Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Бүгүн Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт.
Бүгүн 11-июлда Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт. Аталган айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен 2013-жылдын 23-майына белгиленген. Бирок белгиленген күнү айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлер Ананьево айылдык кеңешинин депуттары тарабынан тийиштүү добуш алышпагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок деп табылган.
Бүгүнкү шайлоодо айыл өкмөт башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан 5 талапкер көрсөтүлгөн. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары тарабынан, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен, жашыруун добуш берүү жолу менен шайланат.
Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясыны
басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ОШ, Жалал-Абад жана Баткен областтарындагы атайын өкүлдөрү жана тутумдук администраторлору үчүн окуу семинарларын өткөрүүдө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча атайын өкүлдөрдүн жана тутумдук администраторлордун административдик мамлекеттик кызматтарынын бош орундарын толуктоо сынагынын аяктагандыгына байланыштуу, ошондой эле, алардын квалификацияларын жогорулатуу максатында Борбордук Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы окутуу семинарын баштады. Окутуу семинары ушул жылдын 13-15 июнда Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт.
Окутуу программасында Кыргызстандын шайлоо иштеринин укуктук негиздери, Борбордук шайлоо комиссияларынын аймактык атайын өкүлдөрүнүн жана тутумдук администраторлорунун ишин уюштурууну жакшыртуу жана алардын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты менен өз ара аракеттешүүсүнүн таасирдүүлүгүн арттыруу камтылган.
Окутуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин күчү менен өткөрүлөт. Семинарга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы катышат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоонун жыйынтыктары каралды.
Бүгүн Республикасынын Шайлоо жана реефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоонун жыйынтыктары каралды. 2013-жылдын 26-майындагы болуп өткөн жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдордун негизинде Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоону өттү деп табуу жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу, арыздар, даттануулар, актылар келип түшкөн жок.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Майлуу-Суу, Көк Жаңгак шаардык кеңештеринин жана Аксы районунудагы КараЖыгач айылдык кеңешинин депутатттарын шайлоо өттү деп табылды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги жыйынында « Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жпана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Майлуу-Суу, Сузак, Аксы аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан келип түшкөн протоколдордун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Көк Жаңгак шаардык кеңештеринин жана Аксы районунудагы КараЖыгач айылдык кеңешинин депутатттарын шайлоо өттү деп табылды. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине жарандардан жазуу жүзүндөгү арыздар, даттануулар, актылар келип түшкөн жок. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Аламүдүн, Москва, Жайыл жана Сокулук райондорунун жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра жана мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын чыгарды. Чечим бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда кабыл алынды.
Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин жана Жайыл районунун Полтавка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо, ошондой эле №2 шайлоо округу боюнча Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин, №1 шайлоо округу боюнча Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин, №1 шайлоо округу боюнча Жайыл районунун Красный Восток айылдык кеңешинин, №№ 2,3,4 шайлоо округдары боюнча Сокулук районунун Ново-Павловка айылдык кеңешинин, №№1, 3 шайлоо округдары боюнча Сокулук районунун Орок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Шайлоолор «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 11- жана 15-апрелиндеги жарлыктарынын негизинде өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун жергиликтүү кеңештерине шайлоонун жыйынтыктары чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 26-майында өткөн «Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтомду кабыл алды жана шайлоону өттү деп тапты. Кайра шайлоо «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын 15-апрелиндеги Жарлыгына ылайык Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешинин Токтогул шайлоо округу, Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин Биймырза шайлоо округу, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин Учар шайлоо округу жана Жоош айылдык кеңешинин Мамажан шайлоо округу боюнча өттү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана аймактык шайлоо комиссияларына Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларына жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу районунун Ноокат шаардык кеңешинин жана Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кара-Суу районунун Ноокат шаардык кеңешинин жана Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өттү деп тапты жана «Ош облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтом кабыл алды. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ноокат шаардык кеңешинин, Ак-Таш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ош облусунда мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктары боюнча даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго ылайык Ноокат шаардык кеңешине – 21 талапкер, Ак-Таш айылдык кеңешине 21 талапкер шайланды. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылды
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2013-жылдын 4-июнундагы отурумунда “Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтом кабыл алып, 2013-жылдын 26-майындагы шайлоону өттү деп тапты. Шайлоо «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги Жарлыгына ылайык өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына карата арыздар, даттануулар келип түшкөн жок. Депутат болуп шайлангандарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылды
Бүгүн, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн кезектеги отурумунда Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылдык кеңешинин Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылдык кеңешинин Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округдары боюнча, Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылдык кеңешинин Кара-Ой шайлоо округу боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыктарын расмий чыгарды. Шайлоо «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги Жарлыгына ылайык 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларына жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Депутат болуп шайлангандарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилет.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин жана Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ысык-Көл районунун Бостери айылдык кеңешинин жана Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өттү деп тапты жана “Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” токтом кабыл алды. «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө» өлкөнүн Президентинин Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айылдык кеңешинин, Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоонун натыйжаларына жана добуш берүүнүн жыйынтыктарына даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок. Улахол айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго ылайык Бостери айылдык кеңешине - 21, Тоң районундагы Улахол айылдык кеңешине – 21 талапкер депутат болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кербен шаарынын мэри жана айыл өкмөттөрдүн башчылары шайланды
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кезектеги отуруму өттү, анда “2013-жылдын 23-жана 28-майында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө” токтом кабыл алынды. Кабыл алынган токтомго ылайык Апсаматов Абдумалик Рысбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэри, Алимбеков Махаматмуса Мамалатипович Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнүн башчысы, Бегматов Камалидин Хабибиллаевич Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы, Торобеков Сабит Мухамеджанович Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы, Манапов Азизбек Кубанычбекович Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланышты.
Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан “Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомдун долбоору каралып чыгып, кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) «Бишкек шаарынын аймактык райондук шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын аймактык (райондук, шаардык) шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө» 2011-жылдын 25-июлундагы № 49 жана № 50 токтомдору менен 58 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлгөн.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренсинин 1-бөлүгүнө ылайык эки жылдык мөөнөткө түзүлгөн аймактык шайлоо комиссияларынын (буга Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кирбейт) ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2013-жылдын 25-июлунда аяктайт.
Мыйзамдарга ылайык аймактык шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен кеминде он бир мүчөнүн курамында, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден бир бөлүгүнүн курамында түзүлөт. аймактык шайлоо комиссиясынын резервин БШК 5 жылдык мөөнөткө түзөт.
Азыркы учурда көпчүлүк аймактык шайлоо комиссияларынын резервинде аймактык шайлоо комиссияларынын жаңы курамын түзүү үчүн зарыл болгон саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын зарыл сандагы өкүлдөрү жок.
Буга байланыштуу БШК аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө жарыялайт.
Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу, ал адамдар менен так, калыс жана ак ниеттүү иштей билүүнү талап кылат. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өздөрүнүн макулдугун, ошондой эле алардын шайлоо комиссияларындагы ишке даярдыгынын даражасын эске алуу зарыл. Талапкерлерди көрсөткөн субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлердин орто кесиптик же жогорку кесиптик билими болууга жана, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш экендигин эске алышы керек.
аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысынын колтамгалары менен күбөлөндүрүлүшү зарыл. Протоколго чогулуштун катышуучуларынын жашаган жерин көрсөтүлгөн жана алардын колтамгалары менен күбөлөндүрүлгөн алардын тизмесин тиркелүүгө тийиш.
Саясий партиялардан көрсөтүү алардын уставдарына ылайык жүргүзүлөт. БШКга саясий партиянын (же чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү документ берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн документке төмөнкүлөр тиркелет:
- аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкерлердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;
- паспорттун көчүрмөсү;
- иштеген, окуган, билим алган жерин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жекече баракча же резюме);
-байланышуу маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери..
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулуштарынан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейин кабыл алынат жана тиешелүү шаардык, айылдык кеңештер же жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналыштары тарабынан БШКга юерилет.
Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2013-жылдын 1-июлунда саат 18.00гө чейин БШКда кабыл алынат.
аймактык шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктары жана аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү шарттары тууралуу “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболордон билүүгө болот, алар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясысынын www.shailoo.gov.kgрасмий сайтында жайгаштырылган.
Маалымат алуу телефону: 620829
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 10 айылдык округдардын шайланган башчыларын бекитти (Тизмеси).
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болду. Анда ушул жылдын 23-майында республиканын 10 айылдык аймактарында өткөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын -айыл өкмөт башчыларын шайлоону өттү деп табуу жөнүндө токтом кабыл алды Токтом аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдордун негизинде кабыл алынды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилет. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелет. (тизмеси тиркелет).
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун
аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
Катар №
Аткаруу органынын аталышы
Шайланган башчынын Ф.А.Ж.
Жалал-Абад облусу
Ала-Бука району
1.
Өрүктү
Алчынбаев Жаркынбек Балтагулович
2.
Биринчи Май
Шербаев Мухтар Нурмаматович
Базар-Коргон району
3.
Могол
Турдукулов Эркинбек Нурдинович
4.
Кызыл-Үңкүр
Жолдошев Оморбек Мамираимович
Тогуз-Торо району
5.
Кара-Суу
Молдобаев Тойгонбай Бекташович
Чүй облусу
Аламүдүн району
6.
Нижняя-Аларча
Мураталиев Талантбек Манапбекович
Ысык-Ата району
7.
Бирдик
Байдовлетов Мураткан Кыдыргычович
8.
Кең-Булуң
Аралбаев Джолдошбек Рысбекович
Ош облусу
Алай району
9.
Бүлөлү
Абдраев Таалайбек Жожоевич
Чоң-Алай району
10.
Кашка-Суу
Сапаралиев Мирланбек Туратбекович
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Чүй областынын Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 11-июнда өткөрүлөт.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында, республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын – Чүй областынын Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2013-жылдын 11-июнуна дайындоо жөнүндө токтом кабыл алды.
Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары тарабынан көрсөтүлүүчү, о шондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.Москва аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Жумгал районундагы Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Курманбек Болотбеков бекитилди
Бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Нарын областынын Жумгал районундагы Миң –Куш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары каралды.Айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо ушуд жылдын 20-майында өткөрүлгөн. Жыйында Жумгал районундагы Миң –Куш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону өттү деп табуу жана талапкер Курманбек Болотбековду аталган айыл өкмөтүнүн башчысы деп эсептөө жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо 11-июнда өткөрүлөт.
Ушул жылдын 11-июнунда Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен аталган аймактын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 20-майына дайындалган, бирок айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланган эмес.
Кайра шайлоо өткөрүү чечими Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
23.09.2026
КР БШКсы бир катар шайлоо участокторунун даректерин өзгөрттү
23.09.2026
КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жана “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жоболор бекиди
23.09.2026
Айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө жобо бекитилди
23.09.2026
КР БШКсы президенттикке талапкердин шайлоо фондун түзүү жана каражаттарын эсепке алуу тартибин бекитти
23.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
23.09.2026
КР БШК кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт