Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКсы талапкерлерге, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө окутуу өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда №13 шайлоо округу боюнча талапкерлер, аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү үчүн окутуу өткөрдү.
КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева белгилегендей, окутуунун максаты – шайлоо процессине катышуучуларынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана шайлоо өнөктүгү маалындагы мыйзам бузуу учурларын алдын алуу болуп саналат.
Окутууда төмөнкү маселелер талкууланды:
• кайра шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу;
• кайра шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында укук коргоо органдары менен ыкчам өз ара аракеттенүү;
• шайлоо фонддорун түзүү жана пайдалануу эрежелери;
• үгүт иштерин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү;
• шайлоо талаштарын кароо тартиби жана мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселелери;
• даттанууларды жана арыздарды кароо.
Окутуу тажрыйба жана билим алмашуу, суроо-жооп форматында болуп, мурдагы шайлоо кампанияларынан мисалдар менен коштолду.
БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева баштаган аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышуучуларга мыйзам талаптарын так сактоо боюнча практикалык сунуштарды берип, алардын суроолоруна жооп беришти.
№13 көп мандатуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө аймактык шайлоо комиссиясынын 15 мүчөсү, 94 участкалык шайлоо комиссиясынын 965 мүчөсү катышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКда Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү
Бүгүн, 5-февралда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору (ЖБББ) тарабынан уюштурулуп, жаштар арасында жарандык жоопкерчиликти жогорулатууга, шайлоо маданиятын калыптандырууга жана жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүгө багытталды.
Иш-чарага «Тенсай» мектебинин 21 окуучусу жана Кыргыз-Орус Славян университетинин «Саясат таануу» багыты боюнча билим алган 13 студенти катышты.
Иш-чаранын алкагында КР БШКнын Төрагасы Тынчтык Шайназаров катышуучуларга Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата аралыктан куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ал өз сөзүндө бул күн мыйзамдын үстөмдүгү, жарандардын эркин жана аң-сезимдүү добуш берүү укугу, ошондой эле мамлекеттик институттардын коом алдындагы жоопкерчилиги сыяктуу жалпы демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө багытталганын белгиледи.
Мындан тышкары, ал Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү Кыргыз Республикасы үчүн шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди талдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк берерин белгилеп өттү.
Ошондой эле шайлоолордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, жарандык билим берүүнү жана медиасабаттуулукту өнүктүрүү, жалган маалыматтарга каршы туруу маселелерине, ошондой эле демократиялык процесстерди өнүктүрүүдөгү жаштардын маанилүү ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
ЖБББнын ишмердүүлүгү жарандардын сынчыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана шайлоолорго аң-сезимдүү катышуусун жогорулатууга багытталганы өзгөчө белгиленди.
Катышуучуларды куттуктоо сөзү менен КР БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева да кайрылып, Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнүн маанисин, жаштардын демократиялык процесстердеги ролун жана шайлоолорго аң-сезимдүү катышуунун зарылдыгын баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында баяндамалар жана презентациялар менен төмөнкү баяндамачылар сөз сүйлөштү:
Анара Бейшембаева, ЖБББнын директору;
Чолпон Бапиева, ЖБББнын эксперти;
Аскар Акимбаев, КР БШКнын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы.
Катышуучуларга Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасы, шайлоо процессинин негизги этаптары, ошондой эле шайлоолорду уюштурууда жана өткөрүүдө колдонулган санариптик технологиялар тууралуу маалымат берилди. Өзгөчө көңүл шайлоо процессин санариптештирүү, шайлоолордун ачыктыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу маселелерине бурулду.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Кыргыз жараны жарандык иденттүүлүгүнүн баалуулуктары жана «Улуттук рух - дүйнөлүк бийиктиктер» (Уңгужол) Улуттук Доктринасынын жоболору каралып, алар жарандардын активдүү жарандык позициясын, жоопкерчилигин жана өлкөнүн келечегине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталганы белгиленди.
Алынган билимдерди бекемдөө максатында интерактивдүү оюн-викторина өткөрүлүп, анда катышуучулар шайлоо процесси боюнча өз билимдерин оюн форматында текшерип, талкууланган темаларга болгон жогорку кызыгуусун көрсөтүштү.
Ошондой эле катышуучуларга КР БШКсы тарабынан жарыяланган «Эмне үчүн мен добуш берем / добуш бермекчимин?» аттуу конкурсу тууралуу маалымат берилип, ал жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатууга, активдүү жарандык позициясын калыптандырууга жана шайлоолорго аң-сезимдүү катышуусун арттырууга багытталганы белгиленди.
Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө арналган мындай иш-чаралар шайлоо маданиятын өнүктүрүүгө, жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга жана демократиялык институттарга болгон ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Кененирээк билүү >>
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда № 13 шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак өткөрдү.
Ошондой эле, талапкерлер 2026-жылдын 1-мартына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн меморандумга кол коюшту.
Чүчү кулакка талапкерлер, катталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана коомдук байкоочулар катышты.
Катталган талапкерлердин ортосунда шайлоо бюллетендерине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчүкулак каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин жана шайлоо бюллетенинин тексти бекитилгенге чейин жүргүзүлөт.
Чүчү кулактын жыйынтыгында аныкталган шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүктү жана меморандум текстин төмөнкү шилтемелер аркылуу көрүүгө болот:
Протокол №1 №13 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо бюллетенине киргизүүнүн кезектүүлүгүн аныктоо үчүн чүчүкулак тартуунун жыйынтыгы жөнүндө
Меморандум
Протокол №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге №13 шайлоо округу боюнча акысыз эфирдик убакытты жана акысыз басма аянтын берүү үчүн чүчүкулак тартуунун жыйынтыктары жөнүндө
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоо мезгилине коомдук байкоочуну каттады
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 5-февралда өзүнүн жыйынында майыптардын "Сезим" коомдук фондунун 2026-жылдын 1-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоого даярдык көрүүгө жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү ниети жөнүндө билдирүүсүн карап чыгып, эске алды.
КР БШКнын чечимине ылайык, Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын көп мандаттуу №13 шайлоо округу боюнча кайра шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине №13 округдук шайлоо комиссиясында "Сезим" майыптар коомдук фондунан коомдук байкоочу болуп катталды.
Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет.
Кененирээк билүү >>
Талапкерлер Ш. Мажитова жана К. Нуриев №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоого катышуудан баш тартышты
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкер болуп көрсөтүлгөн жарандардын 2026-жылдын 1-мартына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу тиешелүү арыздарды Мажитова Шарапаткан жана Нуриев Кубан Бактыбаевич беришкен.
КР БШКсы бул арыздарды эске алды.
Мындан тышкары, КР Борбордук шайлоо комиссиясы аталган талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарды жана аларга берилген каттоо ырастамаларын жараксыз деп тапты.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо депутаттыкка талапкер Алиева Эльмирахан Кочорбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
• шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Алиев М.А.;
• каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – Абдрахманова Ч.У.
Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров № 13 шайлоо округу боюнча Ноокен районунда кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 5-февралда № 13 шайлоо округу боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 1-мартына дайындалган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүдө шайлоо процессине катышкан бардык тараптар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сакташы зарыл экендигин баса белгиледи.
2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, автоматтык эсептөөчү урналар жана видеокөзөмөл жабдыктары колдонулган. Бирок, ага карабай, №13 шайлоо округунун 35 шайлоо участкасында мыйзамсыз камералар орнотулуп, добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыктан, шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылгандыгын төрага эске салды.
“Шайлоо процессинин бардык катышуучулары бир нерсени ачык түшүнүшү керек: техникалык жабдуулар мыйзамдар жана эрежелер так сакталганда гана иштейт. Ар бир катышуучу өз жоопкерчилигин так билиши зарыл”, – деп белгиледи Т. Шайназаров.
БШК төрагасы жыйында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана талапкерлерге кайрылып, шайлоонун калыс жана ачык өтүшүнө шарт түзүүгө, тартипти камсыз кылууга, шайлоочулардын укуктарын коргоого жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.
Кеңешменин жүрүшүндө КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева № 13 шайлоо округундагы шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгү, майыптыгы бар шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу шарттарын камсыз кылуу маселелерине токтолду.
А. Жумалиева округ боюнча участкалык шайлоо комиссияларындагы пандустардын абалы менен таанышып чыкканын, Майлуу-Суу жана Базар-Коргон районунун айрым участкаларында пандустардын жок экендигин кошумчалады.
Жыйында катышуучулар шайлоо процессиндеги бир катар мыйзам бузуу фактылары, добуш берүүнүн тартиби боюнча суроолорду беришти.
Өз кезегинде КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев №13 шайлоо округундагы кайра шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик процесске аралашпай, бардык процедуралар мыйзамга ылайык өтөрүнө көмөк көрсөтөрүн билдирди.
Ошондой эле талапкерлерди жана алардын өкүлдөрүн мыйзам талаптарын сактоого чакырып, жарандардын шайлоого активдүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү керектигин белгиледи.
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнү менен куттуктайт!
Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жалпы шайлоо коомчулугу менен бирге Бүткүл дүйнөлүк шайлоолор күнүн белгилеп жатат.
Бул күн шайлоолордун демократиялык маанисин баса белгилеп, жарандардын шайлоо укуктарын коргоо жана камсыз кылуу, шайлоо процесстеринин ачык-айкындуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу негизги баалуулуктарды бекемдөөгө багытталган.
Кыргыз Республикасында шайлоо системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында заманбап шайлоо технологиялары колдонулуп, шайлоочуларды каттоо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын, анын ичинде аралыктан добуш берүүнү так жана ачык эсепке алуу механизмдери өркүндөтүлдү.
Ошондой эле шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылууга, бардык жарандар үчүн, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн добуш берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Урматтуу шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, КР БШК аппаратынын кызматкерлери, өнөктөштөр жана шайлоочулар!
Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдүн, жоопкерчиликтүү эмгегиңиздердин жана жарандык милдетти ак ниеттүүлүк менен аткарганыңыздардын аркасында Кыргыз Республикасында мыйзамдуу, эркин, атаандаштыкка жөндөмдүү жана ачык-айкын шайлоолор өткөрүлүп келет. Жарандардын шайлоого активдүү катышуусу демократиялык институттардын бекемделишине жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө маанилүү салым кошот.
