Башкы БШКнын ЧУА БШКнын Жоболору Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 

2026-жылдын 9-сентябрдагы

№ 93 токтому менен бекитилген

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө 

ЖОБО

 

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) көзөмөлдөө-текшерүү тобунун (мындан ары – КТТ) милдеттерин, функцияларын, ыйгарым укуктарын, уюштуруу жана иштөө тартибин аныктайт.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.

3. КТТ талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо тартибин контролдоо үчүн, ошондой эле алардын финансылык отчётторун текшерүү үчүн түзүлөт.

4. КТТ шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) алдында түзүлөт.

5. КТТ ачык-айкындуулук, мыйзамдуулук, калыстык принциптеринде иш алып барат.

6. КТТ өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, конституциялык мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорун жана башка актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

7. КТТнын ишмердигин уюштуруучулук, укуктук жана материалдык-техникалык камсыздоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

8. КТТнын ишмердигин каржылоо Борбордук шайлоо комиссиясынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

2. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун милдеттери

9. Төмөнкүлөр КТТнын милдеттери болуп саналат:

- талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандардын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун акча каражаттарынын келип түшүү булактарын жана пайдаланылышын, ошондой эле көрсөтүлгөн субъекттердин финансылык отчётторунун эсепке алынышынын тууралыгын жана аныктыгын контролдоо;

- шайлоочуларга талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандардын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө, ошондой эле өз ишмердигинин натыйжалары жөнүндө маалымдоо.

 

3. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун функциялары

10. КТТ милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөрдү камсыздайт:

- шайлоо комиссиялары, талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандар, талапкерлер, саясий партиялар, “макул” топ, “каршы” топ тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү, шайлоо өнөктүктөрүн жана референдум өнөктүктөрүн каржылоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын сакталышын текшерүүнү;

- талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандардын, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, ошондой эле “макул” топтун, “каршы” топтун референдум фонддорунун банктык же башка мекемелер тарабынан берилген атайын эсептеринде турган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды чогултууну жана талдоону;

- талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул” топтун, “каршы” топтун тиешелүү шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун атайын эсептеринде турган каражаттардын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчётторун текшерүүнү жана алардын баштапкы финансылык документтерге шайкештигин белгилөөнү;

- шайлоолор жана референдумдар аяктагандан кийин талапкерлер, саясий партиялар, “макул” топ, “каршы” топ тарабынан тиешелүү фонддордун чыгымдалбаган акча каражаттарынын калдыктарынын кайтарылышын контролдоону;

- талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандардан же болбосо саясий партиялардан талапкерлерден шайлоо төгүмдөрүнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине келип түшүшүнүн, ошондой эле тийиштүү каражаттардын Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулушунун тууралыгын текшерүүнү;

- шайлоо өнөктүктөрүн жана референдум өнөктүктөрүн каржылоого тиешелүү маселелер боюнча менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда, банктарда жана башка кредиттик-финансылык мекемелерде текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоолорду жана референдумдарды, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүн жана референдум өнөктүктөрүн каржылоо маселелери боюнча актыларын иштеп чыгууга катышууну;

- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттарынын чыгымдалышын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдорунун жана башка чечимдеринин долбоорлорун даярдоону;

- жеке жана юридикалык жактардын шайлоолорду жана референдумдарды, ошондой эле шайлоо өнөктүктөрүн жана референдум өнөктүктөрүн каржылоого тиешелүү маселелер боюнча арыздарын жана даттанууларын кароону;

- шайлоолорду жана референдумдарды каржылоо маселелери боюнча бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларына, ошондой эле талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандарга, талапкерлерге, саясий партияларга, “макул” топко, “каршы” топко шайлоо өнөктүктөрүн жана референдум өнөктүктөрүн каржылоо жана алардын финансылык отчётторун даярдоо маселелери боюнча усулдук жардам көрсөтүүнү;

- талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун, “макул” топтун, “каршы” топтун референдум фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле көрсөтүлгөн фонддордун финансылык отчётторун жеке маалыматтарды коргоо жана банктык сыр жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жана башка маалымат булактарына жарыялоону.

 

4. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун уюштуруу жана иштөө тартиби

11. КТТ Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен түзүлөт жана 7 адамдан кем эмес курамда куралат.

КТТнын курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйругу менен бекитилет.

12. КТТ шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилине түзүлөт жана бекитилген КТТнын иш-чаралар планында каралган милдеттер, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын төрагасынын тапшырмалары аткарылып бүткөнгө чейин иштейт.

13. КТТнын ишмердиги төмөнкүлөрдүн негизинде жана анын ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырылат:

- Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген КТТнын иш-чаралар планынын;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын жана анын төрагасынын айрым тапшырмаларынын;

- келип түшкөн даттануулардын, арыздардын жана кайрылуулардын.

14. КТТнын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Жыйналыштар протоколдоштурулат.

15. КТТ өз ишмердигинин натыйжалары боюнча корутундуларды (актыларды) түзөт. Жалпылангандан кийин КТТнын ишмердигинин натыйжалары жөнүндө маалымат Борбордук шайлоо комиссиясына берилет жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланат.

16. КТТга: КТТнын жетекчиси, КТТга дайындалган Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери, укук коргоо, финансы жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин тартылган адистери, ошондой эле тартылган эксперттер кирет. Көрсөтүлгөн органдар, уюмдар жана мекемелер Борбордук шайлоо комиссиясынын суроо-талабы боюнча шайлоону, референдумду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен адистерди анын карамагына иш сапарга жиберүүгө милдеттүү.

17. КТТда иштеген мезгилде тартылган адистер негизги ишинен бошотулушат, алардын жумуш орду (кызмат орду), белгиленген кызматтык маяналары жана иштеген жери боюнча башка төлөмдөр сакталат. Көрсөтүлгөн тартылган адистерге шайлоолорду, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардын эсебинен сый акы төлөнүшү да мүмкүн.

 

5. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ыйгарым укуктары

18. КТТ:

1) талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул” топтун, “каршы” топтун, төмөн турган шайлоо комиссияларынын финансылык отчётторун текшерет;

2) талапкерлерден, саясий партиялардан, “макул” топтон, “каршы” топтон, шайлоо комиссияларынан өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча маалыматтарды сурайт жана алат;

3) шайлоо алдындагы үгүттү, референдум маселелери боюнча үгүттү жүргүзүүнү жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо өнөктүктөрүн жана референдум өнөктүктөрүн өткөрүү менен түздөн-түз байланышкан башка иш-чараларды жүзөгө ашырууну каржылоонун белгиленген тартибинин сакталышын контролдойт;

4) мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарга, ошондой эле КТТнын карамагына кирген маселелер боюнча жарандарга кайрылат жана шайлоолорду жана референдумдарды финансылык камсыздоо менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды сурап алат. КТТнын кайрылууларына жана ал сураган материалдарга жооптор үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнүнө чейин беш же андан аз күн калганда жана добуш берүү күнүндө дароо берилет;

5) шайлоолорду жана референдумдарды каржылоодогу финансылык бузуулар маселелери боюнча документтерди (корутундулар, маалымкаттар, эксперттик баалоолор) түзөт;

6) талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандарга, талапкерлерге, саясий партияларга, “макул” топко, “каршы” топко, ошондой эле жарандарга жана юридикалык жактарга шайлоо өнөктүктөрүн жана референдум өнөктүктөрүн каржылоодо жол берилген бузуулар үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө маселелерди тиешелүү шайлоо комиссиясынын алдына коёт;

7) текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, корутундуларды жана эксперттик баа берүүлөрдү даярдоого адистерди жана эксперттерди тартат.

19. Шайлоо фонддорунун жана референдум фонддорунун каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө маалымат, талапкерлердин, саясий партиялардын, “макул” топтун, “каршы” топтун финансылык отчёттору, келип түшкөн шайлоо төгүмдөрүнүн суммасы жана Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине которулган сумма жөнүндө маалымат жеке маалыматтарды коргоо жана банктык сыр жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш.

 

6. Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчисинин укуктары жана милдеттери

20. КТТнын жетекчиси:

- КТТнын ишин уюштурат;

- КТТнын курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды Борбордук шайлоо комиссиясына киргизет;

- КТТнын карамагына кирген маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын иш планына сунуштарды киргизет;

- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, шайлоо комиссияларында, саясий партияларда, Кыргыз Республикасынын коомдук, коммерциялык жана башка ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле талапкерлигин коюу ниетин билдирген жарандардын, талапкерлердин, саясий партиялардын жана “макул” топтун, “каршы” топтун алдында КТТнын кызыкчылыгын коргойт;

- Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында КТТнын ишмердигине тиешелүү маселелер боюнча баяндама жасайт жана Борбордук шайлоо комиссиясына КТТнын ишмердиги жөнүндө маалымдайт;

- КТТнын курамына кирген адамдардын жана КТТнын ишине тартылган адамдардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет жана алардын аткарылышын текшерет;

- КТТнын Борбордук шайлоо комиссиясы менен туруктуу байланышын камсыз кылат, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин талап кылган маселелер боюнча сунуштарды киргизет.

21. КТТнын жетекчиси жокто анын милдеттерин КТТнын курамынан Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат.

 

7. Жоопкерчилик

22. КТТнын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы, тыянактарынын объективдүү эместиги жана негиздүү эместиги, ошондой эле купуя маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.

23. Иш тартибин бузгандыгы, маалыматты ачыкка чыгаргандыгы же ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн КТТнын мүчөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен КТТнын курамынан чыгарылышы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

 

8. Корутунду жоболор

24. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине, шайлоолор жана референдумдар жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык чечилет.