белгилеп, бул демократиялуу өлкөгө келгенибизге кубанычтабыз деди. ЕККУнун тобу буга чейин Ош шаарында болгондугун, өлкө боюнча даярдык жакшы жүрүп жаткандыгын белгилешти. БШКнын төрагасы өз сөзүндө шайлоочулардын тизмеси, массалык-маалымат кызматтарынын айрымдарына шайлоо эрежелерин бузгандыгы үчүн эскертүү берилгендиги, теле аркылуу көрсөтүүлөрдү жазып алуу жолу менен жүргүзүү бир топ кыйынчылыктарды жараткандыгын айтып, шайлоого аттанган талапкерлер үгүт маалында өз кызматтарын убактылуу тапшыраарын айтты.
Өз кезегинде Валбург айым ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясы гана эмес Европа өлкөлөрүнүн Ассамблеясынын атынан дагы ыраазычылык билдирип, шайлоо маалында көбүрөөк Эл аралык байкоочу алып келебиз деп сөз берди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы
