Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сыйлыктары жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025 жылдын «5» декабрындагы №163 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сыйлыктары жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн» медалы
III. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы
IV. Сыйлыктарга көрсөтүү тартиби
V. Сыйлоо жɵнүндɵ сунуштарды жана өтүнүч каттарды кароо тартиби
VI. Сыйлыктарды тапшыруу тартиби
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Сыйлыктар жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) сыйлыктарынын түрлөрүн белгилейт, ошондой эле сыйлыктарга көрсөтүү жана сыйлыктарды тапшыруу тартибин аныктайт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүгө, жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын жогорку деңгээлде даярдоого жана өткөрүүгө зор салым кошкондордун эмгегин таануунун формалары болуп саналат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктары менен Кыргыз Республикасынын жарандары, чет мамлекеттердин жарандары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, ошондой эле юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.
4. Сыйлыктар маанилүүлүк даражасы боюнча бөлүнөт жана тɵмɵнкү тартипте белгиленет:
- «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн» медалы;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы.
5. Сыйлыктардын формасынын сүрөттөлүшү жана медалга күбөлүк Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул токтому менен бекитилет.
6. Сыйлыктарды даярдоо жана сатып алуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сметасынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
II. «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн» медалы
7. «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн» медалы менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон, шайлоо укугун жана процессин өркүндөтүүгө кɵмɵктɵшкөн, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү жогорку активдүүлүгү жана кесипкөйлүгү менен айырмаланган адамдар сыйланышат.
Медалга Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы менен мурда сыйлангандар көрсөтүлүшү мүмкүн.
8. «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн» медалына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тиркелет. Медаль классикалык формадагы кийимге, көкүрөктүн сол тарабына тагылат, эгерде сыйланган адамда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары бар болсо, ошол сыйлыктардын белгилеринен кийин жайгаштырылат.
9. «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн» медалы менен сыйланган адамдар сыйлыктын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Жоголгон учурда медалдын дубликаты сыйланган адамдын эсебинен даярдалышы мүмкүн. Күбөлүктүн дубликаты сыйланган адамдын жазуу жүзүндөгү арызы жана аны сыйлыкка көрсөткөн органдын өтүнүч каты боюнча берилет. Бузулган учурда бузулган түп нускасы берилет.
III. Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы
10. Ардак грамота менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүдөгү өзгөчө салымы, кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарганы, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө активдүү иштегени үчүн Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери сыйланышат.
11. Ардак грамота менен ушул Жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн башка жеке жана юридикалык жактар да сыйланышы мүмкүн.
12. Ардак грамота бир эле адамга эки жолу тапшырылбайт. Жоголуп кеткен учурда дубликат берилбейт.
IV. Сыйлыкка көрсөтүү тартиби
13. Сыйлыкка кɵрсɵтүү жөнүндө өтүнүч каттар Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги жана түзүмдүк бөлүмдөрү, анын ичинде аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан киргизилет.
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн сыйлоо жөнүндө сунуштар алардын жетекчилери тарабынан киргизилет.
14. Чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде чет мамлекеттердин шайлоону башкаруу органдарынын өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн сыйлоо жөнүндө сунуштар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын тиешелүү орун басары менен макулдашылып, эл аралык кызматташтыкты тейлеген түзүмдүк бөлүм тарабынан киргизилет.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө карата өтүнүч каттар төрага тарабынан же болбосо комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен киргизилет; аппараттын кызматкерлерине карата өтүнүч каттар төрага, төраганын тиешелүү орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан киргизилет.
15. Сыйлоо жөнүндө сунуштар Бүткүл дүйнɵлүк шайлоо күнүнɵ карата, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча, референдумдардын жыйынтыктары боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө (31-август) карата жана жыл жыйынтыгы (31-декабрь) боюнча киргизилет.
Документтер сыйлоо датасына чейин бир айдан кечиктирилбестен адам ресурстарын башкаруу менен алектенген түзүмдүк бөлүмгө (мындан ары – АРБАТБ) жиберилет.
16. Медаль менен сыйлоо жɵнүндɵгү маселени кароо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) башка сыйлыктардын жана төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасынын көчүрмөсү сөзсүз тиркелип, талапкердин эмгектери жөнүндө маалыматтар камтылган сыйлоо жөнүндө сунуштар;
2) белгиленген формадагы сыйлоо барагы;
3) паспорттун көчүрмөсү;
Чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн башчылары үчүн сунуш жана паспорттун көчүрмөсү гана киргизилет.
Жарандардын жеке маалыматтары паспорттун негизинде, уюмдардын маалыматтары мамлекеттик каттоо жɵнүндɵ күбɵлүктүн негизинде толтурулууга тийиш.
17. «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн» медалына көрсөтүлгөн талапкерлер иш стажына коюлуучу тɵмɵнкү критерийлерге шайкеш келиши керек:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы, же мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелердеги жана ишканалардагы 5 жылдан кем эмес иш стажы;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын иштеген кызматкерлери үчүн аппараттагы 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн тиешелүү чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;
18. Ардак грамота менен сыйлоо жɵнүндɵгү маселени кароо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин жетекчилеринин сыйлоо жөнүндө сунуштары;
2) белгиленген формадагы сыйлоо барагы;
3) паспортун көчүрмөсү;
19. Ардак грамотага көрсөтүлгөн талапкерлер төмөнкү критерийлерге шайкеш келиши керек:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы, же мамлекеттик жана/же муниципалдык мекемелердеги жана ишканалардагы 3 жылдан кем эмес иш стажы;
– Борбордук шайлоо комиссиясынын иштеген кызматкерлери үчүн аппараттагы 1 жылдан кем эмес иш стажы;
– мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын кызматкерлери, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн тиешелүү чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;
20. Сыйлыкка көрсөтүлгөн материалдар:
– ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт сакталбаган;
– ушул Жобонун 17, 19-пункттарында көрсөтүлгөн документтер толук эмес берилген;
– ушул Жобонун 17, 19-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлерге шайкеш келбеген учурларда каралбастан артка кайтарылат.
Соттуулугу жоюлбаган жактар сыйлыкка көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
Тартиптик жазалары бар кызматкерлер алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алынганга чейин сыйлыкка көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
21. Өзгөчө учурларда шайлоо процессине кошкон өзгөчө салымы, тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү бийик жана маанилүү жетишкендиктери үчүн сыйлоо ушул Жобонун 17, 18-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлер сакталбастан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын чечими (тапшырмасы) менен берилиши мүмкүн.
22. Сыйлоо жɵнүндɵ өтүнүч келтирген адамдар сыйлыкка көрсөтүүнүн негиздүүлүгү жана медаль менен сыйлоо жөнүндө сунуштарда баяндалган маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
V. Сыйлоо жɵнүндɵ сунуштарды жана өтүнүч каттарды кароо тартиби
23. Сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлерди карап чыгуу үчүн 7 адамдан кем эмес курамда Сыйлыктар боюнча комиссия түзүлөт. Сыйлыктар боюнча комиссиянын курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.
Сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйындарында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары төрагалык кылат.
24. АРБАТБ берилген документтерди карап чыгат жана ушул Жобонун талаптарына ылайык аларды Сыйлыктар боюнча комиссиянын кароосуна киргизет.
25. Сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин уюштурууну жана сыйлоого келип түшкɵн документтерди эсепке алууну АРБАТБ жүзɵгɵ ашырат.
26. Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими жыйынга катышкан Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда Сыйлыктар боюнча комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жок болуп калган учурда добуш берүү укугун Комиссиянын башка мүчөсү жазуу жүзүндөгү ишеним кат аркылуу колдоно алат.
Зарыл болгондо Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими сурамжылоо жүргүзүү жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечими тиешелүү протокол менен таризделет.
27. Сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкердин документтерин карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча Сыйлыктар боюнча комиссия оң чечим кабыл алган учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы белгиленген тартипте сыйлоо жөнүндө буйрук чыгарат.
28. Сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкердин документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбесе, Сыйлыктар боюнча комиссия баш тартуу жөнүндө жүйөлɵштүрүлгɵн чечим кабыл алат. Мындай чечим кабыл алынган учурда ошол эле адамды сыйлыкка кайталап көрсөтүү баш тартылган күндɵн тартып кеминде бир жыл өткɵндɵн кийин Сыйлыктар боюнча комиссиянын чечиминде баяндалган жагдайлар четтетилгенин эске алуу менен болушу мүмкүн.
VI. Борбордук шайлоо комиссиясынын сыйлыктарын тапшыруу тартиби
29. Сыйлык Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан же болбосо анын тапшырмасы боюнча анын орун басарлары, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси, атайын өкүлдөрү тарабынан төраганын буйругу чыккан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен тапшырылат.
30. Сыйлоо жөнүндө маалымат сыйланган адамдын иштеген жери боюнча эмгек китепчесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте киргизилет.
31. Сыйланган адамдарды эсепке алуу жана каттоо АРБАТБ тарабынан жүзөгө ашырылат. Медаль жана ага күбөлүк алар тапшырылган кезге чейин АРБАТБда сакталат.
32. Эгерде сыйлык сыйланган адам каза болуп калганына байланыштуу же тараптардын эркине баш ийбеген шарттар боюнча тапшырылбай калса, ал анын жакын туугандарына өткөрүлүп берилет.
