Абдуллаева Гульмира Капаровна Майлуу-Суу шаардык кеңешинин шайланган депутаты болуп таанылды

05 сентября 2013

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерге бош депутаттык мандатты ыйгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу токтомду кабыл алды.

Майлуу-Суу шаардык кеңешинин IV сессиясынын 2013-жылдын 6-августундагы токтому менен депутат Масиров Нурланбек Заирбековичтин депутаттык ыйгарым укуктары өзүнүн берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясы бош депутаттык мандатты “Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясынын катталган тизмесиндеги депутат болуп шайлангандардан кийинки катталган талапкер Абдуллаева Гульмира Капаровнага ыйгаруу чечимин кабыл алышкан.

 Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы