Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевге Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу тууралуу эскертүү

17 сентября 2011

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) ага жүктөлгөн милдеттерин аткаруу менен  Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  шайлоо жана шайланууга  конституциялык укугун ишке ашырууда шайлоо мыйзамдарынын аткарылышына контролдук жүргүзөт.

Шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо  максатында, Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикаынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын (мындан ары- шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам) 22, 28-беренелерине,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учуруна карата үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелерине көзөмөл жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзгөн.

Жумушчу топ шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарды  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо  боюнча шайлоо өнөктүгү процессинде бузуулары тууралуу материалдарды чогултууну жана системалаштырууну, ошондой эле, шайлоочуларды маалымдоону жөнгө салуучу шайлоо жөнүндө колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерин, шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү ченемдерин бузуулар жөнүндө кайрылууларды алдын ала кароону ишке ашырат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумушчу тобу чогулткан материалдарды изилдеп карап чыгып,  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо  боюнча шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиев тарабынан шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген шайлоо алдында үгүт жүргүзүү тартибин жана эрежелерин бузууга жол бергендигин ырастайт.

Алсак, шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 23-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн – 2011-жылдын 25-сентябрынан башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат мурда- 2011-жылдын 29-октябрында саат 08.00дө токтотулат.

Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесине ылайык шайлоо алдындагы үгүт деп төмөнкүлөр таанылат:

1) тигил же бул талапкер, талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;

2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;

3) талапкерди, талапкерлердин тизмесин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;

4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевдин 2011-жылдын 30-августундагы № 65 “Алиби” газетасында, 5 б.; 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 65 “Фабула” газетасында 6 б.; 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 29 “Дело №” газетасында 7 б. (868) интервьюларын, ошондой эле электрондук жана жалпыга маалымдоо басма каражаттарында жайгаштырылган жана жарыяланган материалдарды изилдеп чыгып, аларда шайлоо алдындагы үгүттү мөөнөтүнөн мурда жүргүзүү белгилери камтылган деген жыйынтыкка келди.

Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамда белгиленген жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бузган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы мындай бузуулар жөнүндө аларга жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө укуктуу.

Талапкер жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды бир нече жолу бузса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жоюу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

 Жогоруда баяндалганды эске алуу менен шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бөлүгүн жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И.Суваналиевге шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 22,23-беренелеринин талаптарын бузуунун жол берилгистиги жөнүндө эскертет.

 

 

 

            ТӨРАГА                                                                                          Т.АБДРАИМОВ