Башкы Жаңылыктар Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү

Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30-Сен, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 35 “Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын, Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди:

- 5556 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Т. Кулатов көчөсү, 8/1, Ош шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттын имараты дарегинен Ош шаары, Көкүм-Бий көчөсү, 13, № 70 балдар бакчасынын имараты дарегине;

- № 5311 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 106а, № 67 “Мөл Булак” балдар бакчасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ж. Раимбеков көчөсү, 22а, № 2 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты дарегине;

- № 5464 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Нагорная көчөсү, 1а, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө боюнча муниципалдык ишканасынын имараты дарегинен Ош шаары, Ирригатор көчөсү, 1, № 70 орто мектептин имараты дарегине;

- № 5246 шайлоо участогунун дареги Ош шаары, Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, М. Бегиев көчөсү, 35, Кыргызстан айылдык кеңсесинин имараты дарегинен Төлөйкөн айыл аймагы, Кыргызстан айылы, К. Мырзаев көчөсү, 40, О. Курбанбаев атындагы орто мектептин имараты дарегине.

- № 2092 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Токтогул көчөсү, 7, темир жол бекетинин имараты дарегинен Манас шаары, Токтогул көчөсү, 6, № 6 жалпы билим берүү мектебинин имараты дарегине;

- № 2413 шайлоо участогунун дареги Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Т. Байзаков проспекти, 171, эски автобекеттин имараты дарегинен Манас шаары, Б. Ботобаев көчөсү, 24, Г. Бакирова атындагы жалпы билим берүү мектебинин жаңы имараты дарегине;

- № 5115 шайлоо участогунун дареги Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, М. Нурбаев көчөсү, 40, маданият үйүнүн имараты дарегинен Мырза-Аке айыл аймагы, Мырза-Аке айылы, К. Жумалиев көчөсү, 17, К. Раимбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлдү.    

Ош, Манас жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына киргизилген өзгөртүүлөр, анын ичинде тиешелүү шайлоо участокторунун чек аралары жана жайгашкан жерлери өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>