КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Венгриянын Улуттук жыйынынын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүгө катышууда
12 апреля 2026
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана КР БШК аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев бүгүн, 12-апрелде Венгрияда өтүп жаткан парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышууда.
Бул күнү Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өзүнүн демократиялык укуктарын ишке ашырып, парламентке өз өкүлдөрүн шайлоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Венгрияда парламенттик шайлоолор ар төрт жыл сайын өткөрүлүп, Улуттук жыйынынын депутаттары шайланат.
Улуттук жыйындын 199 мүчөсү аралаш шайлоо системасы аркылуу эки ыкма менен шайланат: алардын 106сы бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система боюнча, ал эми калган 93ү бир жалпы улуттук шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайланат.
Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5% деңгээлинде белгиленген, эки партиядан турган коалициялар үчүн - 10%, үч жана андан көп партиялардан турган коалициялар үчүн - 15%. Андан кийин мандаттар Д’Ондт ыкмасы боюнча бөлүштүрүлөт.
Программанын алкагында эл аралык байкоочулар брифингдерге катышып, анда маалыматтарды коргоо жана маалымат эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды.