Борбордук шайлоо комиссиясы мындан ары да шайлоо процесстерин өркүндөтүү, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандардын шайлоо укуктарына болгон ишенимин бекемдөө багытында ырааттуу иш алып барууну улантат.
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 5-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 5-февралы
Убактысы: 12:00
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
1. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мажитова Шарапаткандын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
2. № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Нуриев Кубан Бактыбаевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
3. М.А. Алиевди жана Ч.У. Абдрахманованы №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алиева Эльмирахан Кочорбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Манасбеков Р.М., Шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти)
“Сезим” майыптар коомдук фондунун коомдук байкоочусун каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Закиров А.М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти)
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору Дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата иш-чара өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору эртең, 5-февралда Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнө карата иш-чара өткөрөт.
Жаштардын жарандык жоопкерчилигин жогорулатууга жана шайлоо маданиятын калыптандырууга багытталган иш-чарага студенттер жана мектептердин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары катышат.
Катышуучулар интерактивдүү форматта шайлоо процессинин негиздери, шайлоонун мааниси жана өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө ар бир жарандын ролу менен таанышат.
Мындай иш-чара жыл сайын шайлоо процесстерине жана демократиялык институттарга болгон ишенимди бекемдөө максатында белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнүнүн алкагында өткөрүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 шайлоо округунда талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча чүчү кулак өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы эртең, 5-февралда № 13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин шайлоо бюллетенине киргизүү кезектүүлүгүн аныктоо боюнча жана мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында талапкерлерге акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында чүчү кулак өткөрөт.
Ушул эле күнү 2026-жылдын 1-мартына дайындалган №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн катталган талапкерлердин меморандумга кол коюу иш-чарасы болот.
Ушуга байланыштуу, мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары менен өз ара тыгыз кызматташып, БШКнын атайын өкүлү, округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы төмөнкү иш-чараларды жүргүзөт:
– “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чүчү кулак өткөрүү үчүн имаратты техникалык жабдуулар менен лототронду камсыздоо;
– чүчү кулакты өткөрүүдө коомдук байкоочуларга, талапкерлердин өкүлдөрүнө катышууга жол берүү;
– чүчү кулакты өткөрүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алдын ала кабар жөнөтүү.
КР БШКнын атайын өкүлү жана округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы 5-февралда өтүүчү чүчү кулакты уюштурууну жана өткөрүүнү көзөмөлгө алат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады – 25 талапкер катталды
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы № 13 шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоону аяктады. Жалпысынан 25 талапкер катталды (эркектер – 15, аялдар – 10).
Катталган талапкерлер бюджетке 7 млн сом шайлоо төгүмүн төлөштү.
2026-жылдын 1-мартына белгиленген № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин 31 жаран билдирген.
Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, 1 талапкерди БШК каттоодон баш тартты.
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Н.М. Мурашевдин парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызын карады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин 2026-жылдын 1-мартына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу 2026-жылдын 30-январындагы арызын карады.
КР БШКсы Н.М. Мурашевдин арызын эске алды.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 11 талапкерди каттады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 2-февралда №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн төмөнкү талапкерлерди каттоо боюнча чечим кабыл алды:
- Алиева Эльмирахан Кочорбаевна;
- Апсабырова Гүлнура Байышовна;
- Атабекова Кызжибек Азимжановна;
- Базаркулова Нурсыйда Манасовна;
- Бейшенкул уулу Амантур;
- Белеков Мелис Касымович;
- Жолдошов Түмөнбек Эркинбекович;
- Мажитова Шарапаткан;
- Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич;
- Маматаев Эркинбек Садырбекович;
- Юлдашева Зиядахан Исламовна.
Аталган талапкерлердин шайлоо документтери талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган.
Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2026-жылдын 2-февралындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
Өткөрүү датасы: 2026-жылдын 2-февралы
Убактысы: 12.30
Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы
Алиева Эльмирахан Кочорбаевнаны №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Апсабырова Гүлнура Байышовнаны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Атабекова Кызжибек Азимжановнаны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Базаркулова Нурсыйда Манасовнаны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Бейшенкул уулу Амантурду № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Белеков Мелис Касымовичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Жолдошов Түмөнбек Эркинбекович № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Мажитова Шарапатканды № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Маматаев Эркинбек Садирбековичти № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Юлдашева Зиядахан Исламовнаны № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн Мурашев Нурбек Мурпазылжановичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
(баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы эки жарандын парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 30-январда № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөткөн жарандардын 2026-жылдын 1-мартына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын карады.
Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздарын Асамудинов Бактыбек Асанович жана Исраилжан уулу Өсөрбек беришкен.
КР БШКсы жогоруда аталган жарандардын арызын эске алды.
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
20.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
19.09.2026
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19.09.2026
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19.09.2026
КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
16.09.2026
КР БШКда аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөр менен жумушчу жыйын өттү
09.09.2026
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди