КР БШКнын кызматкерлерикезектеги ишембиликке катышты
25 апреля 2026
Бүгүн, 25-апрелде КыргызРеспубликасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери Бишкек шаарында өтүп жаткан көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык иш-чарага катышты.
КР БШКнын жамааты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын (А. Малдыбаев атындагы) артында жайгашкан “Театральный” багынын бекитилген аймагын, ошондой эле ага жанаша жайгашкан тилкени тазалашты.
Аткарылган иштердин жүрүшүндө аймак тиричилик таштандыларынан, кургак бутактардан жана пластик калдыктардан тазаланып, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.
Мындай иш-чаралар шаарды таза кармоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин арттырууга багытталган.
Белгилей кетсек, борбор калаада көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча эки айлык 2026-жылдын14-мартынан 16-майына чейин өткөрүлүүдө.
