Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Эртен 26 майда Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо болот.
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык ушул жылдын 26- майында шайлоо өткөрүлөт
Жалал-Абад областы боюнча:
-Сузак районундагы Ак-Булак шайлоо округу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешине,
Ош областы боюнча:
-Араван районундагы Токтогул шайлоо округу боюнча С.Юсупов атындагы айылдык кеңешке,
-Кара-Суу районундагы Учар шайлоо округу боюнча Төлөйкөн айылдык кеңешине жана
- Мамажанов шайлоо округу боюнча Жоош айылдык кеңешине,
-Кара-Кулжа районундагы Биймырзев шайлоо округу боюнча Кара-Кулжа айылдык кеңешине,
Баткен областы боюнча:
-Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине,
Ысык-Көл областы боюнча:
-Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округу боюнча Кара-Ой айылдык кеңешине,
-Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Бөрү-Баш айылдык кеңешине,
-Жети-Өгүз районундагы Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округу боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңешине,
Чүй областы боюнча:
-Сокулук районундагы №2,3,4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешине жана
- №1,3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешине,
-Москва районундагы №1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешине,
-Жайыл районундагы №1 шайлоо округу боюнча Красновосточный айылдык кеңешине,
-Аламүдүн районундагы №2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешине шайлоо болот.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Көк-Жаңгак (Сузак), Майлуу-Суу, Ноокат шаарлары боюнча саясий партиялардын атайын шайлоо эсебинде турган шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат (21.05.2013-ж.
№
С/П
Түшкөн сумма (сом)
Чыгымдардын суммасы (сом)
Эскертүү
г. Кок-Жангак (Сузак)
1
КСДП
50 000
49 674
2
Ата-Журт
20 006
20 006
3
Замандаш -Современник
48 000
32 300
4
Ата-Мекен
32 006
27 782
5
Прогресс
40 000
39 726
6
Кыргызстан коммунисттер партиясы
48 000
47 989
г. Ноокат
1
Замандаш -Современник
28 080
28 006
2
КСДП
40 000
33 880
3
Республика
20 000
20 000
4
Ата-Мекен
20 000
20 000
г.Майлуу-Суу
1
Прогресс
71 000
70 763
2
Замандаш-Современник
20 000
20 000
3
Ата Журт
20 000
20 000
4
Бүтүн Кыргызстан
29 300
28 846
5
Республика
23 150
23 150
6
Ата-Мекен
30 000
30 000
7
КСДП
34 400
30 900
Кененирээк билүү >>
БШК “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү” жана ага толуктоолор жөнүндөгү токтомдорду жокко чыгарды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө” № 59 токтомду жана ага өзгөртүүлөр киргизилген 2013-жылдын 6-майындагы № 64 токтомду жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. Анда иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар тиешелүү жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу кийинки шайлоодо талапкер катары катталбайт деп белгиленген болчу. БШКнын № 59 токтомун колдонуу, иш аракеттери жергиликтүү кеңештердин мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттардын чоҢ реакциясына алып келди. Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо практикасы айылдык кеңештердин айрым депутаттары ошондой эле саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатышкандыгын көрсөттү. Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлабагандыгына байланыштуу Майлуу-Суу, Көк Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери, Жайыл районундагы Полтавка, Кемин районундагы Көк Ойрок, Аксы районундагы Кара Жыгач, Тоң районундагы Улахол, Ысык Көл районундагы Бостери, Кара Суу районундагы Ак Таш айылдык кеңештери таркатылган
Борбордук шайлоо комиссиясына жергиликтүү кеңештердин депутатттарынан? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциацияларынан? Саясий партиялардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан көптөгөн кайрылуулар келип түштү№ШКга жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциацияларынан, саясий партиялардан жана Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Борбордук шайлоо комиссиясы бул маселе укуктук жактан так жөнгө салынышы керек деген пикиринде калат. Бул маселе боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын к-п сандагы кайра шайлоолор менен айкалышкан м—н-т8н-н мурда таркатылган депутаттарын шайлоодо каттоодон баш тартуудан чыга турган терс кесепеттерге жана көйгөйлөрдүн пайда болушуна жол бербөө тууралуу кайрылуусун эске алып, 2013 жылдын 29 апрелинде жана 2013 жылдын 6 айында кабыл алынган токтомдорун жокко чыгарды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештерине жана 6 айылдык кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26- майында өтөт. (Тизмеси).
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын-шаар мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын белгиленген мөөнөттөрдө шайланбагандыгына байланыштуу мамлекет башчысынын 2013 жылдын 11- апрелдеги Жарлыгы менен
Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери,
Жайыл районундагы Полтавка,
Кемин районундагы Көк-Ойрок,
Аксы районундагы Кара-Жыгач,
Тоң районундагы Улахол,
Ысык-Көл районундагы Бостери,
Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңештери таркатылган. Аталган жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26- майында өтөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруу тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 26 майында Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо болот.(Тизмеси).
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына ылайык ушул жылдын 26- майында шайлоо өткөрүлөт.
Шайлоо:
Сузак районундагы Ак-Булак шайлоо округу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешине,
Араван районундагы Токтогул шайлоо округу боюнча С.Юсупов атындагы айылдык кеңешке,
Кара-Суу районундагы Учар шайлоо округу боюнча Төлөйкөн айылдык кеңешине жана Мамажанов шайлоо округу боюнча Жоош айылдык кеңешине,
Кара-Кулжа районундагы Биймырзев шайлоо округу боюнча Кара-Кулжа айылдык кеңешине,
Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине,
Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округу боюнча Кара-Ой айылдык кеңешине,
Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Бөрү-Баш айылдык кеңешине,
Жети-Өгүз районундагы Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округу боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңешине,
Сокулук районундагы №2,3,4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешине жана №1,3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешине,
Москва районундагы №1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешине,
Жайыл районундагы №1 шайлоо округу боюнча Красновосточный айылдык кеңешине,
Аламүдүн районундагы №2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешине болот. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Бугун Жумгал районундагы Миң-Куш жана Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчыларын кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
Бүгүн Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жана Нарын областынын Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо болот. Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 15-апрелине, Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 25-апрелине дайындалган, бирок аталган эки айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган. Кайра шайлоо откоруу чечими Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында кабыл алынган. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылган.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңештердин айрым депутаттары, саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатат.
Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо практикасы айылдык кеңештердин айрым депутаттары, саясий партиялардан жана депутаттардын фракцияларынан көрсөтүлгөн шаардык кеңештердин депутаттары жергиликтүү кеңешти таркатууга жетишүү же аткаруу органынын башчысынын кызмат ордуна белгилүү бир талапкерди шайлоого жол бербөө үчүн шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону атайын үзгүлтүккө учуратып жатат деп билдирди, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Рашид Бекбасаров «Биринчи радионун» (КТРК) түз эфириндеги уктурууда.
Радиоугуучулардын суроолоруна жооп берип, Р. Бекбасаров, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары шайланбагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу аркылуу Президенттин Жарлыгы менен, Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак, Ноокат шаарларынын жергиликтүү кеңештери, Жайыл районундагы Полтавка, Кемин районундагы Көк-Ойрок, Аксы районундагы Кара-Жыгач, Тоң районундагы Улахол, Ысык-Көл районундагы Бостери, Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылдык кеңештери таркатылды.Шайлоо ушул жылдын 26 майында өтөт. Жакында Борбордук шайлоо комиссиясы иш аракеттери жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатууга негиз болгон депутаттар тиешелүү жергиликтүү кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу дайындалган анын депутаттарын шайлоодо талапкер катары катталбайт деген токтом кабыл алды деп билдирди.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
“Техникалык каражаттар менен камсыз кылуу мыйзамдардагы зарыл жаңылыктар болуп калууга тийиш”
“Талапкерлерди көрсөтүүдөн тартып шайлоонун натыйжаларын аныктаганга чейин бардык стадияларда катышуу жол-жоболору жарандарга түшүнүктүү жана ылайыктуу болушу үчүн шайлоо механизмдерин мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү зарыл” . Бул тууралу бүгүн КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов өз сөзүндө айтты. Анын айтымында, добуш берүү жол-жобосун максималдуу жөнөкөйлөтүү, алардын ачыктыгын ишеничтүүлүгүн камсыз кылуу керек. Бул максатта шайлоо процессинде добуш берүүнү, бюллетендерди эсептөөнү жана байкоо жүргүзүүнү техникалык каражаттар менен камсыз кылуу мыйзамдардагы зарыл жаңылыктар болуп калууга тийиш экендигин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы өз сөзүндө белгилей кетти. КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана РФ Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Информатизациялоонун федералдык борборунун өкүлдөрү шайлоо процессиндеги жаңы технологияларды, Шайлоо бюллетендерди комплексттүү ылгоо жана электрондук добуш берүүнүн комплексинин жабдууларын көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
«Шайлоо процессинин өзгөчө жана приниципиалдуу көйгөйү – бул шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо көйгөйү”
Шайлоо процессинин өзгөчө жана приниципиалдуу көйгөйү – бул шайлоочулардын тизмелерин түзүү жана тактоо маселеси, ал көптөгөн жылдардан бери талаш-тартыштарды пайда кылып, мыйзамдарда али таасын бекемделе элек. Бул маселени терең талдоо жүргүзүү зарыл”. Бул тууралу бүгүн КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т. Абдраимов өз сөзүндө айтты. Анын айтымында азыркы учурда айрым саясатчылар сунуш кылып жаткан шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн арыз берүү принциби терең иликтөөнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы “бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн укуктук статусун тактоо дагы бир маанилүү көйгөй болуп саналгандыгын. Комиссия мүчөлөрүнө көзкарандысыздыкты, коопсуздукту жана финансылык колдоону камсыз кылуу жагынан жетиштүү кепилдиктердин жоктугу көп учурда алардын иштен чыгып кетишине алып келгендигин. Ар кандай деңгээлдердеги шайлоо комиссияларынын ортосунда ыйгарым укуктарды тактоо маселеси чечилбеген бойдон калып жаткандыгын. Бул алардын ортосунда ыйгарым укуктардын бири-бирин кайталашына, өзүнө тиешеси жок ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырышына алып келгендигин”белгиледи. КР Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин отурумунда Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана РФ Борбордук шайлоо комиссиясына караштуу Информатизациялоонун федералдык борборунун өкүлдөрү шайлоо процессиндеги жаңы технологияларды, Шайлоо бюллетендерди комплексттүү ылгоо жана электрондук добуш берүүнүн комплексинин жабдууларын көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кербен шаарынын мэрин шайлоо 27 майда өтөт.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда Жалал-Абад областынын Аксы районунданы Кербен шаарынын мэрин шайлоону 2013 жылдын 27 майына белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынды. Аксы аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Карамат Орозова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды.
Кыргыз Республикасынын президентинин Э. Эрматовду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлееттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп дайындалгандыгы жөнүндө Жарлыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы» саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган Эрматов Эгембердинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Кыргызстан социалисттик-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкер Орозова Карамат Бабашевна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды. Жаны шайланган депутатка бекитилген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилди.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн бекитти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүсүн бекитти.
Кабыл алынган токтомдо Бишкек – саясий,экономикалык, илимий, административдик, тарыхый-маданий борбор, республиканын жогорку мамлекеттик бийлик органдары, элчиликтер, чет мамлекеттердин өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер, деп айтылат. Шаардык кеңеш Кыргызстандын борборунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республиканын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун Кыргызстан калкын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктоосу
Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери! Урматтуу Кыргызстан калкы!
Сиздерди 9-май УЛУУ Жеңиш күнү менен чын дилимден куттуктайм. Биз үчүн Жеңиш күнү - миллиондогон адам баласынын кайгы менен кубанычы аралаш көз жашынан бүткөн улуу майрам, улуу күн. Адамзат тарыхындагы эң кыянаттуу кыргынга акыркы чекит коюлган күнгө 68 жыл толуп отурат. Ошондон бери фашизм менен кашык каны калганча жан аябай күрөшкөн ата-бабаларыбыздын эрдигин түбөлүккө даңктоо иретинде "Жеңиш!" деген ыйык сөз баштамга менен жазылып келет. Канмайданда каза болгондордун, арабыздан көзү өтүп кеткен маркум ардагерлердин, азыр да биз менен аралашып жүргөн ата-энелердин чыныгы эрдигине таң берип, мына ошол канмайдан менен оорукта жамы журттун жабыла аракетинин аркасында гана Улуу Жеңиш жаралгандыгын туюп турабыз.
Бул күнү биз кан-жанын аябастан Ата Журтту фашизмден коргогондорго, Улуу Жеңиш үчүн оорукта күнү-түнү эмгектенгендерге, ХХ кылымдын эң кандуу согушунда аман калып, келечек муун үчүн талыкпаган эмгеги менен өз жерин кайрадан калыбына келтиргендерге таазим этебиз.
Алардын каармандыгы, кайраты жана баатырдыгы азыркы жана келечек муундар үчүн Мекенин жан-дили менен сүйүүнүн өчпөс мисалы, элдин биримдигинин жана ынтымагынын жаркын символу болуп кала бермекчи.
Согуш ардагерлерине, маркумдардын жесирлери менен бала-бакыраларына, оорук эмгекчилерине чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын.
Сиздерди терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикаынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.
Кененирээк билүү >>
Жумгал районунун Миң-Куш жана Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 20- майда өтөт.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жана Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2013-жылдын 20-майына дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды. Терек-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 15-апрелине, Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 25-апрелине дайындалган, бирок аталган эки айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
2013-жылдын 23 майы күнү республиканын 15 айылында айыл өкмөт башчыларын шайлоо өткөрүлөт
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда 2013- жылдын 23- майында республиканын 15 айылдык аймактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын -айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Шайлоо:
Ала-Бука районундагы Өрүктү, Биринчи май,
Базар-Коргон районундагы Могол, Кызыл-Үңкүр,
Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу,
Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала- арча,
Ысык-Ата районундагы Бирдик, Кең-Булуң,
Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан,
Кадамжай районундагы Марказ, Халмион,
Алай районундагы Бүлөлү,
Чоң Алай районундагы Кашка-Суу
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө жобосу бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө» Жобону бекитти.
Окутуу жана шайлоо технологиялары борбору Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Ал шайлоону уюштуруучулардын укуктук маданиятын кеңири өздөштүрүүнүн, прогрессивдүү шайлоо технологияларын киргизүүнүн негизинде шайлоо укуктарын жана шайлоо процессин өркүндөтүү максатында аппараттын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, шайлоо комиссияларынын резервинде турган адамдарды жана шайлоонун жана референдумдардын катышуучуларынын башка категорияларын шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндө окутуу боюнча функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Борбор макулдашуу боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, байкоочуларды жана башкаларды да окутат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти
23.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23.09.2026
КР БШК кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
22.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 23-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору