Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында коомдук укук коргоочу Акин Токталиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” фракциясынан депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду депутаттык мандатынан ажыратууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү арызы канаттандырылган жок. Укук коргоочунун арызы Борбордук шайлоо комиссиясына 2013-жылдын 13-августунда келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы