КР Борбордук шайлоо комиссиясы Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайт!

09 мая 2026

Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун кадырлуу ардагерлери!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдык майрамы менен куттуктайт!

9-май – дүйнөдө тынчтык орногон, миңдеген үй-бүлөлөргө кубаныч тартуулаган улуу майрамдардын бири. Аталарыбыздын өмүрү, энелерибиздин көз жашы менен келген Улуу Жеңиш элдин энчисине айланып, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды.

Бул күнү биз тынчтык жана бейпил турмушту камсыз кылып берген аталарыбыздын эрдигин эскерип, алардын жаркын элесине таазим кылабыз. Жеңишке жетишүүдө, бүгүнкү гүлдөгөн жашоону жана келечектин бекем пайдубалын түптөөдө согушка катышкан ар бириңиздердин салымыңыздар баа жеткис.

Сиздер көрсөткөн эрдик жаштарды патриоттуулукка, кайраттуулукка жана чыдамкайлыкка тарбиялап, мекенди сүйгөн уул-кыздарга чоң үлгү болот.

Ар дайым бекем ден соолукта болуп, бактылуу карылыкта, узак жана маңыздуу өмүр сүрүңүздөр.

Кыргызстанда ар дайым таза асман, тынчтык жана бакубатчылык болсун!