КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
18 апреля 2026
Бүгүн, 18-апрелде, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча ишембиликке катышты.
Төраганын орун басары Айдана Жупуеванын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" МИнин башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.
Белгилей кетсек, былтыркы жылга салыштырмалуу булгануунун деңгээли бир кыйла төмөн экендиги байкалды.
Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.
Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын алкагында өткөрүлдү.
