Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар кийинки шайлоодо талапкер болуп катталбайт
03.05.2013

Иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар кийинки шайлоодо талапкер болуп катталбайт

Республикадагы айылдык кеңештердин айрым депутаттары жана саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатат. Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо процессинин өзгөчөлүктөрү шайлоо мыйзамдарында атайын ченемдер түрүндө көрсөтүлгөн эмес. Бирок Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо укуктарын жана шайлоонун тең шарттарын камсыз кылуу боюнча, ошондой эле шайлоо эркиндигин кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөөгө контролдук кылуу боюнча маселелер жүктөлгөндүгүнө байланыштуу жана депутаттардын жергиликтүү кеңештин таркатылышына жана мамлекеттин бюджетине каралбаган жүктү алып келген атайын аракеттери үчүн жоопкерчилик маселелерин жөнгө салуу ыйгарым укуктары бар. Белгиленген мыйзамдык ченемдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар кийинки шайлоодо талапкер болуп катталбайт жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы негиздер бар болгон учурда ар бир жергиликтүү кеңеш жана шайлоо процессинин субъектиси  боюнча ушул токтомго ылайык жана жергиликтүү кеңешти таркатууга багытталган атайын аракеттердин аныкталган фактысынын натыйжасы боюнча чечим кабыл алат деген токтом кабыл алды.                                  Борбордук шайлоо комисиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын  КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ
22.04.2013

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-апрелиндеги  №51 токтому менен бекитилген   Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ   Шайлоо күнү – жекшемби           2013-жылдын 26-майы   №   Иш-чаралардын мазмуну Аткаруу мөөнөттөрү Аткаруу үчүн жооптуулар Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү 1.  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин  Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча) Добуш берүү күнүнө чейин 33 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-апрелине чейин) Аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы) - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк 2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын бекитүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча) Добуш берүү күнүнө чейин 33 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-апрелине чейин) Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк) 3. Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча) Алар бекитилген күндөн тартып 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 26-апрелине чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк) 4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча) Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 26-апрелине чейин) Аймактык шайлоо комиссиялары  (Мыйзам 11-берене, 2, 3-бөлүктөр) 5. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын бекитүү (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча) Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 26-апрелине чейин) Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШКнын аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 10-берене, 3-бөлүк) 6. Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо (Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу боюнча, Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча) Алар бекитилген күндөн тартып 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 29-апрелине чейин) ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы) (Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк) 7. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү Өзүнчө план жана график боюнча Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары 8. Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн окутуучу тренингдерди өткөрүү Өзүнчө план жана график боюнча Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору, Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө 9. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана тактоо   Шайлоо дайындалган күндөн тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 24-майына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү аркасында атайын өкүлдөр, системдик администраторлор (Мыйзам, 12-берене) 10. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын негизги тизмесинен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу   Добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 24-майына чейин) Аймактык шайлоо комиссиялары, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор (Мыйзам, 12-берене, 3, 7-бөлүктөр) 11. Шайлоочулардын тизмелерин принтерден (2 нускада) чыгаруу жана шайлоо участкаларына бир нускадан берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары кол коет жана мөөрү менен бекитилет)   Добуш берүү күнүнө чейин 26 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 30-апрелине чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары (Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк) 12. Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү   Добуш берүү күнүнө чейин 26 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 30-апрелине чейин)   Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк) 13. Кабарлоонун формаларын бекитүү (2013-жылдын 1-майына чейин) Борбордук шайлоо комиссиясы 14. Кабарлоолорду, 1-форманын жана 3-форманын бланктарын жана шайлоочулардын акыркы тизмесин принтерден чыгаруу үчүн атайын кагазды даярдоо жана жеткирүү (2013-жылдын 1-майына чейин) БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү 15. Шайлоочуга ал шайлоочулардын тизмесинде бар болушу жөнүндө кабарлоону жөнөтүү   Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 6-майына чейин)  Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам, 13-берене, 2-бөлүк) 16. Шайлоочулардын тизмесине (1-форма) киргизүү жана жекече маалыматтарга (3-форма) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу жана иштетүү Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 18-майына чейин)  Участкалык шайлоо комиссиялары, аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор 17. Шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-майына чейин)  Аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор   (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк) 18. Номер коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга принтерден чыгаруу) Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-майына чейин)   Аймактык  шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системдик администраторлор, участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары   (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)   Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо   19. Айылдык кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү     Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда аяктайт   (2013-жылдын 5-майында саат 24.00гө чейин)  Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топтору жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-берене, 1, 2-бөлүктөр) 20. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөөлүү баш тартуу Зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 21-берене, 3-бөлүк)  21. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 5-майында саат 24.00гө чейин)   Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк)  22. Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү Документ кабыл алынган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк)  23. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо Добуш берүү күнүнө чейин 13 календарлык күн калганда аяктайт (2013-жылдын 12-майында саат 24.00гө чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк)  24. Айылдык кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерге  тиешелүү күбөлүктөрдү берүү Талапкерлер катталгандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк)  25. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө басма сөзгө жарыялоо Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 4 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк)  26. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин кайра чакыртуу жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу   Добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-майында саат 24.00гө чейин)   Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу   27. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөлүү баш тартуу Ишенимдүү адамдарды каттоо талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде тез арада жүргүзүлөт Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 18-берене, 2-бөлүк)  Шайлоо алдындагы үгүт 28. Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо     Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар (Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр)  ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы 29. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат (2013-жылдын 12-майынан 2013-жылдын 24-майына чейин) Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору (Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк) 30. Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин   Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте (Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк) 31. Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк) Шайлоону финансылоо 32. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү Шайлоо дайындалгандан кийин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (финансы жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы) 33. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулардын тобу шайлоо фондун түзүшү Шайлоо комиссиясы саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттагандан кийин 4 календарлык күндүн ичинде Саясий партия,  шайлоочулардын тобу (Мыйзам, 15-берене, 1-бөлүк) 34. Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер банкта атайын эсепти ачышы Талапкерлер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтер берилгенге чейин Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 15-берене, 1-бөлүк) 35. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат   (Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк) 36. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу     Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат   (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) 37. Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Шайлоодон кийин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 3-июнуна чейин)   Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын тобу (Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк) Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат   (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү 38. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын, коргоо даражасын жана жасоо тартибин бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 13 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 13-майына чейин)  Борбордук шайлоо комиссиясы   (Мыйзам, 30-берене, 1-бөлүк)   39. Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 13 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 13-майына чейин)  Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 3-бөлүк) 40. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (бүткүл мезгилдин ичинде) (2013-жылдын 19-майына чейин)  Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк) 41. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 19-майына чейин)  Борбордук шайлоо комиссиясы БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү  (Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк) 42. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 7 календарлык күндөн кечиктирбестен, ал эми кайталап добуш берүү учурунда добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн мурда. (2013-жылдын 19-майына чейин)  Борбордук шайлоо комиссиясы   (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк)   БШКнын аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү   43. Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календарлык күн калганда Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк) Добуш берүү жана натыйжаларды аныктоо   44. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү Добуш берүү күнүнө чейин 6-1 календарлык күн калганда (2013-жылдын 20-майынан 25-майына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 32-берене, 1-бөлүк) 45. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү Добуш берүү күнүнө чейин бир календарлык күн калганда гана (2013-жылдын 25-майы) жана добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө шайлоочунун (анын ичинде башка адамдардын көмөгү менен берип жиберилген) шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын же оозеки кайрылуусунун негизинде гана. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен жасалат (2013-жылдын 24-майына чейин)   Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк) 46. Добуш берүүнү өткөрүү 2013-жылдын 26-майында саат  8.00дөн 19.00гө чейин Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене)   47. Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат (жыйынтыктар белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт) Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-берене) 48. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун факс боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берүү   Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада Участкалык шайлоо комиссиялары   49. Тиешелүү шайлоо документациялары бар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө  участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү   Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-берене, 1-бөлүк) 50. Округдун аймагында шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин тез арада жана добуш берүү күнүнөн тартып 13 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2013-жылдын 9-июнуна чейин)   Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-берененин 1, 4-бөлүктөрү, 38-берене) 51. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо Шайлоонун натыйжаларын аныктаган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде  (Мыйзам, 40-берене, 4-бөлүк) ОИП жана МС (КР БШКнын басма сөз кызматы) 52. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланган талапкер (Мыйзам, 51-берене, 1-бөлүк) 53. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү Шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арызды алгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы   (Мыйзам, 51-берене, 2-бөлүк)
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын  КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ
22.04.2013

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 50 токтому менен бекитилген   Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын КАЛЕНДАРЛЫК ПЛАНЫ    Шайлоо күнү – жекшемби           2013-жылдын 26-майы   №   Иш-чаралардын мазмуну Аткаруу мөөнөттөрү Аткаруу үчүн жооптуулар Шайлоо округдарын жана шайлоо участкаларын түзүү 1.  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 18-апрелине чейин)   Аймактык шайлоо комиссиялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы - (мындан ары – Мыйзам) 10-берене, 4-бөлүк) 2. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарын бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 38 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 18-апрелине чейин)   Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 10-берене, 5-бөлүк)   3. Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо Алар бекитилген күндөн тартып 4 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 22-апрелине чейин) ОИП жана МС (КР БШК басма сөз кызматы) (Мыйзам, 10-берене, 6-бөлүк) 4. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 34 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 22-апрелине чейин)   Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 11-берене, 2,3-бөлүктөр)   5.     Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларын бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 34 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 22-апрелине чейин)   Аймактык шайлоо комиссияларынын сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк)   6. Шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын ЖМКга жарыялоо Алар бекитилген күндөн тартып 4 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 26-апрелине чейин) ОИП жана МС (КР БШК басма сөз кызматы) (Мыйзам, 11-берене, 3-бөлүк) 7. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана алардын резервдери үчүн семинарларды өткөрүү Өзүнчө план жана график боюнча Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары 8. Шайлоо процессине катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү үчүн семинарларды өткөрүү Өзүнчө план жана график боюнча Шайлоо технологиялары борбору, аймактык шайлоо комиссиялары Шайлоочулардын тизмелери менен иштөө 9. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, катталган шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо   Шайлоо дайындалган күндөн тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 24-майына чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын көмөктөшүндө (Мыйзам, 12-берене) 10. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын измесинен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды чыгарып салуу   добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 24-майына чейин)   аймактык шайлоо комиссиялары, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор (Мыйзам, 12-берене, 3, 7-бөлүктөр) 11. Шайлоочулардын тизмелерин принтерден (2 нускада) чыгаруу жана шайлоо участкаларына бир нускадан берүү (тизмелерге аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары кол коет жана мөөрү менен бекитилет)   Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 26-апрелине чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор, участкалык шайлоо комиссиялардын төрагалары (Мыйзам, 12-берене, 4-бөлүк) 12. Шайлоочуларга тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмелерин илүү   Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 26-апрелине чейин)   Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам, 13-берене, 1-бөлүк) 13. Кабарлоо формасын бекитүү (2013-жылдын 1-майына чейин)   Борбордук шайлоо комиссиясы   14. Кабарлоо, №1,№3 Формалардын бланктарын жана шайлоочулардын акыркы тизмелерин басып чыгаруу үчүн атайын кагаздарды даярдоо жана жеткирүү (2013-жылдын 1-майына чейин)   БШК аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү 15. Шайлоочулардын тизмесиндеги шайлоочуга ал шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги жөнүндө кабарлоону жөнөтүү   Добуш берүү күнүнө чейин 23 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 3-майына чейин)   Участкалык шайлоо комиссиялары   (Мыйзам, 13-берене, 2-бөлүк) 16. Шайлоочулардын тизмелерине киргизүү жөнүндө (№1 форма) жана жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (№3 форма) шайлоочулардын берген арыздарын кабыл алуу жана аларды иштеп чыгуу Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 18-майына чейин)   участкалык шайлоо комиссиялары, аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор 17. Шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүү Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-майына чейин)   аймактык шайлоо комиссиялары, атайын өкүлдөр, системалык администраторлор (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк) 18. Шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүү жана номер коюлган, көктөлгөн жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын тизмесин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү (шайлоочулардын тизмелерин сөзсүз түрдө атайын кагазга принтерден чыгаруу) Добуш берүү күнүнө чейин 3 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-майына чейин)   Аймактык  шайлоо комиссиялары, аатйын өкүлдөр, системалык администраторлор, участкалык шайлоо комиссиялардын төрагалары   (Мыйзам, 13-берене, 5-бөлүк)   Талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо   19. Шаардык кеңештерге талапкерлерди көрсөтүү     Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 30 календарлык күн калганда аяктайт   (2013-жылдын 26-апрелинде саат 24.00гө чейин)   Саясий партиялар (Мыйзам, 49-берене, 1-бөлүк) 20. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулар топторунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же катоодон жүйөлүү баш тартуу Зарыл документтер түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар (Мыйзам, 21-берене, 3-бөлүк) 21. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү Добуш берүү күнүнө чейин 30 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 26-апрелинде саат 24.00гө чейин)   Саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 53-берене, 1-бөлүк)  22. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү Документ кабыл алынган күндөн тартып 8 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 53-берене, 4-бөлүк)  23. Талапкерлердин тизмесин каттоо Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө чейин 23 календарлык күн калганда аяктайт (2013-жылдын 2-майында саат 24.00гө чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 53-берене, 6-бөлүк)  24. Саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун аталыштарын, ошондой эле саясий партиялардан, шайлоочулардын топторунан талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө басма сөзгө жарыялоо Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 4 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 53-берене, 11-бөлүк)  25. Талапкерлерге ал катталган датаны көрсөтүү менен талапкердин күбөлүктөрүн берүү Талапкерлердин тизмеси катталган күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы (Мыйзам, 53-берене, 12-бөлүк)  26. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин кайра чакыртуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу   Добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-майында саат 24.00гө чейин)   Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу (Мыйзам, 54-берене, 1, 2-бөлүктөр) 27. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү Шайлоо дайындалган күндөн тартып жана шайлоо күнүнө чейин 23 календарлык күн калганда аяктайт   (2013-жылдын 2-майында саат 24.00гө чейин)   Саясий партиялар, тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналган шайлоочулардын топтору жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандар (Мыйзам, 49-берене, 1, 2-бөлүктөр) 28. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерди каттоо үчүн зарыл шайлоо документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Добуш берүү күнүнө чейин 23 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 2-майында саат 24.00гө чейин)   Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 60-берене, 1-бөлүк) 29. Талапкерлерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын талаптарына шайкештигин текшерүү   Документтер кабыл алынган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 3-бөлүк)  30. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерди каттоо   Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күн мурда   (2013-жылдын 10-майында саат 24.00гө чейин)   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 7-бөлүк)  31. Айылдык кеңештердин депутаттыгына катталган талапкерлерге тиешелүү күбөлүктөрдү берүү Талапкерлер катталгандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 9-бөлүк)  32. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызмат ордун (ишинин түрүн), жашаган жерин көрсөтүү менен депутаттыкка катталган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды басма сөзгө жарыялоо   Каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 4 календарлык күндүн ичинде   Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 60-берене, 8-бөлүк)  33. Шайлоого катышуудан баш тартуу, талапкерлердин тизмесин кайра чакыртуу жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу   Добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 23-майында саат 24.00гө чейин)   Талапкер, саясий партия, шайлоочулардын тобу (Мыйзам, 54-берене, 1, 2-бөлүктөр) 34. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөлүү баш тартуу   Зарыл документтер келип түшкөн күндөн тартып 2 календарлык күндүн ичинде Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 21-берене, 3-бөлүк)  35. Талапкердин, саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун ишенимдүү адамдарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү берүү же каттоодон жүйөлүү баш тартуу Талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын, саясий партиянын же шайлоочулардын тобунун сунушунун жана ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө жарандын өзүнүн арызынын негизинде талапкерлерди каттагандан кийин тез арада Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 18-берене, 2-бөлүк)  Шайлоо алдындагы үгүт 36. Маалыматтык камсыз кылуу, шайлоочуларга маалымдоо     Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык юридикалык жана жеке жактар, ОИП жана МС (КР БШК басма сөз кызматы) (Мыйзам, 22-берене, 1, 2-бөлүктөр)    37. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда токтотулат Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору (Мыйзам, 23-берене, 1-бөлүк) 38. Чогулуштарды жана жарандар менен жолугушууларды, ачык дебаттарды жана дискуссияларды, митингдерди, демонстрацияларды жана жүрүштөрдү уюштуруу, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыз кылуу Бардык талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин   Аймактык шайлоо комиссиялары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте (Мыйзам, 26-берене, 1-бөлүк) 39. Ар бир шайлоо участкасынын аймагында басылма үгүт материалдарын илүү үчүн атайын жерлерди бөлүү жана жасалгалоо Шайлоо дайындалган күндөн тартып 7 календарлык күндүн ичинде   Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (Мыйзам, 27-берене, 3-бөлүк) Шайлоону финансылоо 40. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын карап чыгуу жана бекитүү Шайлоо дайындалгандан кийин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (финасылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгы) 41. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия, шайлоочулардын тобу шайлоо фондун түзүшү Шайлоо комиссиясы саясий партиянын, шайлоочулардын тобунун финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн каттагандан кийин 4 календарлык күндүн ичинде Саясий партия,  шайлоочулардын тобу (Мыйзам, 15-берене, 1-бөлүк) 42. Шайлоо фондун түзүү үчүн талапкер банкта атайын эсепти ачышы Талапкерлер көрсөтүлгөн учурдан тартып жана каттоо үчүн документтер берилгенге чейин Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (Мыйзам, 15-берене, 1-бөлүк) 43. Талапкерлердин, саясий партиялардын, шайлоочулардын топторунун шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибине контролдук кылуу Шайлоо фондун түзгөн күндөн тартып Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат   (Мыйзам, 16-берене, 1-бөлүк) 44. Шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу чыгымдалышына контролдук кылуу     Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат   (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) 45. Шайлоо фондунун өлчөмдөрү жана аны түзүү булактары жөнүндө, ошондой эле каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетторду тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Шайлоодон кийин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 4-июнуна чейин)   Талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын тобу (Мыйзам, 15-берене, 19-бөлүк)  Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу, 7ден ашпаган адамдан турат (Мыйзам, 16-берене, 2-бөлүк) Шайлоо бюллетендерин даярдоо тартиби жана участкалык шайлоо комиссияларына берүү 46. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын, коргоо даражасын жана жасоо тартибин бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 11-майына чейин)  Борбордук шайлоо комиссиясы  (БШК аппаратынын уюштуруу бөлүмү) (Мыйзам, 30-берене, 1-бөлүк)   47. Шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү Добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен (2013-жылдын 11-майына чейин)  Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 1-бөлүк) 48. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө ЖМК аркылуу же башкача ыкма менен кабарлоо Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен (бүткүл мезгилдин ичинде) (2013-жылдын 18-майына чейин)  Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене, 1-бөлүк) 49. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин жасоо Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен  (2013-жылдын 18-майына чейин)  БШК аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү   (Мыйзам, 30-берене, 8-бөлүк) 50. Шайлоо бюллетендерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү Добуш берүү күнүнө чейин 8 календарлык күндөн кечиктирбестен, ал эми кайталап добуш берүү учурунда добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күн мурда. (2013-жылдын 18-майына чейин)  Борбордук шайлоо комиссиясы     БШК аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү   (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк) 51. Участкалык шайлоо комиссияларын шайлоо бюллетендери менен камсыз кылуу Добуш берүү күнүнө чейин 2-1 календарлык күн калганда Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 30-берене, 13-бөлүк) Добуш берүү жана натыйжаларды аныктоо   52. Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү өткөрүү Добуш берүү күнүнө чейин 7-1 календарлык күн калганда (2013-жылдын 19-майынан 25-майына чейин) Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 32-берене, 1-бөлүк) 53. Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүүнү өткөрүү Добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү шайлоо күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана жана шайлоочунун добуш берүү үчүн жайдан тышкары жерде добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же оозеки кайрылуусунун (анын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген) негизинде гана жүргүзүлөт. Шайлоочунун арызы (кайрылуусу) участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин ар кандай учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирилбестен жасалышы мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 33-берене, 2-бөлүк) 54. Добуш берүүнү өткөрүү 2013-жылдын 26-майында саат  8.00дөн 19.00гө чейин Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 31-берене)   55. Шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү Добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат (жыйынтыктар белгиленгенге чейин тынымсыз жүргүзүлөт) Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 36-берене) 56. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун факс боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына берүү   Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада Участкалык шайлоо комиссиялары   57. Тиешелүү шайлоо документациялары бар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө  участкалык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү   Протоколго кол коюлгандан кийин тез арада Участкалык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-берене, 1-бөлүк) 58. Округдун аймагындагы шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасын жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүү Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун алгандан кийин тез арада жана добуш берүү күнүнөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирбестен   (2013-жылдын 11-июнуна чейин)   Аймактык шайлоо комиссиялары (Мыйзам, 37-беренесинин 1, 4-бөлүктөрү, 38-беренеси) 59. Шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо Шайлоонун натыйжаларын аныктаган күндөн тартып 8 календарлык күндүн ичинде ОИП жана МС (КР БШК басма сөз кызматы) (Мыйзам, 40-берене, 4-бөлүк) 60. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арыздын көчүрмөсүн тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүү   Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланган талапкер (Мыйзам, 51-берене, 1-бөлүк) 61. Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берүү Шайлоонун натыйжаларын аныктагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусуна шайкеш келбеген ыйгарым укуктарды өзүнөн алып салуу жөнүндө арызды алгандан кийин, 2 күндүк мөөнөттө Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы   (Мыйзам, 51-берене, 2-бөлүк)        
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдоонун жана өткөрүүнүн  сметасы бекитилди
18.04.2013

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасы бекитилди

2013-жылдын 26-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн  сметасы 15 475 400 (он беш миллион төрт жүз жетимиш беш миң төрт жүз) сом суммасында бекитилди. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында кабыл алынды жана БШКнын аппаратынын финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгына каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзүү тапшырылды. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Мурда кабарлагандай  мамлекет башчысынын 2013 жылдын 11жана 15 апрелинде кол койгон  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине  мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндөгү» жана  «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндөгү» Жарлыктарынын негизинде ушул жылдын 26- майында  жергиликтүү кенештеге шайлоолор өткөрүлөт.                           Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы   
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо дайындалды
16.04.2013

Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо дайындалды

2013-жылдын 15-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-58-беренелерине ылайык, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Булак шайлоо округу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районундагы Токтогул шайлоо округу боюнча С.Юсупов атындагы айылдык кеңешке, Кара-Суу районундагы Учар шайлоо округу боюнча Төлөйкөн айылдык кеңешине жана Мамажанов  шайлоо округу боюнча Жоош айылдык кеңешине, Кара-Кулжа районундагы Биймырзев шайлоо округу боюнча Кара-Кулжа айылдык кеңешине, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округу боюнча Кара-Ой айылдык кеңешине, Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Бөрү-Баш айылдык кеңешине, Жети-Өгүз районундагы Батыш жана Жалгыз-Өрүк  шайлоо округу боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңешине, Чүй облусунун  Сокулук районундагы  №2,3,4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешине жана №1,3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешине, Москва районундагы №1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешине, Жайыл районундагы №1 шайлоо округу боюнча  Красновосточный айылдык кеңешине, Аламүдүн районундагы №2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешине  кайталап шайлоолор 2013-жылдын 26-майына, жекшембиге  дайындалсын. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн; - шайлоого даярдык жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүү, тактоо, түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн.  Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлдү.  Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  
Кененирээк билүү >>
Бүгүн Ноокат районундагы Көк-Жар жана Он Эки-Бел айылдарында айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлөт.
16.04.2013

Бүгүн Ноокат районундагы Көк-Жар жана Он Эки-Бел айылдарында айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлөт.

Бүгүн 16- апрелде Ноокат районундагы Көк-Жар жана Он Эки-Бел айылдык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлөт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды. Бул жөнүндө Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.                              Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комисcиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
БШК: 2013-жылдын 15-апрель күнү республиканын 12 айылында  айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт
15.04.2013

БШК: 2013-жылдын 15-апрель күнү республиканын 12 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт

Бүгүн 15- апрелде, республиканын 12 айылдык аймактарында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өтөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо, Жайыл районундагы Сары-Булак Чүй районундагы Искра, Жумгал районундагы Жаңы-Арык,  Лейлек районундагы Жаңы-Жер, Кадамжай районундагы Чаувай, Ак-Турпак, Алай районундагы Гүлчө, Чоң-Алай районундагы Жекенди, Ноокат районундагы Кара-Таш,Кеңеш,  Өзгөн районунудагы Дон-Булак, Чаткал районунудагы Терек- Сай айылдык аймактарында өткөрүлөт. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.                                      Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өткөн жок табылды.
11.04.2013

Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өткөн жок табылды.

Ушул жылдын 10 апрелине белгиленген Ош областынын Кара- Суу районундагы Кара-Суу шаарынын башчысын шайлоо бул кызматка талапкер болуп  катталган Уран Буркановдун шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндөгү арызынын негизинде өткөн жок деп табылды. Бул жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 1-мартындагы № 26 токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 14-мартына дайындалган, бирок шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер жоктугуна байланыштуу шайлоо болбой калган. Борбордук шайлоо комисиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
11.04.2013

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду

Бүгүн, 2013-жылдын 11-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине  мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу  органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2-пунктун, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүн,  49-беренесинин 6-бөлүгүн жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылынат: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Ош облусунун Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери, Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка, Кемин районундагы Көк-Ойрок, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол, Ысык-Көл районундагы Бостери, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңештери таркатылсын. Жогоруда аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майына, жекшембиге дайындалды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштурсун.     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү : - мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн; - мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча   чараларды көрсүн.  Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлдү.  Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
БШК: Бүгүн 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жана Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо болот
10.04.2013

БШК: Бүгүн 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жана Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо болот

Бүгүн 2013-жылдын 10-апрелинде Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жана Жалал-Абад облусунын Тогуз-Торо районундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо болот. КР БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-мартына, ал эми Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 12-февралына дайындалган. Бирок жогоруда көрсөтүлгөн айылдык кеңештердин депутаттары айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлабагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн эмес. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Каракол шаарынын мэрин шайлоо 25-апрелге дайындалды
10.04.2013

Каракол шаарынын мэрин шайлоо 25-апрелге дайындалды

Ысык-Көл облусунун шаарынын мэрин жана төрт айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 25-апрелине дайындалды. Ошондой эле шайлоону өткөрүү графиги бекитилди. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону республиканын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштуруу тапшырылган. Алсак, Караколдон тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын – Сокулук районунун Төш-Булак жана Саз айыл өкмөттөрүнүн, Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн, Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчылары шайланат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы  
Кененирээк билүү >>
БШК: Бүгүн Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болот
10.04.2013

БШК: Бүгүн Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болот

Бүгүн 2013-жылдын 10-апрелинде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болот. КР БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, мурда шайлоо 2013-жылдын 14-мартына дайындалган, бирок шаардын мэринин кызмат ордуна талапкер жок болгондугуна байланыштуу шайлоо өткөн эмес. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү тапшырылган. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
БШКнын мүчөсү И.Кадырбеков: БШК С.Жапаровдун, К.Ташиевдин жана Т.Мамытовдун мандаттары боюнча чечимди шаардык апелляциялык соттун чечиминен кийин гана кабыл алат
01.04.2013

БШКнын мүчөсү И.Кадырбеков: БШК С.Жапаровдун, К.Ташиевдин жана Т.Мамытовдун мандаттары боюнча чечимди шаардык апелляциялык соттун чечиминен кийин гана кабыл алат

01-04-2013 10:55 БШК «Ата-Журт» фракциясынын мүчөлөрү Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин жана Талант Мамытовдун депутаттык мандаттары жагынан чечимди шаардык апелляциялык соттун чечиминен кийин гана кабыл алат. Бул жөнүндө 1-апрелде АКИpress агенттигине КР БШКнын мүчөсү Ишенбай Кадырбеков билдирди. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамда кандай учурда депутат өз мандатынан ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылган. Эгерде апелляциялык сот парламентарийлерди түрмөгө камоого өкүм чыгарса, БШК депутаттык мандаттардан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алат», - деп айтты ал. КР Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат: 1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу же фракциядан чыккандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде; 2) жарандыктан чыкканда же болбосо башка жарандыкты алганда; 3) башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда; 4) шайлоолор жараксыз деп табылганда; 5) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан иштөөгө жөндөмсүз деп таанылганда; 6) ага карата соттун күнөө коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасы 10-апрелге которулду
28.03.2013

Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасы 10-апрелге которулду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо датасы жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен 2013-жылдын 10-апрелине которулду. Буга чейин шайлоо шаардын мэри кызматына талапкерлер жок болгондугуна байланыштуу өтпөй калган. Кара-суу аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону мыйзамдарга ылайык даярдоо жана өткөрүү милдети тапшырылган.  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Чет-Нура жана Тогуз-Торо а/ө башчыларын кайра шайлоо 10-апрелге дайындалды
28.03.2013

Чет-Нура жана Тогуз-Торо а/ө башчыларын кайра шайлоо 10-апрелге дайындалды

2013-жылдын 28-март. Нарын облусунун Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнүн, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо 10-апрелге дайындалды. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында кабыл алынды Тактап кетсек, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-мартына, ал эми Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысын – 12-февралына дайындалган. Бирок, жогоруда аталган айылдык кеңештеринин депутаттары тарабынан айыл өкмөт башчылары шайланбай калгандыктан, ал жерлерде шайлоо болбой калган. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону мыйзамдардын талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү милдети тапшырылды.   Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасында 15 айыл округдардын башчыларын шайлоо 15-, 16 – апрелде өтөт
28.03.2013

Кыргыз Республикасында 15 айыл округдардын башчыларын шайлоо 15-, 16 – апрелде өтөт

28-март. Кыргыз Республикасында  жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 15-, 16 – апрелинде өтөт. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйналышында кабыл алынды, ошондой эле шайлоону өткөрүү графиги бекитилди. Шайлоо өлкөнүн 15 айылдык аймагында өтөт. Чүй облусу № к/н Айыл өкмөттүн аталышы Шайлоо өткөрүү датасы Жайыл району   Сары-Булак 15.04.2013 -ж. Чүй району   Искра 15.04.2013 -ж.          Нарын облусу    Жумгал   району    Түгөл –Сай 15.04.2013 -ж.   Жаңы-Арык 15.04.2013 -ж. Баткен  облусу Лейлек  району   Жаңы-Жер 15.04.2013 -ж. Кадамжай  району   Чаувай 15.04.2013 -ж.   Ак-Турпак 15.04.2013 -ж.   Ош  облусу Алай  району   Гүлчө 15.04.2013 -ж. Чоң-Алайу  району   Жекенди 15.04.2013 -ж. Ноокат  району   Кара-Таш 15.04.2013 -ж.   Көк-Жар 16.04.2013 -ж.   Кеңеш 15.04.2013 -ж.   Он Эки-Бел 16.04.2013 -ж. Өзгөн району   Дон-Булак 15.04.2013 -ж. Жалал-Абад  облусу   Чаткал  району   Терек-Сай 15.04.2013 -ж.          Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
1 453 455 482