КР БШКсы 5-май - Конституция күнү менен куттуктайт

05 мая 2026

Урматтуу кыргызстандыктар!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы сиздерди 5-май - Конституция күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Мындан туура 33 жыл мурда кабыл алынган Конституция өлкөбүздүн тарыхындагы жаңы доорду - эгемендүүлүк жана демократия жолун баштап берди.

Мамлекеттин өнүгүү жолун жана багытын аныктап, ар бир жарандын укуктарын, эркиндиктерин кепилдикке алган Баш мыйзамыбыз руханий, маданий жана саясий мааниси бийик документ болуп саналат.

Конституцияга негизделген жарандардын шайлоо укуктары, шайлоо системасына багытталган мыйзамдар өнүгүп, мамлекеттин келечегин аныктоодо, маанилүү чечимдерди кабыл алууда эбегейсиз салымын кошууда.

Баш мыйзамыбыздын алкагында жүргүзүлгөн масштабдуу иштер жана реформалар өлкөбүздүн эл аралык аренадагы кадыр-баркын көтөрүп, тышкы саясаттагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түздү.

Мыйзамдардын үстөмдүгү сакталып, өлкөбүздө тынчтык орносун. Ар бир жарандын укугу корголуп, Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин!