Жалалидин Юсупов Көк-Жаңгак шаарынын мэри болуп шайланды

20 августа 2013

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында 2013-жылдын 12-августунда өткөрүлгөн  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылды жана шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжалары тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору бекитилди. Каыбл алынган токтомдун негизинде Жалалидин Юсупов Көк-Жаңгак шаарынын мэри деп болуп шайланды. Жаңы шайланган шаар жетекчисине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.

 

             Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы