Айылчиев Тимур Кудайбердиевич Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп табылды
05 сентября 2013
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп, анда 2013-жылдын 17-июлунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл өкмөт башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Айылчиев Тимур Кудайбердиевич табылды. Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Т. К. Айылчиевдин иш стажысын аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан тиешелүү Жумушчу топ тузулгөн.
Жумушчу топтун берген маалымкатына ылайык Бостери айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жана Т. К. Айылчиевди Бостери айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы деп тануу жөнүндө сунуш берилген.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
