Башкы Жаңылыктар КР БШКда шайлоонун санарип келечеги талкууланды

КР БШКда шайлоонун санарип келечеги талкууланды

28-Апр, 2026

Бүгүн, 28-апрелде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясында (КР БШКсы) КР ИИМ Академиясынын курсанттары жана Эл аралык Кувейт университетинин студенттеринин катышуусунда иш-чара болуп өттү.

Жолугушуунун негизги темасы - “Уңгужол” Доктринасынын принциптери, заманбап шайлоо процесси, шайлоого санарип технологияларды киргизүү жана өлкө үчүн өзгөчө маанилүү 2026-жылдагы киберкоопсуздук маселелери талкууланды.

Иш-чараны КР БШК төрагасынын орун басары Айдана Жупуева ачып, 35 жашка чейинки кыргызстандык жаштар бүгүнкү күндө шайлоочулардын жалпы санынын дээрлик 44% түзөрүн (1 735 417 адам) белгилеп, бул чечүүчү электоралдык ресурс, аны бириктирүү мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экендигине токтолду.

“Азыркы жаштар чечимдерди кабыл алууга таасир этүүнү жана өлкөнүн келечегин өз колдору менен курууну каалашат. Демек, мындай форматтагы иш-чаралар ушул максатты ишке ашыруунун практикалык куралы болуп саналат”, – деди А. Жупуева

Жолугушуунун теориялык бөлүгүндө БШКнын эксперттери шайлоо мыйзамдарына технологиялык жактан кайра жабдууга байланыштуу киргизилген өзгөрүүлөрдү кеңири түшүндүрүштү.

Талкуунун негизги темасы реалдуу убакыт режиминде киргизилип жаткан шайлоочуларды идентификациялоо тутуму болду.

БШКнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн эксперттери шайлоого даярдык – бул жагымдуу шарттарды түзүү гана эмес, ошондой эле маалыматтардын жана шайлоо материалдарынын толук сакталышын жана бүтүндүгүн камсыздоо экендигине басым жасашты.

Ал эми ИИМ Академиясынын курсанттарын шайлоо убагында жасалма бузуулардан (взломдордон) коргоо техникалык жактан кантип камсыздалары жана шайлоо мезгилинде киберкылмыштарды алдын алууда ИИМдин ролу кандай экендиги кызыктырды.

Өз кезегинде БШКнын эксперти Улан Мурзаев шайлоо процесстеринде бузууга (взломго), киберчабуулдарга болгон аракеттер ар дайым болорун айтып, атайын системалар күнү-түнү иштеп, бул аракеттерге каршы турарын билдирди.

Электр энергиясы өчүп калса же байланышта көйгөй чыкса, альтернативдүү электр менен жабдуу булактары колдонулуп, шайлоо процессинин тазалыгын камсыздоодо негизги ролду техника эмес, укуктук талаада БШКнын Санарип министрлиги менен УКМКга караштуу Киберкоопсуздук боюнча координациялык кеңештин өз ара аракети ишке ашыра турганын У. Мурзаев кошумчалады.

,

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>