Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди;
* Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;
• Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди;
* Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;
* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;
* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;
* Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага өткөрүлүп берилди;
* Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;
* Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.