Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоо жокко чыгарылды
13.02.2026

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоо жокко чыгарылды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 13-февралдагы жыйынында № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо боюнча 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 токтомун жокко чыгарды. Аталган округ боюнча 2025-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзамдуу деп табылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 13-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
13.02.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 13-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 13-февралы Убактысы: 19:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 161 токтому жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 30-декабрындагы № 196 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары болду
12.02.2026

№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары болду

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары 11-февралда Майлуу-Суу жана Базар-Коргон шаарларында, 12-февралда Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата жана Ооган-Талаа айылдарында өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоочулар талапкелердин программалары менен таанышып, аймактагы орчундуу көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүштү. Эл тарабынан талапкерлерге жол, социалдык объектилердин жетишсиздиги, пенсия, жөлөк пул, айыл чарба, ичүүчү таза суу, сугат суу боюнча суроолор берилди. Өз кезегинде талапкерлер элдин жашоо шартын жакшыртууга жана аймактардын өнүгүшүнө багытталган программаларын баяндап, келечектеги пландарына токтолушту. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жолугушуулар бардык талапкерлерге бирдей шартта уюштурулат. Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2026-жылдын 9-февралынан 13-февралына чейин уланат. Эске салсак, жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Бангладеш Эл Республикасында өтүп жаткан шайлоолорго жана референдумга байкоо жүргүзүүгө катышууда
12.02.2026

КР БШКнын өкүлдөрү Бангладеш Эл Республикасында өтүп жаткан шайлоолорго жана референдумга байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетов жана КР БШК аппаратынын кызматкери Талант Сатыбалдиев Бангладеш Эл Республикасында өтүп жаткан парламенттик шайлоолорго жана жалпы улуттук референдумга эл аралык байкоо жүргүзүү программасына катышууда. Добуш берүүгө 127,7 миллионго жакын катталган шайлоочу катышууда. Өлкө аймагында 42 000ден ашуун шайлоо участкалары ачылган. Өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу органы — Бангладештин Улуттук Ассамблеясы (Жатия Сангсад) болуп саналат. Ал 350 депутаттан турат, анын ичинен 300 депутат түз добуш берүү жолу менен шайланат, ал эми 50 орун аялдар үчүн квота катары бөлүнгөн. Парламенттик шайлоолор менен катар жалпы улуттук референдум да өткөрүлүүдө. Анын алкагында жарандарга Бангладеш Эл Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча өз позициясын билдирүү мүмкүнчүлүгү берилген. Шайлоолорду жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү Бангладештин Шайлоо комиссиясы тарабынан камсыздалат. Бул орган өлкөдөгү шайлоо процесстерин жана референдумдарды даярдоо, өткөрүү жана көзөмөлдөө үчүн жооптуу болгон көз карандысыз конституциялык орган болуп эсептелет. Чет өлкөлөрдө жашаган Бангладеш жарандар үчүн шайлоо участкалары каралган эмес. Ошол эле учурда почта аркылуу добуш берүү механизми ишке ашырылган. Миграциядагы шайлоочулар алдын ала толтурулган бюллетендерин почта кызматы аркылуу жөнөтүшкөн. Бюллетендер тиешелүү округдардын жооптуу кызмат адамдарына бүгүнкү күндүн саат 16:00гө чейин жетиши күтүлүүдө. Байкоочулардын баамында, шайлоо процесси тынч жана уюшкандыкта өтүүдө, тилкелерде тартип жана техникалык даярдык тийиштүү деңгээлде камсыздалган. КР БШК өкүлдөрүнүн эл аралык байкоого катышуусу тажрыйба алмашууга, шайлоолорду башкаруунун чет элдик тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана улуттук шайлоо жол-жоболорун өркүндөтүүгө багытталган.
Кененирээк билүү >>
№13 шайлоо округу боюнча үгүт шарттарын бузган үч талапкерге, бир жаранга жана бир ЖМКга айып пулдар салынды
11.02.2026

№13 шайлоо округу боюнча үгүт шарттарын бузган үч талапкерге, бир жаранга жана бир ЖМКга айып пулдар салынды

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-февралда талапкерлер тарабынан үгүт шарттарын бузган жагдайларды карап, үч талапкерге, бир жаранга жана бир ЖМКга айып пулдарды салды. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында, 2026-жылдын 17-январында “Эркинбек Кырбашев” аттуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу талапкер Гулнура Апсабырованын кайсы тармактарда эмгектенгенин, “мекенчил айым” экенин, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровду 2015-жылдан бери колдоп келе жатканын белгилеп, постко мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар менен бирге түшкөн сүрөтүн тиркеген. Гулнура Апсабырова ошол эле күнү аталган постту бөлүшүп, шайлоого катышуу чечимин кабыл алганын жана көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылык билдирген. Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырылган фотоматериалдарга ылайык, талапкер тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттары бузулгандыгы аныкталган. Жумушчу топ тарабынан 2026-жылдын 6-февралында республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин № 8 (24978) санынын беттеринде Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу № 13 шайлоо округу боюнча талапкерлер Абдразакова Гульнара Пазылжановнанын жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайимовичтин шайлоо алдындагы программалары, ошондой эле маалыматтык материалдары жарыяланганы аныкталган. 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык, 2026-жылдын 9-февралы шайлоо алдындагы үгүт башталган күн деп белгиленген. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнөн жаран Чилянов Нуралы Асановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн. Келип түшкөн материалдарга ылайык, 2026-жылдын 6-февралында WhatsApp мессенджериндеги 1978-жылкы жарандардын тобунда Н.А. Чилянов № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Алмазбек Алтынбековичти колдоого чакырып, “Элим үчүн кызмат кылам” аттуу үгүт баракчасын таратып жаткандыгы аныкталган. Жумушчу топ талапкерлер Апсабырова Гүлнура Байышовнага, Абдразакова Гульнара Пазылжановнага, Эгембердиев Арсланбек Абдыкайимовичке жана Базар-Коргон районунун тургуну Чилянов Нуралы Асановичке карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКсы №13 шайлоо округунан талапкерлер Г. Апсабыровага, Г. Абдразаковага, А. Эгембердиевге жана Н. Чиляновго административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми «Кыргыз Туусу» жалпы улуттук гезитине 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
11.02.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-февралда, өз жыйынында Сокулук, Ысык-Ата, Москва жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. • Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңешинин депутаты Темирканов Туратбек Улановичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шамбеталиев Рамис Буланбековичке өткөрүлүп берилди; • Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Султанбекова Саламат Султанбековнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Багаудинова Мадина Гайратовнага өткөрүлүп берилди; • Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Эржан уулу Бекзаттын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Раимбеков Бекназар Мусаевичке өткөрүлүп берилди; • Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Данияров Калмырза Данияровичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мирлан уулу Алтынбекке өткөрүлүп берилди; • Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңешинин депутаты Абдубаннопова Рузигул Абдумалик кызынын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кулмаматова Зулхумор Машраповнага өткөрүлүп берилди; • Айдаркен шаардык кеңешинин депутаты Хамбаров Руслан Хамдамалиевичтин (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Саттиев Бобур Рустамовичке (“Ынтымак” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 11-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
11.02.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 11-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 11-февралы Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун жана жыйынды таблицасынын формаларын бекитүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Сокулук, Ысык-Ата, Москва жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Апсабырова Гүлнура Байышовнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти) 4. Жаран Чилянов Нуралы Асановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти 5. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Абдыразакова Гүльнара Пазылжановнанын жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымовичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө (баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда
10.02.2026

№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары уланууда

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары бүгүн, 10-февралда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жана Момбеков айыл аймагында өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө шайлоочулар талапкерлерге айыл чарба, ичүүчү таза суу, сугат суу, энергетикалык маселелерге байланыштуу бир катар суроолорду беришти. Өз кезегинде талапкерлер программаларынын алкагында шайлоочулардын суроо-талаптарына жооп берип, жогорудагы көйгөйлөрдү чечүүдө бир катар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу зарыл экендигин билдиришти. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жолугушуулар бардык талапкерлерге бирдей шартта уюштурулат. Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2026-жылдын 9-февралынан 13-февралына чейин уланат. Эске салсак, жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда.  
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары башталды
09.02.2026

№ 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары башталды

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин жолугушуулары бүгүн, 9-февралда Ноокен районунун Д.Садырбаев жана Э.Алиев айыл аймактарында башталды. Шайлоочулар программалардын алкагында талапкерлерге суроолорду узатышып, ар кыл тармактагы көйгөлөрдү чечүү максатында мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарын беришти. Ошондой эле аймактагы социалдык, инфраструктуралык маселелер да козголду. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жолугушуулар бардык талапкерлерге бирдей шартта уюштурулат. Талапкерлердин шайлоочулар менен жолугушуулары 2026-жылдын 9-февралынан 13-февралына чейин уланат. Эске салсак, жолугушууларды округдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алдын ала бекитилген графикке ылайык уюштурушууда. 13-округдун талапкерлеринин шайлоочулар менен жолугушуу графиги      
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын  кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды
09.02.2026

№ 13 шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын  кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды

Бүгүн, 9-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» контитуциялык мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. Алдыдагы шайлоо № 13 шайлоо округу боюнча кайра өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 2026-жылдын 9-февралынан 2026-жылдын 28-февралы, саат 08:00гө чейин. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 25 талапкерди каттаган, алардын 15 - эркектер, 10 - аялдар. Алардын ичинен үч талапкердин берген арыздарына ылайык, каттоосу жокко чыгарылды. 2026-жылдын 9-февралынан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу. Бул учурда негизги талап - үгүт иш-чараларынын бардык формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык болушу керек. Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш. Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат: - тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө, же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр; - айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү; - талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу; - талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн тең шарттарына кепилдик берилет. Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн: - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; - концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу; - басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш); - конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде. Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат: - мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга; - мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо; - атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо; - шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө; - байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга; - диний ишмерлерге; - кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө; - 18 жашка толо электерге; - чет элдик жарандарга жана уюмдарга; - жарандыгы жок адамдарга; - аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо мезгилинде чет өлкөлүк теле жана радио программалар жазылып алынган түрүндө көрсөтүлөт. Талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды алып көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылышат. Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
Кененирээк билүү >>
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
09.02.2026

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-февралда “Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом кабыл алды. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Сайпидинов Эмилбек Орозалиевич (“Ынтымак” саясий партиясынан) жана Джунусов Туратали Тойбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) берген арыздарына ылайык чыгарылды. Ал эми алардын ордуна Гуламов Шоятбек Шакиржанович жана Нурматова Кызжибек Абдиллаевна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09.02.2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-февралда өз жыйынында Аламүдүн, Кара-Балта, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Аксы, Сузак , Токтогул жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти. - Аламүдүн районунун Байтик Баатыр айылдык кеңешинин депутаты Аширкулов Кадырбек Биялиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулду; - Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Асаналиев Аскат Уланбековичтин (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Качкынбеков Актан Саматовичке (“Эл биримдиги” саясий партиясы) өткөрүлүп берилди; - Ноокат районунун Исанов айылдык кеңешинин депутаты Алымжан кызы Райкандын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Зулунова Сабиракан Жапаровнага өткөрүлүп берилди; - Кара-Кулжа районунун Алайку айылдык кеңешинин депутаты Абазев Илгиз Талгартбековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тешебаев Сирожидин Шарабидиновичке өткөрүлүп берилди; - Кара-Суу районунун Датка айылдык кеңешинин депутаты Вахидов Махамаджон Набижановичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тешебаев Сирожидин Шарабидиновичке өткөрүлүп берилди; - Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Кушбакова Замира Азимовнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эргашов Анвар Ганыевичке өткөрүлүп берилди; - Аксы районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Исабеков Нургазы Бектеналиевичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Аттокуров Рустемалы Бабаназаровичке өткөрүлүп берилди; - 2026-жылдын 30-январындагы № 3 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 9-пунктунун негизинде Сузак районунун Сузак айылдык кеңешинин депутаты Исакова Назира Бекмуратовнага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенине байланыштуу ыйгарым укугу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Маматова Гулмиракан Капаровнага өткөрүлүп берилди; - Токтогул районунун А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаты Жүндүбаева Бактыгүл Бактыяровнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мурзабеков Мирулан Базымбековичке өткөрүлүп берилди; - Түп районунун Каркыра айылдык кеңешинин депутаты Муратова Нурзат Бейшебаевнанын ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кыштобаев Тилек Омурбековичке өткөрүлүп берилди; - Түп районунун Ысык-Көл айылдык кеңешинин депутаты Кыдыров Асылбек Бердибековичтин ыйгарым укугу берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Алиев Нургазы Сансызбаевичке өткөрүлүп берилди.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу бюллетендин формасын жана текстин бекитти
09.02.2026

КР БШКсы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу бюллетендин формасын жана текстин бекитти

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-февралда 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө маселени карады. Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинде талапкерлердин кезектүүлүгүн аныктоо боюнча өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжасы жөнүндөгү протоколго ылайык, №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо бюллетенинин формасы жана тексти бекитилди.
Кененирээк билүү >>
№ 13 шайлоо округунан талапкер З. Юлдашева шайлоого катышуудан баш тартты
09.02.2026

№ 13 шайлоо округунан талапкер З. Юлдашева шайлоого катышуудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-февралда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын каттоосун жокко чыгарды. Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер З. Юлдашева КР БШКга 2026-жылдын 6-февралында кайрылган. Мындан тышкары, КР Борбордук шайлоо комиссиясы аталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды жана аларга берилген каттоо ырастамаларын жараксыз деп тапты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 9-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
09.02.2026

КР БШКнын 2026-жылдын 9-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 9-февралы Убактысы: 14.00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юлдашева Зиядахан Исламовнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодогу шайлоо бюллетенинин тексти жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Аламүдүн, Кара-Балта, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Лейлек, Аксы, Сузак, Токтогул жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады
09.02.2026

КР БШК №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы №13-көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого шайлоочулардын контролдук тизмесин «Тизме» https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырды. Шайлоочулардын контролдук тизмеси Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде (КБМР) камтылган маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан түзүлдү. Шайлоочулардын контролдук тизмелери 2026-жылдын 9-февралына чейин 94 шайлоо участокторунда илинет. Контролдук тизмеде 161 344 шайлоочу бар, анын ичинен: - эркектер – 80 3418, же 49,84%; - аялдар – 80 926, же 50,16%. Жашы боюнча: - 18 жаштагылар – 602, же 0,37% - 19-35 жаштагылар – 67 442, же 41,80% - 36-45 жаштагылар – 35 917, же 22,26% - 46-55 жаштагылар – 23 518, же 14,58% - 56-65 жаштагылар – 19 688, же 12,20% - 66 жаштан жогоркулар – 14 277, же 8,79%. Шайлоочу өзүн тизмеден 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошо алганда) текшере алат: - 1255 же 119 кыска номерлерине чалып; - шайлоо участогунан; - «tizme.gov.kg» сайтынан; - же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз). Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2026-жылдын 18-февралына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу. Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
1 12 14 481