Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШКнын 2026-жылдын 14-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
13.08.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 14-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүлүүчү жери: Бишкек ш., Пушкин көчөсү, 50 3-кабат, жыйындар залы Өткөрүү убактысы: саат 11:00дө    1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин бекитүү жөнүндө” токтом долбоору Баяндамачы: Конутаев А.Б. - укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Бишкек, Кемин, Москва, Нарын, Талас шаардык, Сузак, Ноокат жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору Баяндамачы: Манасбеков Р.М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагындагы № 5397 шайлоо участогунун дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоору Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы 6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Ысык-Көл облусунун Түп районундагы №3056, 3057, 3059, 3083 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоору Баяндамачы: Алмазбеков Э.А. - шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий  партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
11.08.2026

Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Баткен, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Базар-Коргон, Ноокен, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Чаткал, Нарын шаардык, Нарын, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Алай, Чоң-Алай, Араван, Кара-Кулжа, Талас шаардык, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас, Кант, Сокулук, Москва, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында жарандардан жана саясий партиялардан документтерди кабыл аларын жарыялайт. Саясий партиялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине көрсөтүүчү субъектер болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык төмөнкүлөр шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло алышпайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - терс негиздер боюнча шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн милдеттеринен мөөнөтүнөн мурда бошотулган адам. Ошондой эле бир шайлоо комиссиясынын курамына жубайлар жана жакын туугандар шайлана алышпайт. Саясий партиялардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. Саясий партиялар талапкерлердин документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына 2026-жылдын 25-августуна саат 18.00гө чейин беришет. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине киргизүү үчүн жарандар, коомдук бирикмелер 2026-жылдын 25-августуна саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү кеңешке документтерди тапшыруусу зарыл. Жергиликтүү кеңештин шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди сунуштоо боюнча сессиясы шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктагандан кийин үч күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Сессиянын чечими бардык талапкерлердин документтери менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына дароо өткөрүлүп берилет. Шайлоо комиссияларынын резервине берилүүчү документтердин тизмеги: - талапкердин аймактык шайлоо комиссиясынын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; - паспорттун көчүрмөсү; - иштеген жери, окуган жери, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча же резюме); - байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери; - жеке дайындарды жыйноого жана иштетүүгө макулдугу; - көрсөтүүчү субъекттин протоколу. Көрсөтүүчү субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлер, эреже катары, тиешелүү калктуу пункттун аймагында жашоого тийиш экенин эске алуусу зарыл. Керектүү документтердин үлгүлөрү: арыз, саясий партиянын протоколу, жарандардын чогулушунун протоколу, жеке дайындарды жыйноого жана иштетүүгө макулдугу.
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын жана Армениянын БШК өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу боюнча онлайн-жолугушуусу өттү
10.08.2026

Кыргызстандын жана Армениянын БШК өкүлдөрүнүн тажрыйба алмашуу боюнча онлайн-жолугушуусу өттү

  Бүгүн, 10-августта Кыргыз Республикасынын жана Армения Республикасынын Борбордук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнүн видеоконференция форматындагы жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөө, шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу жана калк менен байланыштын заманбап формаларын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу болду.      Жолугушуунун жүрүшүндө армян тарап жарандардын шайлоого болгон ишенимин бекемдөөгө жана шайлоо процесстеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган институционалдык өнүгүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Катышуучулар ARTEMIS долбоору, Армениянын БШКсынын алдындагы Окуу борборунун ишмердиги, анын ичинде кадрларды даярдоо жана шайлоо тобокелдиктерин башкаруу системасын (ERM) киргизүү боюнча маалымат алышты.     Арменияда 2026-жылдын 7-июнунда өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын катышуусун жогорулатууга багытталган чаралар КР БШК өкүлдөрүнүн өзгөчө кызыгуусун жаратты. Аталган шайлоодо шайлоочулардын катышуусу дээрлик 59 пайызды түзгөн. Ушуга байланыштуу тараптар ар бир шайлоочу менен системалуу иш алып баруунун жолдорун талкуулашты. Аталган иштин максаты шайлоочуларга маалымат берүү менен бирге, алардын шайлоого аң-сезимдүү катышуусун камсыз кылуу жана ар бир добуштун өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин түшүндүрүү болуп саналат.   Ошондой эле, шайлоо органдарынын шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү мезгилиндеги жумуштарынын маанилүүлүгүнө көңүл бурулду. Жарандар, өзгөчө жаштар, билим берүү мекемелери жана коомдук бирикмелер менен туруктуу өз ара аракеттенүүнүн, маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүүнүн жана заманбап байланыш каналдарын колдонуунун зарылдыгын катышуучулар белгилешти.   Жыйынтыгында тараптар шайлоону уюштуруу жана өткөрүү, шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу, жаштар менен иштөө жана заманбап маалыматтык-коммуникациялык инструменттерди өнүктүрүү багыттарында тажрыйба алмашууну улантуу боюнча макулдашышты. Мындан сырткары, жолугушууда Кыргызстандын жана Армениянын шайлоо органдарынын ортосундагы туруктуу кызматташтык шайлоо процесстерин өркүндөтүүгө, жарандардын ишенимин бекемдөөгө жана шайлоого аң-сезимдүү катышууну калыптандырууга өбөлгө түзүлөрү айтылды.
Кененирээк билүү >>
Шайлоо өткөрүү жаатындагы эл аралык стандарттар жана ЕККУнун ДИАУБ сунуштарын ишке ашыруу боюнча тегерек стол өтүүдө
07.08.2026

Шайлоо өткөрүү жаатындагы эл аралык стандарттар жана ЕККУнун ДИАУБ сунуштарын ишке ашыруу боюнча тегерек стол өтүүдө

Бишкек шаарында “Шайлоо өткөрүү жаатындагы ЕККУнун эл аралык стандарттары жана милдеттенмелери, шайлоо чөйрөсүндө ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) сунуштарын ишке ашыруу” темасында эки күндүк тегерек стол өтүп жатат. Тегерек столду КР БШКнын төрагасынын орун басары Лейла Лурова ачып, шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдык реформалар, кабыл алынган конституциялык мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кеңири токтолду. Ал аталган өзгөртүүлөр шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун жана эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыз кылууга багытталганын белгиледи. Л.Лурова шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү жана ЕККУнун ДИАУБ сунуштарын ишке ашыруу маселелерин эл аралык эксперттер менен биргеликте талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү методологиясын, шайлоо процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо, талдоо жана ишке ашыруу ыкмаларын талкуулашат. Ошондой эле, шайлоо органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, шайлоо талаш-тартыштарын кароо, добуш берүү күнүн уюштуруу, шайлоо округдарын түзүү, шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү, аларды каржылоо жана бул жааттагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эл аралык стандарттар жана алдыңкы тажрыйбалар каралат. ЕККУнун ДИАУБунун эксперттери Кыргыз Республикасына берилген мурдагы сунуштардын ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын тааныштырып, шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган эл аралык мыкты тажрыйбаларды сунушташат. Эл аралык тажрыйба алмашууга, шайлоо мыйзамдарын жана аларды колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган тегерек столго КР БШКнын мүчөлөрү, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышууда.
Кененирээк билүү >>
КР БШК майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктары боюнча жумушчу топтун жобосун бекитти
05.08.2026

КР БШК майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктары боюнча жумушчу топтун жобосун бекитти

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Бул токтом жумушчу топтун максаттарын, милдеттерин жана функцияларын, ошондой эле анын курамын түзүү тартибин, анын ичинде жетекчисинин, мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын жана чечим кабыл алуу жол-жобосун жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. Жумушчу топтун жобосун бекитүү анын ишин уюштурууда бирдиктүү мамилени камсыздап, майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда Борбордук шайлоо комиссиясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук бирикмелер менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатат.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын атайын өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди
05.08.2026

КР БШКнын атайын өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Атайын өкүлдүн иши жөнүндө Жобону колдонуудагы конституциялык жана тармактык мыйзамдарга шайкеш келтирүү жана анын ишинин укуктук-уюштуруучулук негиздерин өркүндөтүү максатында төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: атайын өкүлдүн укуктук статусу такталып, ал мамлекеттик жарандык кызматчы катары аныкталат; дайындоо жана бошотуу тартиби мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык кайра редакцияланды; талапкерлерди сунуштоо механизми жоюлуп, квалификациялык талаптар (жаш курак, жогорку билим, мамлекеттик/муниципалдык кызмат же кесиптик тажрыйба) такталды; атайын өкүлдүн иш чөйрөсү кеңейтилди - округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары менен иштөө каралды; функциялары такталды жана кеңейтилди (шайлоо комиссияларды координациялоо, шайлоочулардын тизмеси, комиссия курамдарын жаңылоо, документ жүгүртүү, өткөрүп берүү актылары, коррупцияга каршы талаптарды сактоо); отчеттуулук системасы кеңейтилип, Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилигине жана шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгына отчет берүү такталды; терминология бирдейлештирилип, кайталанган жана эскирген нормалар алынып салынды. Белгилей кетсек, Жобого киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө байланыштуу атайын өкүлдүн ишмердүүлүгү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын бир катар токтомдору күчүн жоготту деп таанылды.  
Кененирээк билүү >>
Ала-Бука районундагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
05.08.2026

Ала-Бука районундагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Ала-Бука районунун  №2277 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагынын Падек айылындагы № 2277 шайлоо участогунун жайгашкан жери Падек айылы, У. Бойматов көчөсү, 10, Т. Жоробаев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Падек айылы, У. Бойматов көчөсү, 12, Ж. Тойчубеков атындагы маданият үйү дарегине өзгөртүлдү. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына Т. Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
05.08.2026

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. • Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Токтогулов Максат Сарылбековичтин (“Жаңы күч - Новая сила” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; • Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Нарматова Мияссархан Адахамовнанын (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат Сырожов Абдулазиз Абдулхаетовичке (“Эл биримдиги” саясий партиясы)  өткөрүлүп берилди; • Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Холматов Шерзодбек Холкозиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; • Кара-Суу районунун Датка айылдык кеңешинин депутаты Машрабаев Боходиржон Хасановичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Туркменов Джалалдин Шаисмаиловичке өткөрүлүп берилди; • Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңешинин депутаты Салибаев Төрөгазы Сабыралыевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ибрагимов Сапар Алмарсовичке өткөрүлүп берилди; • Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Анаралиев Акбаралинин ыйгарым укуктары Суу-Башы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 154 токтомунун негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Маркаев Абдибаит Пазыловичке  өткөрүлүп берилди; •Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Абдурасулов Алмазбек Абдыкааровичтин ыйгарым укуктары Суу-Башы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 154 токтомунун негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шайдуллаев Абдижалил Абдиллаевичке өткөрүлүп берилди; • Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңешинин депутаты Машрапов Куштарбек Примбердиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жигитов Куштарбек Максыталиевичке өткөрүлүп берилди; • Каракол шаардык кеңешинин депутаты Орозбекова Динара Осмоновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Работягина Елена Викторовнага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 5-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
04.08.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 5-августундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 5-августу Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы   1. “Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору (баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. “Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы № 2277 шайлоо участогунун жайгашкан дарегин өзгөртүү жөнүндө” токтом долбоору (баяндамачы – Алмазбеков Э.А., шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы) 3. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлүнүн ишмердиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору (баяндамачы – Берюев Н.Н., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти) 4. “Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топ жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору (баяндамачы – Шерипбаев Б.А., шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда «Кыргыз жараны» баалуулуктарын жайылтуу боюнча семинарлар өтүүдө
31.07.2026

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда «Кыргыз жараны» баалуулуктарын жайылтуу боюнча семинарлар өтүүдө

Жарандык жана санариптик билим берүү борборлорунда Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктиктер” Уңгужол Доктринасын ишке ашыруунун алкагында Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системалык администраторлорунун биргелешкен ишинин негизинде уюштурулган “Кыргыз жараны”  жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктарын жайылтуу жана калктын санариптик сабаттуулугун калыптандыруу боюнча  окутуу семинарлардын сериясы уланууда. Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар жарандык активдүүлүктү жана шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу, санариптик сабаттуулукту өнүктүрүү, ошондой эле заманбап маалыматтык технологияларды коопсуз пайдалануу көндүмдөрүн өздөштүрүү боюнча негизги маселелерди талкуулашууда. Өзгөчө көңүл жарандык жоопкерчиликтин маанилүү бөлүгү катары шайлоого аң-сезимдүү катышууга бурулууда. 2026-жылдын июль айында 750дөн ашуун жаран окутуудан өттү. Окутуу семинарларды уюштурууда жана өткөрүүдө Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынын, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Манас жана Кара-Көл шаарларынын, Ала-Бука жана Сузак райондорунун, Талас облусунун Талас шаарынын, Манас районунун Көк-Ой жана Кызыл-Адыр айыл аймактарынын шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү өзгөчө жигердүүлүк көрсөтүштү. Алардын активдүү катышуусу менен жер-жерлерде “Кыргыз жараны” жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктарын жайылтууга, жарандык маданиятты өнүктүрүүгө жана калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык-агартуу иш-чаралары системалуу негизде өткөрүлүүдө. Алынган билимдер шайлоочуларга санариптик кызматтарды ишенимдүү пайдаланууга жардам берип, “Кыргыз жараны” концепциясынын жалпы улуттук баалуулуктарын бекемдөөгө өз салымын кошот.
Кененирээк билүү >>
Бишкекте «Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу: айрым категориядагы жарандардын жана майыптыгы бар жарандардын шайлоо процесстерине катышуусу» аттуу онлайн тренингдер өттү
24.07.2026

Бишкекте «Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу: айрым категориядагы жарандардын жана майыптыгы бар жарандардын шайлоо процесстерине катышуусу» аттуу онлайн тренингдер өттү

22–23-июль күндөрү Бишкек шаарында «Шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жогорулатуу: айрым категориядагы жарандардын жана майыптыгы бар жарандардын шайлоо процесстерине катышуусу» темасында онлайн форматта тренингдер өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Майыптыгы бар жарандардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу боюнча жумушчу тобу тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. Тренингдин максаты - бардык категориядагы жарандардын шайлоо процессине тең укуктуу жана тоскоолдуксуз катышуусун камсыз кылуу боюнча катышуучулардын кесиптик билимин жана компетенцияларын жогорулатуу, ошондой эле инклюзивдүү шайлоолорду уюштуруунун практикалык ыкмаларын өркүндөтүү болуп саналат. Онлайн окутууга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ведомстволук мекемелеринин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 100дөн ашуун өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БШКнын Шайлоо комиссиялары менен өз ара аракеттенүү жана методология секторунун башчысы Эламан Алмазбеков айрым категориядагы жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда жана бекемдөөдө БШКнын ролу, жетишкендиктери, көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору тууралуу маалымат берди. Онлайн тренингдин баяндамачылары катары жумушчу топтун эксперттери Чолпон Омурканова жана Мирлан Медетов катышты. Тренингдин алкагында төмөнкү актуалдуу маселелер каралып, талкууланды: • айрым категориядагы шайлоочулар жана майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарынын картасын түзүүдөгү санариптештирүү; • натыйжалуу өнөктөштүк жана шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн ишке ашыруудагы өз ара аракеттенүүдө пайда болгон тоскоолдуктар. Катышуучулар пикир алмашып, практикалык тажрыйба жана сунуштары менен бөлүшүп, бардык категориядагы жарандар үчүн шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу механизмдерин мындан ары өркүндөтүүгө багытталган сунуштарын билдиришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунда Беларусь Республикасынын БШК өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн-семинар өттү
23.07.2026

КР БШКнын Жарандык билим берүү борборунда Беларусь Республикасынын БШК өкүлдөрүнүн катышуусу менен онлайн-семинар өттү

Бүгүн, 23-июлда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Беларусь Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Беларусь Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын өкүлдөрү менен онлайн форматта жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чара шайлоону уюштурууну окутуу жана шайлоочуларды, ошондой эле жаштарды укуктук жактан агартуу боюнча Беларусь Республикасынын тажрыйбасын изилдөөгө арналды. Жолугушуу 2026-жылдын 28-мартында Минск шаарында эки өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссияларынын ортосунда кол коюлган кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында уюштурулду. Иш-чара ачык диалог форматында өтүп, катышуучуларга шайлоо процессинин негизги багыттарын кеңири талкуулоого жана мыкты тажрыйбалар менен алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Беларусь тарап жарандарды маалымдоонун комплекстүү системасы менен тааныштырды. Анын ичинде бирдиктүү маалымат берүү күндөрү, жетекчилердин эмгек жамааттары жана студенттер менен көчмө жолугушуулары, ошондой эле келечектеги шайлоочулар клубдарынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө билим берүү мекемелеринде иш алып барган келечектеги шайлоочулардын клубдарына көңүл бурулду. Бул клубдардын негизги максаты - мыйзамдар тууралуу маалымат берүү менен гана чектелбестен, жаштардын жарандык аң-сезимин жана жарандык жоопкерчилигин эрте калыптандыруу болуп саналат. КР БШКсы жаштар менен иштөө боюнча Беларусь Республикасынын тажрыйбасын мындан ары да изилдөөгө жана аны өлкөбүздүн шарттарына ылайык колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгуусун билдирди. Алынган тажрыйба Кыргызстандагы жаштардын шайлоого катышуу жигердүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууда пайдаланылат. Шайлоону уюштуруучуларды окутуу, калкты маалымдоо жана жаштарга багытталган билим берүү программаларын камтыган бул системалуу тажрыйба эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана өз ара тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.    
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
14.07.2026

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 14-июлда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. • Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Гульнара Махмуджановнанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдукаимов Анварбек Абдукаимовичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; • Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаты Жумагулов Нурбек Жумагуловичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ормонов Бектурсун Анарбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; • Шопоков шаардык кеңешинин депутаты Джолдошева Чолпон Алмазовнанын (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Адылбекова Айжан Памировнага (“Адилет” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; • Түп районунун Каркыра айылдык кеңешинин депутаты Сралиева Шаршекан Мусаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Өмүрбек уулу Исламга өткөрүлүп берилди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 14-июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
14.07.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 14-июлундагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 14-июлу Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: Жыйындар залы   1. “Өзгөн, Таш-Көмүр, Сокулук жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору (баяндамачы – Манасбеков Р.М., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)  
Кененирээк билүү >>
Бишкекте жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш тренерлерди даярдоо жыйынтыкталды
14.07.2026

Бишкекте жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш тренерлерди даярдоо жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындар залында жаш тренерлерди даярдоо программасы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Программа Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ), “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук фондунун жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун колдоосу менен уюштурулду. Иш-чара жарандык катышууну, шайлоо маданиятын жана мамлекет менен өз ара аракеттенүүнүн санариптик формаларын жайылтуу боюнча билимге, көндүмдөргө жана практикалык инструменттерге ээ болгон жаш тренерлердин тармагын түзүүгө багытталды. Тренингдин катышуучулары - бул өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар жана алар шайлоо мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөрдү өздөштүрүштү. Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору А. Бейшембаева мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча окуу модулдарын өткөрдү. Анда “техникалык талапкерлерге” каршы чаралар, талапкерлерге коюлуучу талаптарды күчөтүү, “шайлоо дареги” түшүнүгүн жоюу жана шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жаңы тартиби кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле аралыктан добуш берүү, булуттуу электрондук кол тамганы колдонуу, шайлоо фонддорун түзүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартиби боюнча практикалык маселелерге өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын алкагында катышуучулар фасилитация учурунда жаралышы мүмкүн болгон татаал кырдаалдарды башкаруу боюнча практикалык даярдыктан өтүштү. Ошондой эле алар өз курдаштарын шайлоого катышуунун маанилүүлүгүнө ынандыруу, саясий процесстерге байланышкан татаал суроолорго жооп берүү ыкмаларын талкуулашты. Программа катышуучулардын алган билим деңгээлин баалоо үчүн жыйынтыктоочу тестирлөө жана анын жыйынтыктарын талдоо менен аяктады. Бул тренинг Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жарандардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча жүргүзүп жаткан системалуу ишинин уландысы болуп саналат. Мындан тышкары. Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоо жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыктын алкагында коюлган милдеттерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт.  
Кененирээк билүү >>
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
09.07.2026

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Бүгүн, 9-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Бердиев Авазбек Турабаевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) чыгарылып, ордуна резервден Тагаев Женешбек Рыскулович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан) комиссиянын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>
1 2 4 481