Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө ЖО
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) добуш берүү үчүн жайларды жана шайлоо жабдууларын даярдоо тартибин, шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу жана өткөрүү, анын ичинде инновациялык технологияларды пайдалануу тартибин, шайлоо комиссияларынын шайлоочулардын добуштарын саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууда коопсуздукту камсыз кылуу тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жобонун максаты Кыргыз Республикасында эркин, адилеттүү, ачык-айкын жана калыс шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу, ошондой эле шайлоочулардын эркин билдирүүсүн объективдүү каттоону камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоо болуп саналат.
3. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (мындан ары – конституциялык Мыйзам), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Добуш берүү процессине даярдык көрүү боюнча
уюштуруу чаралары. Добуш берүү үчүн жайдын
жабдылышына карата негизги талаптар
4. Добуш берүү процессин уюштуруу шайлоо комиссияларына жүктөлөт. Шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарынын чегинде добуш берүү үчүн жайларды даярдашат, аларды керектүү жабдуулар менен камсыз кылышат, добуш берүүнү, анын ичинде инновациялык технологияларды колдонуу менен добуш берүүнү, уюштурушат жана добуштарды саноону жүзөгө ашырышат.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар добуш берүү процессин даярдоого жана өткөрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт.
5. Кыргыз Республикасынын шайлоо комиссияларынын бирдиктүү тутумун төмөнкүлөр түзөт:
1) Борбордук шайлоо комиссиясы;
2) округдук шайлоо комиссиялары;
3) аймактык шайлоо комиссиялары;
4) участкалык шайлоо комиссиялары.
Шайлоо комиссияларынын укуктук абалы, уюштурулушу жана иш тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдарда белгиленет.
Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө, анын ичинде:
– керектүү жабдууларды, транспортту жана телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөрдү, автоматтык эсептөөчү урналарды стенддерди, үкөктөрдү, добуш берүү үчүн кабиналарды ж.б.) жана шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же болбосо архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды күзөтүүнү камсыз кылууга;
– маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына шашылыш түрдө, маселени кошумча иликтөө же текшерүү жүргүзүү зарыл болгон учурда – үч күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү жана эртеси күнү – дароо жооп берүүгө милдеттүү.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер, башка коммерциялык эмес уюмдар жана юридикалык жактар шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан керектүү маалыматтарды жана материалдарды шайлоону даярдоонун жүрүшүндө эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү жана эртеси күнү дароо берүүгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн талаптарды аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келет.
6. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары добуш берүүнү өткөрүү үчүн жайларды участкалык шайлоо комиссиясынын пайдалануусуна акысыз негизде беришет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын номери, иштөө режими көрсөтүлгөн белгилер участкалык шайлоо комиссиясынын жайы жайгашкан имараттын сырткы кире беришине орнотулат.
Добуш берүү үчүн жайлар өрт коопсуздугунун талаптарына жана санитардык нормаларга жооп бериши, шайлоочулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылышы керек жана, эреже катары, бөлмөгө өзүнчө кирген жана чыккан жери болушу керек.
Жарыктандыруу тутуму менен жабдылган добуш берүү үчүн жайда жазуу буюмдары менен камсыздалган атайын жабдылган кабиналар орнотулат, ошондой эле мониторлор, видео-тартуу каражаттары, башка керектүү жабдуулар, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр жана автоматтык эсептөөчү урналар жайгаштырылат.
Жарыктандыруу тутумунда энергиянын альтернативалык булактары, анын ичинде резервдик электр генераторлору, чырактар жана шамдар болушу керек. Электр жарыгы өчүрүлгөн учурда добуш берүү (негизги же альтернативалык булактын эсебинен) кайра калыбына келтирилгенге чейин токтотулат.
Электр энергиясы менен жабдууну калыбына келтирүү энергиянын резервдик (анын ичинде генератордук) булактарын колдонуу менен дароо камсыз кылынат. Бул учурда участкалык шайлоо комиссиясынын ишине натыйжалуу байкоо жүргүзүү максатында байкоочулар, талапкерлердин өкүлдөрү автоматтык эсептөөчү урналардан, добуш берүү үчүн кабиналардан шайлоо комиссиясынын аракеттерин, алардын функцияларын аткаруусун толук көрүүнү камсыз кылган аралыкта болууга укуктуу.
Добуш берүүнү кайра баштоо жарык калыбына келтирилгенден кийин токтоосуз түрдө ишке ашырылат.
Добуш берүү үчүн жай принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, кабиналар, мониторлор, автоматтык эсептөөчү урналар, мониторлор, видео-тартуу каражаттары жана башка жабдуулар шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын көз алдында бир эле учурда көрүнүп тургандай болуп жабдылууга тийиш.
Добуш берүү үчүн жайда технологиялык жабдуулар менен катар жазуу столдору, отургучтар, сейф же металл шкаф, басып чыгаруу үчүн материалдар, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштөр, автоматтык эсептөөчү урналар жана шайлоо документтери, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана кеңсе буюмдары болууга тийиш.
Шайлоочулардын алфавиттин тамгалары көрсөтүлгөн белгилер шайлоочулардын тизмелери менен иш алып барган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн артындагы дубалга же болбосо столдорго коюлат.
7. Участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүү үчүн жайында, ошондой эле округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын жайларында добуш берүү башталганга чейин аныкталганына жараша маалыматтарды этап-этабы менен киргизүүгө арналган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы илинет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол тактыкты талап кылган олуттуу документ болуп саналат. Протоколдун формасы, коргоо даражасы, ошондой эле участкалык, округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорду толтуруу тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
3. Жарандарга маалымдоону камсыздоо боюнча уюштуруу чаралары
8. Добуш берүү үчүн жайда шайлоо комиссиясы тактаны жабдыйт, анда ар бир талапкердин иреттик номери көрсөтүлгөн бардык талапкерлер тууралуу маалыматтык материалдар жайгаштырылат.
Көрсөтүлгөн материалдарда үгүт чакырыктары камтылбашы керек. Тактада катталган талапкерлердин фамилияларын камтыбашы керек болгон толтурулган шайлоо бюллетендеринин үлгүлөрү да жайгаштырылат. Бул үлгүнү жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарда да жайгаштыруу сунушталат.
Талапкер четтетилген учурда маалыматтык материалдардан талапкер тууралуу маалыматтар толугу менен чийилет.
9. Шайлоо бюллетенине киргизилген катталган талапкерлер тууралуу маалыматтар маалыматтык материалдарда шайлоо бюллетенинин формасын жана текстин бекитүүдө аныкталган ырааттуулукта жайгаштырылат.
10. Маалыматтык тактада Конституциядан, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликти белгилөөчү кылмыш-жаза, административдик жана шайлоо мыйзамдарынын бөлүмдөрүнөн алынган үзүндүлөр жайгаштырылышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн материалдарды участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочулар алар менен эркин тааныша алгыдай кылып жайгаштырышат.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо дайындалган күндөн тартып он календардык күндүн ичинде ар бир шайлоо участогунда үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундарды бөлүп берүүгө жана жабдууга милдеттүү.
Талапкерлерге жана саясий партияларга үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн бирдей шарттар түзүлүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн орундар шайлоочулар үчүн ыңгайлуу болушу жана жайгаштырылган маалымат менен эркин таанышуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынгандай болуп жайгаштырылышы керек.
4. Майыптыгы бар шайлоочулар үчүн добуш берүү
үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
12. Добуш берүү үчүн жай майыптыгы бар шайлоочулардын тоскоолдуксуз жетүүсүн жана өз алдынча добуш берүүсүн, анын ичинде:
– ыңгайлуу кире бериштерди жана жөө жүрүүчү жолдорду;
– жеке автотранспортту токтотуу үчүн атайын жайларды;
– добуш берүү үчүн жайларды имараттардын биринчи кабаттарына жайгаштырууну же болбосо лифттердин болушун;
– эшиктердин кенен ачылышын;
– пандустардын болушун (пандусту орнотуу мүмкүн болбогон учурда жардам чакыруу баскычы менен жабдууну);
– төшөлмөлөрдү, тактилдик көрсөткүчтөрдү;
– жетиштүү жарыктандырууну камсыз кылышы керек.
Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүү үчүн кабиналар, автоматтык эсептөөчү урналар) жана маалыматтык такталар жеткиликтүүлүктү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен жайгаштырылышы керек. Добуш берүү үчүн кабиналар кресло-колясканы колдонгон шайлоочулардын кирүүсүнө шарт түзүүсү керек жана:
– оптикалык коррекциялоо каражаттары (лупалар, анын ичинде жарыктандыргычы бар лупалар);
– кошумча жарыктандыруу;
– отургуч;
– бюллетенди толтуруу үчүн атайын трафарет менен жабдылышы керек.
Көрүүсү боюнча майыптыгы бар шайлоочуларга маалымдоо үчүн маалыматтык тактада ири арип жана (же) Брайль арибин колдонуу менен аткарылган материалдар жайгаштырылат.
13. Тийиштүү шайлоо комиссиясы социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждык картасын добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен түзөт.
Тийиштүү шайлоо комиссиясы муктаждык картасын түзүүнүн жыйынтыктары боюнча добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майыптыгы бар жарандардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен добуш берүү үчүн жайлардын муктаждык картасында көрсөтүлгөн майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарына шайкештигин текшерүүнү уюштурат.
Эгерде добуш берүү үчүн жай майыптыгы бар адамдардын кирүүсү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылбаса, бул учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына майыптыгы бар адамдар үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдойт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссиялары кайрылган учурда токтоосуз түрдө тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
5. Шайлоо участогунда жана добуш берүү үчүн
жайда коопсуздукту камсыздоо
14. Добуш берүү үчүн жай өрт коопсуздугунун белгиленген нормаларына шайкеш келүүгө тийиш. Участкалык шайлоо комиссиясы өрт көзөмөлүнүн талаптарын сактоого, кабарлоо жана эвакуациялоо тутумдарынын, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын иштешин, эвакуациялык чыгуу эшиктеринин болушун жана жеткиликтүүлүгүн, эвакуациялоо планынын көрүнүктүү жерлерге жайгаштырылышын камсыз кылууга, ошондой эле эвакуациялоо жолдорунун тосулуп калышын жана башка өрткө каршы талаптардын бузулушун алдын алууга милдеттүү.
Мамлекеттик өрт көзөмөлү органдары өрткө каршы нормалардын аткарылышына мыйзамдарда белгиленген тартипте көзөмөл жүргүзүшөт.
15. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан санитардык-эпидемиологиялык талаптар (карантин, өзгөчө кырдаалдар режими, чектөө иш-чаралары) киргизилген учурда участкалык шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана башка компетенттүү органдар тарабынан белгиленген санитардык нормалардын сакталышын камсыз кылат.
Мындай талаптарды сактоо шайлоо процессинин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
16. Ички иштер органдары участкалык шайлоо комиссияларынын жайларын, шайлоо документтерин жана жабдууларын күзөтүүнү камсыз кылышат, шайлоо участогунда коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшөт, ошондой эле шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар айкындалганда же коопсуздук коркунучтары туулганда шайлоо комиссиясына көмөк көрсөтүшөт.
Участкалык шайлоо комиссиясы коопсуздукка коркунуч туулганда же ишмердүүлүгүнө тоскоолдуктар жаралганда ички иштер органдарына кайрылууга укуктуу; ички иштер органдарынын кызматкерлери мындай кайрылууларга токтоосуз түрдө чара көрүүгө милдеттүү.
Тартип калыбына келтирилгенден кийин ички иштер органдарынын кызматкерлери добуш берүү үчүн жайдан чыгып кетишет.
17. Комиссиянын ишине тоскоолдук кылган, коомдук тартипти бузган, коопсуздукка коркунуч келтирген же добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузган учурларда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү комиссиянын ишинен дароо четтетилет, ал эми байкоочу же башка адамдар добуш берүү үчүн жайдан чыгарылат.
Четтетүү участкалык шайлоо комиссиясынын жазуу жүзүндө таризделген чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат. Комиссия бул адамдарды жоопкерчиликке тартуу тууралуу сунуштама менен компетенттүү органдарга кайрылууга укуктуу.
18. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту, коомдук транспорттун, байланыш каражаттарынын үзгүлтүксүз иштешин, электр жарыгынын берилишин жана добуш берүү үчүн жайлардын жылытылышын камсыз кылууга милдеттүү.
19. Шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары тиешелүү шайлоо комиссиясынын ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобуна дароо билдирилет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын имаратын күзөтүү ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан шайлоо документтери келип түшкөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашылган боюнча, ал эми күнү-түнү күзөтүү шайлоо жабдуулары сактоого келип түшкөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Ички иштер органдарынын кызматкеринин турган жери участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен макулдашылган боюнча аныкталат (эреже катары, шайлоо документтери сакталган бөлмөдө).
6. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү тартиби
20. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалына же майыптыгына байланыштуу добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган шайлоочулар; добуш берүү күнү ооруканаларда, шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды камакта кармоо жайларында болуп калган шайлоочулар; алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо, мал жайыттарында убактылуу жашап жаткан шайлоочулар; ошондой эле өзгөчө учурларда, тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечими боюнча, добуш берүү күнү калктуу конуштардан обочолонгон, алыскы жерлерде жайгашкан аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, добуш берүү күнү кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлери, тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген үзгүлтүксүз циклде иштеген ишканаларда эмгектенген шайлоочулар, вахталык метод менен иштеген шайлоочулар өздөрү турган жерде добуш беришет. Участкалык шайлоо комиссиялары мындай шайлоочуларга добуш берүү күнүнө бир календардык күн калганда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү.
Добуш берүү күнү стационардык дарылоо-алдын алуу мекемелеринде, шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында, үзгүлтүксүз циклде иштеген (анын ичинде эмгекти уюштуруунун вахталык методунда) ишканаларда болуп калган шайлоочулар, ошондой эле аскерге чакыруу боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, аскердик бөлүктөрдүн аймактарында жашаган аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана көрсөтүлгөн аймактарда жашаган башка адамдар тууралуу маалыматтар тиешелүү мекемелердин, ишканалардын жана аскердик бөлүктөрдүн жетекчилери тарабынан түзүлөт.
Көрсөтүлгөн маалыматтар тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
21. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү добуш берүү күнүнө чейин бир календардык күн калганда гана саат 8:00дөн 20:00гө чейинки мезгилде жана шайлоочунун ага добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.
Шайлоочунун арызы участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөндөн кийин каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен берилиши мүмкүн. Участкалык шайлоо комиссиясы берилген бардык арыздарды атайын реестрде каттайт. Арызда добуш берүү үчүн жайга келе албай тургандыгынын себеби, шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек.
22. Участкалык шайлоо комиссиясында зарыл болгон сандагы, бирок үчтөн ашпаган көчмө урналар болууга тийиш. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү алдын ала мөөрлөнүп чапталган (пломбаланган) добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдү жана принтери бар идентификациялоочу түзүлүштү алган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификациялоо оператору менен биргеликте жүргүзөт. Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.
23. Добуш берүү күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн жыйынында добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү уюштурууга жооптуу боло турган комиссия мүчөлөрүн (экиден кем эмес) аныктоо боюнча чүчүкулак өткөрөт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт.
Добуш берүү күнүнө 2 күн калганда участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин участокто жайгаштырат.
24. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнө, катышып отурган байкоочуларга, талапкерлердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жайдан тышкары добуш берүү үчүн бош көчмө үкөктөрдү көрсөтөт, андан кийин алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп чапталат (пломбаланат). Андан кийин мөөрлөнүп чапталган добуш берүү үчүн бош көчмө үкөктөргө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо участогунун номуру, контролдук барактарды таштоо убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн, катышып отурган талапкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды таштайт. Контролдук барактар көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кол тамга коюлуп, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
25. Шайлоочуга келгенден кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү идентификациялоо операторлору менен биргеликте шайлоочуну биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялашат.
Идентификациялоо жол-жобосунан өткөндөн кийин шайлоочуга өзү тандаган тилдеги тиешелүү шайлоо округунун чеги жана шайлоо бюллетени басып чыгарылат. Чек участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.
Чүчүкулак менен аныкталган комиссиянын мүчөсү паспорттун (Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык түрлөрүнүн) сериясын жана номерин көрсөтүп, шайлоочунун маалыматтарын шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесине киргизет жана бюллетенди бергендиги үчүн кол тамга коёт.
Шайлоочу жазууну текшерип, шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесине кол тамга коёт.
26. Шайлоочу шайлоо бюллетенин добуш берүүнүн жашыруундуулугун камсыз кылган жана башка адамдардын катышуусун жокко чыгарган, ошол эле учурда шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана байкоочуларга эркти билдирүүнүн жашыруундуулугун бузбастан зарыл болгон көрүп көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген атайын жабдылган жерде толтурат.
Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан же ден соолугунун абалына байланыштуу өз алдынча кол тамга коё албаса же шайлоо бюллетенин толтура албаса, анда ал башка шайлоочунун жардамын пайдаланууга укуктуу.
Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, бул учурда ал участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна жаңы шайлоо бюллетенин берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуга жаңы шайлоо бюллетенин берет жана шайлоочулардын тизмесинде ошол шайлоочунун фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коёт.
Шайлоо бюллетени бир гана жолу кайталап басып чыгарылат.
Бузулган шайлоо бюллетени сол жактагы жогорку жана оң жактагы төмөнкү бурчтарындагы QR-коддорду кесип салуу жолу менен ордунда жокко чыгарылууга тийиш. Жокко чыгаруу фактысы жөнүндө акт түзүлөт, ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол тамга коюшат.
27. Шайлоочу идентификациядан өтүп, добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берген Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун сериясы жана номери шайлоочулардын тизмесине киргизилет. Ошол эле учурда шайлоочулардын тизмесинин тиешелүү графасына: “Добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.
Комиссиянын мүчөлөрү жеке маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга жана аларга уруксатсыз кирүүнүн алдын алууга милдеттүү. Бул талаптар бузулган учурда алар Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
28. Жайдан тышкары добуш берүү аяктаганда добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдүн көзөнөктөрү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана башка мүчөлөрү, байкоочулар тарабынан кол тамга коюлган А4 форматындагы барак менен мөөрлөнүп чапталат (пломбаланат) жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Көчмө үкөктөр кошумча мөөрлөнүп чапталган (пломбаланган) сейфте (шкафта) сакталат.
Жайдан тышкары добуш берүү аяктаганда добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын саны, добуш берген шайлоочулардын саны, басып чыгарылган жана шайлоочуларга берилген бюллетендердин саны, чектердин саны жана кайтарылган бузулган бюллетендердин саны жөнүндө маалыматты камтыган акт түзүлөт.
Актыга катышып отурган участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү, талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар кол тамга коюшат. Актыны түзүүдө катышып отурган ар бир адамга актыга кол тамга коюлгандан кийин анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү дароо берилет.
29. Жайдан тышкары добуш берген шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү үчүн жайда добуш берүү аяктаганда конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана шарттарда жүргүзүлөт.
7. Участкалык шайлоо комиссиясынын шайлоо күнү добуш берүү башталганга чейинки аракеттери – добуш берүү тартиби
30. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо күнү добуш берүү саат 8:00дөн саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүү шайлоодо добуш берүү өткөрүлүп жаткан өлкөнүн жергиликтүү убактысы боюнча саат 8:00дөн саат 20:00гө чейин жүргүзүлөт.
Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары шайлоочуларга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башкача ыкма менен добуш берүү күнүнө 10 календардык күн калгандан кечиктирбестен, ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө – добуш берүү күнүнө 7 календардык күн калгандан кечиктирбестен кабарлоого милдеттүү.
31. Шайлоо күнү, добуш берүү башталар алдында, таңкы саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайдагы жыйынында:
- добуш берүү күнү операторлордун ишин контролдой турган;
- жарандарды шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесине каттоону жүзөгө ашыра турган жана аралыктан добуш берген жарандарды эсепке алууну жүргүзө турган;
- шайлоочулардын жашыруун добуш берүү үчүн кабиналарга өтүшүн, шайлоо бюллетендеринин автоматтык эсептөөчү урнага ташталышын контролдоону жүзөгө ашыра турган;
- жарандарды идентификациялоону жүргүзө турган жана басып чыгарылган шайлоо бюллетендерин, идентификациялык чектерди бере турган комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрүү үчүн чүчүкулак өткөрүшөт.
Мында участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы, катчысы жана шайлоо жабдууларынын операторлору чүчүкулакка катышпайт.
32. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда мөөрлөнүп чапталган, ошол участоктун шайлоочуларынын тизмеси жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле имараттан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө документтер сакталган сейфти (шкафты) ачат, андан соң сейфтен (шкафтан) шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси бар башка керектүү жабдууларды, аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларын эсепке алуу тизмесин алып чыгат.
Төрага шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санын жарыялайт жана катышып отургандарга шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү жана электрондук тизмелери менен көрүп таанышуу жана салыштыруу мүмкүнчүлүгүн берет, андан кийин аларды шайлоочуларды каттоого жана добуш берүү күнү шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесин толтурууга жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө өткөрүп берет.
Өзүнүн көп мандаттуу округунун чегинен тышкары убактылуу жүргөн шайлоочу каалаган шайлоо участогунда аралыктан добуш берүүгө укуктуу. Аралыктан добуш берүүнүн катышуучуларынын тизмелери шайлоочу добуш берүүгө катышканда автоматтык түрдө түзүлөт.
Бир шайлоо округунун чегинде өзүнүн шайлоо участогунан тышкары аралыктан добуш берүүгө жол берилбейт.
Аралыктан добуш берүүнү өткөрүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
33. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп чаптала турган (пломбалана турган) автоматтык эсептөөчү урналардын бош турган төмөнкү бөлүктөрүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, талапкерлердин өкүлдөрүнө жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө көрсөтөт. Андан кийин мөөрлөнүп чапталган автоматтык эсептөөчү урналардын төмөнкү бөлүгүнө төрага участкалык шайлоо комиссиясынын номери, контролдук барактарды автоматтык эсептөөчү урналардын төмөнкү бөлүгүнө таштоо убактысы, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана башка мүчөлөрүнүн, ошондой эле катышып отурган талапкерлердин жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн фамилиялары көрсөтүлгөн контролдук барактарды таштайт. Контролдук барактар көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кол тамга коюлуп, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Андан кийин автоматтык эсептөөчү урналардын төмөнкү жана жогорку бөлүктөрү бириктирилип, участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп чапталат (пломбаланат).
34. Добуш берүү үчүн жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү операторлор менен биргеликте идентификациялоо боюнча жабдууларды колдонуу менен шайлоочунун жеке жана биометрикалык маалыматтары боюнча аны онлайн жана (же) офлайн идентификациялоону жүргүзүшөт.
Шайлоочуну идентификациялоо талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна жана монитордогу сүрөткө көрүп байкоо жүргүзө алгыдай аралыкта жана шартта жүргүзүлүшү керек.
Шайлоочуну идентификациялоо паспортту (Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортторунун бардык типтерин), анын ичинде “Түндүк” тиркемеси аркылуу түзүлгөн санариптик паспортту көрсөткөндө жүзөгө ашырылат.
Шайлоочуну биометрикалык жана жеке маалыматтары боюнча идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
Добуш берүү үчүн жайда байкоочулардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн көрүп көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруусу үчүн жеткиликтүү болгон жерде монитор орнотулушу керек.
Көрүнөө жерде илинген монитордо төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
– ошол шайлоо участогунун тизмесине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны;
– учурда идентификациялоодон өтүп жаткан жана чек алган шайлоочулардын саны;
– идентификациялоодон өтүп жаткан шайлоочунун сүрөтү;
– Борбордук шайлоо комиссиясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен аныктай турган башка маалыматтар.
Идентификациялоодон өткөндөн кийин шайлоочуга ал тандаган тилде чек жана тиешелүү округдун бюллетени басып чыгарылат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана биометрикалык идентификациялоо операторлоруна добуш берген же добуш бербеген шайлоочулардын тизмелери тууралуу маалыматтарды үчүнчү жактарга берүүгө тыюу салынат.
Жабдуу ошол шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилген шайлоочуну идентификациялоодон баш тарткан жана идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чек бербеген ар бир учур жөнүндө, эгерде идентификациялоо боюнча бир нече жолу көрүлгөн чаралар натыйжа бербесе, идентификациялоо процесси үчүн жооптуу шайлоо комиссиясынын мүчөсү төрагага маалымдайт жана эки нускада жабдуунун баш тарткандыгы жөнүндө акт түзөт. Актыга шайлоо комиссиясынын жооптуу мүчөсү, оператор жана тиешелүү шайлоочу кол тамга коёт. Актынын бир нускасы шайлоочуга тапшырылат, ал эми экинчи нускасы шайлоо комиссиясында калат, ал шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин бул актыларды тиешелүү мамлекеттик органдарга чара көрүү үчүн жиберет. Акт түзүлгөн шайлоочуга добуш берүүгө жол берилбейт.
Эгерде техникалык себептер улам шайлоо жабдуулары чекти жана шайлоо бюллетенин чыгарып бербесе, анда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы атайын СМАРТ-картаны пайдалануу менен кайрадан шайлоо бюллетенин басып чыгарат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кайталап шайлоо бюллетенин берүү жөнүндө токтоосуз акт түзүлөт (себебин көрсөтүү менен).
Шайлоочуга бюллетень чексиз берилген учурда участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мүчөсү (идентификациялоо оператору) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
35. Идентификациялоо жол-жобосунан өтүүдө шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетенин кайсы тилде (мамлекеттик же расмий) басып чыгарарын тактоого милдеттүү. Шайлоочу чекти жана шайлоо бюллетенин шайлоочунун маалыматтарын кагаз жүзүндөгү тизмеге киргизе турган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө көрсөтөт. Шайлоочу киргизилген жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочулардын кагаз жүзүндөгү тизмесине кол тамга коёт.
Аралыктан добуш берүү тартиби Борбордук шайлоо комиссиясынын аралыктан добуш берүү жөнүндө ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Идентификациялоодон өткөн шайлоочуну кайра идентификациялоого аракет кылган учурда сереп салуу мониторунда шайлоо участогунун номерин, аны жүзөгө ашыруунун датасын жана убактысын көрсөтүү менен ошол шайлоочуну идентификациялоо жүргүзүлгөндүгү жөнүндө билдирүү автоматтык түрдө көрсөтүлөт.
Идентификациялоодон өткөн шайлоочулардын саны тууралуу маалыматтар саат 9:00дөн 19:00гө чейин саат сайын онлайн режимде борбордук серверге берилип, автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жарыяланып турат.
Автоматтык эсептөөчү урналарга ташталган шайлоо бюллетендеринин санына негизделген добуш берген шайлоочулардын саны жөнүндө акыркы маалыматтар шайлоо участоктору жабылгандан кийин дароо, бирок бюллетендери бар урналар ачылганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.
36. Ар бир шайлоочу жеке өзү добуш берет, башка шайлоочулар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
37. Шайлоо бюллетенин шайлоочу атайын жабдылган кабинада же бөтөн адамдардын катышуусу болбогон башка жерде толтурат. Кабина (орун) бюллетенди толтурууда эркти билдирүүнүн жашыруундугун камсыз кылгыдай, ошондой эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана байкоочуларга добуш берүүчүнүн аракеттеринин жалпы тартибин анын тандоосунун жашыруундуулугун бузбастан көрүп байкоого мүмкүндүк бергидей орнотулушу же даярдалышы керек.
Автоматтык эсептөөчү урналар, эреже катары, жакынкы добуш берүү үчүн кабинадан бир жарым метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылат. Мындай жайгаштыруу добуш берүү үчүн жайда турган адамдар тарабынан бюллетенде шайлоочу жасаган белгини көз менен аныктоо мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн зарыл.
38. Президентти шайлоодо шайлоочу шайлоо бюллетенине анын пайдасына тандоо жасалган талапкерге тиешелүү чарчыга же болбосо “Баарына каршы” позициясына тиешелүү белги коёт.
Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо ар бир шайлоочу өзү тандап алган талапкердин тушундагы бир чарчыга, же болбосо “Баарына каршы” позициясына бир гана белги коюуга укуктуу.
39. Эгерде шайлоочу шайлоо бюллетенин толтурууда ката кетирип алдым деп эсептесе, бул учурда ал бузулган шайлоо бюллетенинин ордуна ага кайталанган шайлоо бюллетенин берүү өтүнүчү менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына кайрылууга укуктуу.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы атайын SMART-картанын жардамы менен кайталанган шайлоо бюллетенин басып чыгарат, мында кайталанган шайлоо бюллетенин басып чыгаруу үчүн принтери бар идентификациялоочу түзүлүшкө бузулган шайлоо бюллетенинин QR-кодун тиркөө зарыл.
Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайталанган шайлоо бюллетенин берүү (себебин көрсөтүү менен) жана бузулган шайлоо бюллетенин жокко чыгаруу жөнүндө токтоосуз акт түзүшөт. Бузулган шайлоо бюллетенин жокко чыгаруу төмөнкү оң жана жогорку сол бурчтарындагы QR-коддорду кесүү менен жеринде жүргүзүлөт.
Шайлоочулардын тизмесине жооптуу комиссия мүчөсү кайталанган шайлоо бюллетени берилгендиги тууралуу белгини тизмеде шайлоочунун аты-жөнүнүн тушуна коёт.
Кайталанган шайлоо бюллетени бир гана жолу басып чыгарылышы мүмкүн.
40. Шайлоо бюллетенин алгандыгы жөнүндө өз алдынча кол тамга коюуга же шайлоо бюллетенин толтурууга мүмкүнчүлүгү болбогон шайлоочу бул үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөсү, талапкер, талапкердин, өкүлү же байкоочу болуп саналбаган башка шайлоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Бул учурда шайлоочу башка адамдын жардамынан пайдалануу ниети жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясына оозеки кабарлайт.
Жардам көрсөткөн адам бардык иш-аракеттерди шайлоочунун эркине ылайык так аткарууга милдеттүү жана ага кандайдыр бир таасир көрсөтүүгө укуксуз.
41. Толтурулган шайлоо бюллетендерин шайлоочулар мөөрлөнүп чапталган (пломбаланган) автоматтык эсептөөчү урналарга ташташат.
Шайлоо бюллетенин добуш берүү үчүн жайдан алып чыгууга тыюу салынат.
Бюллетенди таштаган шайлоочудан башка адамдардын автоматтык эсептөөчү урналардын жанында болушуна тыюу салынат.
Бюллетенди таштоодо кыйынчылыкка туш болгон шайлоочунун өтүнүчү боюнча жардам көрсөтүү үчүн шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири же техникалык адис (оператор) чакырылышы мүмкүн болгон учур өзгөчө болуп саналат.
Добуш берүү үчүн жайда турган адамдарга жалпы көрүнүштү жабууга же автоматтык эсептөөчү урнаны байкоого башкача жолтоо болууга тыюу салынат.
42. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда автоматтык эсептөөчү урнанын оператору токтоосуз түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобунун адистерине кайрылат. Эгерде кароонун жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урнанын иштөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү мүмкүн эместиги аныкталса, добуш берүү резервдик автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануу менен улантылат. Бул факт боюнча участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага катышып отурган участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү кол тамга коюшат.
Резервдик автоматтык эсептөөчү урналардын иштөө жөндөмдүүлүгү жоголгон учурда добуш берүү үчүн стационардык (тунук) үкөктү пайдалануу менен жүргүзүлөт. Бул факт боюнча участкалык шайлоо комиссиясы да акт түзөт, ага катышып отурган участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү кол тамга коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналар бузулган ар бир учур жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары Борбордук шайлоо комиссиясынын техникалык колдоо тобуна ыкчам билдирүүгө милдеттүү.
Эгерде запастык автоматтык эсептөөчү урна орнотулганга чейин участокто добуш берүү үчүн стационардык (тунук) үкөк пайдаланылса, анда добуш берүү аяктагандан кийин андагы шайлоо бюллетендери байкоочулардын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн катышуусунда колдонулуп жаткан автоматтык эсептөөчү урна аркылуу чыгарылат жана өткөрүлөт.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулушунун натыйжасында алмаштырылган урналардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда добуш берүү аяктагандан кийин жыйынтыктоочу отчётту түзүү үчүн аларды пайдаланууга жол берилет. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага Комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү, операторлор, байкоочулар жана талапкерлердин өкүлдөрү кол тамга коюшат.
8. Шайлоочулардын добуштарын саноо.
Участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан
добуш берүүнүн жыйынтыктарынын белгилениши
43. Саат 20.00дө добуш берүү үчүн жай жабылат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн жайда турган шайлоочулар гана шайлоо бюллетендерин алып, добуш бере алышарын жарыялайт.
44. Шайлоочулардын добуштарын эсептөө участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык-айкын, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдо жана анын чоңойтулган формасында шайлоо бюллетендерин жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө боюнча аткарылуучу иш-аракеттердин бардык натыйжаларын ырааттуу жарыялоо жана тиешелүү тариздөө менен жүзөгө ашырылат.
Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун чоңойтулган формасы жалпы таанышуу үчүн округдук, аймактык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинет жана шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
Добуштарды саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө процессинде талапкерлердин өкүлдөрү, байкоочулар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан серепти камсыз кылган жана шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук кылбаган участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден сүрөткө, видеого тартуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
45. Шайлоочулардын добуштарын саноо добуш берүү аяктагандан кийин дароо башталат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленгенге чейин шайлоочулар добуш берген жайда тыныгуусуз өткөрүлөт. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөө жүргүзүлгөн жер ага участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн, талапкерлердин шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрүнүн кирүүсү камсыз кылынгандай жабдылууга тийиш. Мында эсептөөгө катышкан бардык адамдар үчүн участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аракеттерин толук көрүп туруу камсыз кылынууга тийиш.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасын жана катчысын кошпогондо, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө добуштарды саноодо жазуу буюмдарын пайдаланууга тыюу салынат.
Ар кандай деңгээлдеги шайлоолор айкалышкан учурда биринчи кезекте Президентти, андан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуштарды саноо жүзөгө ашырылат.
46. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же катчысы бузулган (жокко чыгарылган) бюллетендерди кайра эсептейт, бул жөнүндө акт түзүлөт. Бардык жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери саналат жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү жана комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгалары менен бекитиле турган пакетке таңгакталат. Пакетке “Жокко чыгарылган шайлоо бюллетендери” деген жазуу жазылып, алардын саны жана шайлоо участогунун номери көрсөтүлөт.
47. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз саноонун алдында шайлоочуларды, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу добуш бергендерди каттоого жооптуу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочулардын, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу добуш бергендердин тизмесинин ар бир бетине тиешелүү жалпы маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.
Жалпы маалыматтар киргизилгенден кийин шайлоочулардын тизмесинин жана аралыктан добуш берүү аркылуу добуш бергендердин тизмесинин ар бир бетине участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү кол тамга коёт, андан соң бардык маалыматтарды кошуп, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп берет.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайлоочулардын тизмесинин жана аралыктан добуш берүү аркылуу добуш бергендердин тизмесинин акыркы бетине бардык беттер боюнча маалыматтардын жыйындысы катары аныкталуучу жыйынтыктоочу маалыматтарды киргизип, аларды өзүнүн кол тамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу добуш бергендердин саны белгиленген формадагы шайлоо бюллетендерин алгандыгы тууралуу шайлоочулардын кол тамгаларынын саны боюнча аныкталат.
Шайлоочуларга, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу добуш бергендерге берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет.
Шайлоочулардын, анын ичинде аралыктан добуш берүү аркылуу добуш бергендердин тизмеси менен иш жүргүзгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы катышып отургандарга аны менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Андан кийин тизмелер сейфке (шкафка) салынат.
48. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн көчмө үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноого киришет. Комиссиянын төрагасы же катчысы пломбалардын, мөөрлөрдүн жана көчмө үкөктөрдү мөөрлөп чаптоого катышкан адамдардын жана комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгаларынын сакталышын көрсөтөт. Андан кийин добуш берүү үчүн көчмө үкөктөр кезеги менен ачылып, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана көчмө шайлоо үкөктөрүн мөөрлөп чаптоого катышкан адамдардын кол тамгалары коюлган контролдук барактар алынат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт.
Ар бир добуш берүү үчүн көчмө үкөктү ачуунун алдында ошол добуш берүү үчүн көчмө үкөктү пайдалануу менен добуш берген шайлоочулардын жана берилген чектердин саны жарыяланат. Ар бир добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендерин саноо өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
Көчмө үкөктөрдөн алынган бардык шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урнага ташталат.
Эгерде добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны алынган шайлоо бюллетендеринин жана берилген чектердин саны жөнүндө белгини камтыган шайлоочулардын арыздарынын санынан көп экендиги аныкталса, ошол добуш берүү үчүн көчмө үкөктөгү бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен жокко чыгарылат, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүүнү камсыз кылуучу участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү көрсөтүлө турган добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет. Бул жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө таңгакталат жана мөөрлөнүп чапталат, мында пакетте шайлоо участогунун номери, үкөктүн номери, шайлоо бюллетендеринин саны көрсөтүлөт жана “Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери” деген жазуу жазылат.
Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган жараксыз шайлоо бюллетендери жана маалыматтар жыйынтыктоочу протоколдун тиешелүү графасына жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
Көчмө үкөктөрдөн алынган жарактуу шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу өткөрүлөт.
49. Белгиленбеген формадагы шайлоо бюллетендери добуштарды саноодо эсепке алынбайт. Мазмуну жана (же) формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген шайлоо бюллетенинин текстине жана формасына дал келбеген шайлоо бюллетендери белгиленбеген формадагы шайлоо бюллетендери деп таанылат.
50. Автоматтык эсептөөчү урна добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жөнүндө отчетту түзөт жана берет, анда иштелип чыккан бюллетендердин саны, ошондой эле шайлоочулардын добуштарынын жалпы мааниси, аралыктан добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны, ар бир талапкер жана “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген добуштар көрсөтүлөт.
Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн жашыруундугунун ачылышына жол бербөөгө жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга туташтырылбоого тийиш. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды автоматтык эсептөөчү урналардан чыгаруу участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан саат 20:00дөн кийин, бирок добуш берүү күнү саат 23:00дөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.
Мөөр менен күбөлөндүрүлгөн автоматтык эсептөөчү урнанын отчёттору, мөөр менен күбөлөндүрүлгөн идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчёттор добуш берүү үчүн жайда турган талапкерлердин бардык өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет.
Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө автоматтык эсептөөчү урнанын жыйынтыктоочу отчёттору кагаз түрүндө добуштарды саноодо катышкандардын баарына берилет, бул отчёттор юридикалык күчкө ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат.
Байланыш менен байланышкан көйгөйлөрдөн улам автоматтык эсептөөчү урнадан маалыматтарды берүү мүмкүн болбогон учурда участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү акт түзөт жана маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине өткөрүп берүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясында талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда жүргүзүлөт.
51. Шайлоо бюллетендери автоматтык эсептөөчү урналардан алынгандан кийин саналат, ал эми натыйжалары добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго киргизилет.
Автоматтык эсептөөчү урналардан алынган шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүгө же андан аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүү үчүн урнада шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Эгерде себептер аныкталгандан жана четтетилгенден кийин автоматтык эсептөөчү урнадагы жарактуу шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан ашып кетсе, бул учурда ошол урнадагы бардык бюллетендер участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жараксыз деп таанылат жана төмөнкү оң бурчун кесүү жолу менен жок кылынууга тийиш.
52. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуштарды саноодо участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү автоматтык эсептөөчү урналардан алынган шайлоо бюллетендерин төмөнкү тартипте иргешет:
1. Адегенде – шайлоо округдары боюнча.
2. Андан кийин ар бир таңгак – ар бир талапкер үчүн жана “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген добуштар боюнча.
3. Ошол эле учурда белгиленбеген формадагы бюллетендер жана жараксыз шайлоо бюллетендери бөлүнүп алынат.
Иргөө процессинде участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендерде камтылган шайлоочулардын белгилерин жарыялашат жана саноодо катышып отургандардын бардыгына көрүп контролдоо үчүн шайлоо бюллетендерин беришет.
Талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар иргелген шайлоо бюллетендери менен участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында таанышууга укуктуу.
53. Жараксыз шайлоо бюллетендери өзүнчө саналат жана кошулат. Жараксыз шайлоо бюллетендерине шайлоочунун эркин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон бюллетендер кирет.
Бюллетендин жарактуулугуна же жараксыздыгына карата шектенүүлөр пайда болгон учурда участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат. Бюллетендин арткы бетинде анын жарактуу же жараксыз деп таанылышынын себептери көрсөтүлөт. Жазуу участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын кол тамгалары менен ырасталат, комиссиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана тиешелүү акт менен таризделет.
Жараксыз шайлоо бюллетендеринин жалпы саны добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
54. Президентти шайлоодо белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча шайлоочулардын добуштарын саноо ар бир талапкер боюнча жана “Баарына каршы” позициясы боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо аларды бир таңгактан экинчисине бирден алып коюу жолу менен тоскоолдук жаратпаган аралыкта жана тартипте саноого катышкан адамдар саноону уга алгыдай жана шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай үн чыгарып жүзөгө ашырылат. Ар башка таңгактардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.
Ар бир талапкер жана “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгилери (добуштары) боюнча аныкталуучу алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо аралыктан добуш берүү колдонулган учурда шайлоочулардын добуштарын саноо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тартиби Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет.
55. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо белгиленген формадагы депутаттыкка талапкерлер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарын саноо ар бир талапкер боюнча жана “Баарына каршы” позициясы боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Иргелген шайлоо бюллетендерин саноо аларды бир таңгактан экинчисине бирден алып коюу жолу менен тоскоолдук жаратпаган аралыкта жана тартипте саноого катышкан адамдар саноону уга алгыдай жана шайлоо бюллетениндеги шайлоочунун белгисин көрө алгыдай үн чыгарып жүзөгө ашырылат. Ар башка таңгактардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.
Ар бир талапкер жана “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген шайлоо бюллетендериндеги шайлоочулардын тиешелүү белгилери (добуштары) боюнча аныкталуучу алынган маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизилет.
56. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүдө бюллетендерди саноо белгиленген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча ар бир шайлоо округу боюнча өз-өзүнчө жүргүзүлөт. Андан кийин округдар боюнча иргелген бюллетендер ар бир талапкер боюнча жана “Баарына каршы” позициясы боюнча өз-өзүнчө саналат.
Саноо бюллетендерди бир таңгактан экинчисине бирден алып коюу жолу менен саноодо катышкандардын баары шайлоочунун белгисин көрө алгыдай жана жыйынтыгын уга алгыдай үн чыгарып жүзөгө ашырылат. Ар башка таңгактардагы шайлоо бюллетендерин бир убакта саноого жол берилбейт.
Ар бир округ жана “Баарына каршы” позициясы боюнча шайлоо бюллетендерин саноонун жыйынтыктары боюнча алынган маалыматтар жарыяланат жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилет.
57. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочулардын эркти билдирүүнү белгилөөгө мүмкүндүк берген белгилери боюнча аныктала турган жарактуу шайлоо бюллетендеринин санын санайт, жарыялайт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана анын чоңойтулган формасына киргизет.
58. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуштарды саноодо катышып отурган бардык адамдарга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн контролдугу астында шайлоо бюллетендери менен көрүп таанышууну сунуш кылат. Автоматтык эсептөөчү урнанын маалыматтары боюнча шайлоочулардын добуштарын кол менен саноонун жыйынтыктары менен добуш берүүнүн жыйынтыктары дал келбей калган учурда талапкердин өкүлүнүн же байкоочунун талабы боюнча добуштарды кайра саноо жүргүзүлөт. Шайлоо бюллетендери талапкердин өкүлү же байкоочу түздөн-түз катышканда жана алар тараптан көрүп көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү берилгенде кайра саналат. Мында шайлоо бюллетендерин кайра саноо үн чыгарып жүргүзүлөт.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен саноонун натыйжалары боюнча белгиленет.
59. Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тартипке ылайык, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду кошуп алганда, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго киргизилген маалыматтардын контролдук өз ара катышын текшерүү жүргүзүлөт.
60. Добуштарды саноо жүргүзүлгөндөн кийин участкалык шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтыктоочу жыйын өткөрөт, анда добуш берүүдө жана шайлоочулардын добуштарын саноодогу бузуулар жөнүндө келип түшкөн арыздар (даттануулар) каралып, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдер кабыл алынат. Андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана участкалык шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери тарабынан участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйынынын протоколуна кол тамга коюлат. Участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйынынын протоколуна кол тамга коюуда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор түзүлгөндөн кийин иргелген шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, шайлоочулардын идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектер өзүнчө пакеттерге таңгакталат, аларда шайлоо участогунун/округунун номери жана алардын мазмуну көрсөтүлөт. Талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын катышуусунда пакеттер мөөрлөнүп чапталат, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлат жана өзүнчө капка же кутуга салынат. Капта же кутуда шайлоо участогунун номери жана анын ичиндеги документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Кап же куту участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, ошондой эле катышып отурган талапкерлердин өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын кол тамгаларын коюу менен мөөрлөнүп чапталат.
Аралыктан добуш берүү боюнча таңгактоо жол-жобосу ошол эле тартипте, шайлоо участогун/округун көрсөтүү менен, өзүнчө капта же кутуда жүргүзүлөт.
Пакет, кап же куту жогору турган шайлоо комиссиясынын же соттун чечими боюнча гана ачылышы мүмкүн.
61. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол жана Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма боюнча аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада толтурулат жана ага кол тамга коюлган күнүн жана убактысын (саатын, мүнөтүн) жазып коюу менен катышып отурган участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлат. Эгерде протоколго участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол тамга койсо, ал жарактуу болуп саналат. Протоколго кол тамга коюуда протоколдун мазмунуна макул болбогон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколго өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат.
Автоматтык эсептөөчү урна тарабынан берилген добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарынын отчёту жана шайлоо участогунда шайлоочулардын идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө отчёт бюллетендерди кол менен саноонун негизинде участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго тиркелет жана ага катышып отурган участкалык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол тамга коюлат.
62. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго кол тамга коюлгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары катышып отурган бардык талапкерлердин өкүлдөрүнүн, байкоочулардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында токтоосуз түрдө жарыяланат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоочуларды идентификациялоо жөнүндө баштапкы, жыйынтыктоочу чектер жана автоматтык эсептөөчү урналар Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине автоматтык эсептөөчү урналар аркылуу сканерлөө жолу менен жиберилет.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жаңылыш толтурулган учурда комиссия тиешелүү акт түзөт, ал ошондой эле сканерден өткөрүлөт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жаңы толтурулган жана кол тамга коюлган протокол менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине жөнөтүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколдордун туура толтурулушунун шайкештиги текшерилгенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун биринчи нускасы ага кол тамга коюлгандан кийин шайлоо документтери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлгөн актылар, автоматтык эсептөөчү урналардын отчёттору, идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчёттор менен бирге участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан талапкерлердин өкүлдөрүнүн коштоосунда токтоосуз түрдө округдук, аймактык шайлоо комиссиясына жеткирилет.
Тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталуучу алыскы жерлерде жайгашкан шайлоо участокторунун участкалык шайлоо комиссиялары көрсөтүлгөн документтерди Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген мөөнөттө жеткирүүнү жүзөгө ашырат.
Чет мамлекеттердин аймагында жайгашкан шайлоо участокторунун участкалык шайлоо комиссиялары көрсөтүлгөн документтерди дипломатиялык каналдар аркылуу тиешелүү округдук/аймактык шайлоо комиссиясына 7 календардык күндөн кечиктирбестен жеткирүүнү жүзөгө ашырышат.
Көрсөтүлгөн документтерди жеткирүүгө тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясы жеткирүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
63. Протоколдун экинчи нускасы, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын иши аяктаганга чейин алардын аныктыгы жана сакталышы үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат.
64. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун чоңойтулган формасы жалпы элдин таанышуусу үчүн участкалык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинет жана участкалык шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
65. Добуштарды саноого катышкан ар бир адамга участкалык шайлоо комиссиясынын катчысы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго кол тамга коюлгандан кийин токтоосуз түрдө алардын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.
66. Шайлоого катышкан шайлоочулардын тизмеси добуш берүү күнүнөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланат.
9. Округдук, аймактык шайлоо комиссиялары
тарабынан тиешелүү аймактарда добуш берүүнүн
жыйынтыктарынын белгилениши
67. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы шайлоо документтерин кабыл алууну уюштурат, ошондой эле аларды кабыл алуу жана сактоо үчүн жерди жана жайды аныктайт.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын тутумдук администраторуна автоматтык эсептөөчү урналарды, принтери бар идентификациялоочу түзүлүштү жана башка жабдууларды тапшырат.
Участкалык шайлоо комиссиялары округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мүчөсүнө добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун биринчи нускаларын төмөнкү шайлоо документтери менен бирге тапшырат:
– автоматтык эсептөөчү урнанын баштапкы жана жыйынтыктоочу отчёттору;
– жайдан тышкары добуш берүүнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчёттор;
– добуш берүү күнү идентификациялоо боюнча баштапкы жана жыйынтыктоочу отчёттор;
– актылар;
– реестрлер;
– участкалык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйынынын протоколу;
– арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, актылар.
Ошондой эле округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ар бир Президенттин кызмат ордуна талапкер боюнча, ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана “Баарына каршы” позициясы боюнча иргелген шайлоо бюллетендери, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиясы өзүнүн чечими менен жараксыз деп тааныган өзүнчө таңгактарга таңгакталган шайлоо бюллетендерин, бузулган бюллетендердин ордуна берилген шайлоо бюллетендерин, шайлоочулардын тизмесин, оператор тарабынан берилген идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектерди кабыл алат.
Округдук шайлоо комиссияларындагы тутумдук администраторлор өздөрүнүн округдук аймагынан тышкары туруп, Борбордук шайлоо комиссиясынын тутумунан участкалык шайлоо комиссияларынын аралыктан добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө электрондук протоколдорун басып чыгарышат жана аларды жалпылоо үчүн округдук шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет.
68. Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууну округдук, аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен жүзөгө ашырат. Тиешелүү округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорду кабыл алуусу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруусу Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун туура түзүлгөндүгүн алдын ала текшергенден кийин округдук, аймактык шайлоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан түзүлгөн протоколдордун маалыматтарын автоматтык эсептөөчү урналардын протоколдорунун маалыматтары менен салыштырып текшерет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча округдук, аймактык шайлоо комиссиясы жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага участкалык шайлоо комиссияларынын саны, келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун саны, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпы маалыматтары киргизилет.
Тиешелүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорго кол тамга коюунун алдында округдук, аймактык шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтыктоочу жыйын өткөрөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо жана участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүү менен байланышкан арыздар (даттануулар) каралат.
Шайлоо комиссиясы ар бир арыз (даттануу) боюнча чечимдерди комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алат, андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана шайлоо комиссиясы келип түшкөн арыздар (даттануулар) боюнча кабыл алган чечимдерге макул болгон арыз ээлери шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйынынын протоколуна кол тамга коюшат. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтыктоочу жыйынынын протоколуна кол тамга коюуда протоколдун мазмунуна макул болбогон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзгөчө пикирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол тамга коюшат.
69. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор эки нускада түзүлөт жана аларга округдук, катышып отурган аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол тамга коюшат. Протоколдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлгөн жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери, ошондой эле келип түшкөн арыздар (даттануулар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
70. Шайлоо комиссиясынын протоколдорунун биринчи нускасы кол тамга коюлгандан кийин токтоосуз түрдө жыйынды таблицанын биринчи нускалары менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
71. Протоколдордун экинчи нускасы бардык шайлоо документтери менен бирге округдук, аймактык комиссиянын катчысы тарабынан архивге өткөрүп берилгенге чейин күзөтүлгөн жайда сакталат.
72. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун чоңойтулган формасы жалпы таанышуу үчүн округдук, аймактык шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинет жана шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сакталат.
73. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда каталар, шайкеш эместиктер айкындалганда же округдук, аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун түзүлүшүнүн тууралыгына шектенүүлөр пайда болгондо Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын добуштарды кайталап саноону жүргүзүүсү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайталап саноо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдеттүү түрдө катышуусунда жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап саноого талапкерлердин өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайталап саноонун жыйынтыктары боюнча шайлоо комиссиясы “Добуштарды кайталап саноо” деген белги менен добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзөт.
74. Добуштарды саноого катышкан ар бир адамга округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол тамга коюлгандан кийин токтоосуз түрдө анын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
75. Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу:
1) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо учурунда добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоого мүмкүндүк бербеген бузуулар болгон болсо;
2) эгерде добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо учурунда шайлоочулардын эркине таасир эткен бузуулар болгон болсо;
3) жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
4) соттун чечими боюнча;
5) автоматтык эсептөөчү урналардагы шайлоо бюллетендери жараксыз деп таанылса.
Шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда шайлоонун натыйжалары калган шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. Бир же бир нече шайлоо участокторундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылып, шайлоонун натыйжаларына таасирин тийгизген учурда ошол шайлоо участокторунда кайра добуш берүү тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан кайра добуш берүү дайындалган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө жүргүзүлөт.
76. Эгерде шайлоону даярдоо, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо убагында талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербеген же шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар орун алса, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таанууга укуктуу.
Шайлоо мыйзамдарын бузууну белгилөөнүн натыйжасында добуш берүү күнүнөн кийин талапкер, талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган учурда талапкер, талапкерлер үчүн берилген шайлоочулардын добуштары шайлоо бюллетендерин жараксыз деп таануу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкерге, саясий партияга кайра шайлоого жол берилбейт.
10. Шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби
77. Шайлоонун натыйжаларын Борбордук шайлоо комиссиясы округдук, аймактык шайлоо комиссияларынан түздөн-түз келип түшкөн протоколдордун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен добуш берүү күнүнөн тартып 20 календардык күндөн кечиктирбестен аныктайт.
Шайлоонун жыйынтыктары конституциялык Мыйзамга ылайык аныкталат.
Борбордук шайлоо комиссиясы милдеттүү тартипте жыйынтыктоочу жыйын өткөрөт, анда бардык келип түшкөн шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү бузуулар жөнүндө арыздарды (даттанууларды) карап, ар бир арыз (даттануу) боюнча чечим кабыл алат.
78. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо:
Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары өздөрүнүн жыйындарында өздөрүнүн аймактарында Президентти шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат жана документтерди токтоосуз түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына беришет.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнөн кийин 20 күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен президентти шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылса, бул учурда шайлоонун натыйжаларын аныктоо алар сот тарабынан биротоло каралганга чейин токтотула турат.
Добуш берүүнүн биринчи турунда шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган талапкер Президенттин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.
Эгерде шайлоо бюллетенине Президенттин кызмат ордуна экиден ашык талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын эң көп сандагы добушун алган эки талапкер боюнча кайра добуш берүүнү дайындайт.
Кайра добуш берүү шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 20 күндүк мөөнөттүн ичинде конституциялык Мыйзамдын талаптарын сактоо менен өткөрүлөт. Кайра добуш берүү күнү жөнүндө билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Эгерде кайра добуш берүү өткөрүлгөнгө чейин Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин бири чыгып кетсе, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жалпы шайлоодо алгачкы жолу кайра добуш берүү дайындалган талапкерлерден кийин шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер кайра добуш берүүнү өткөрүү үчүн экинчи талапкер деп таанылат. Эгерде башка талапкерлер калбаса, бул учурда шайлоо бир талапкер боюнча өткөрүлөт.
Кайра добуш берүүдө шайлоочулардын добуштарынын көпчүлүк санын алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Шайлоо жараксыз деп таанылган учурда, ошондой эле эгерде шайлоо бюллетенине эки талапкер киргизилсе жана алардын бири да шайланбаса же болбосо кайра добуш берүүдө бир дагы талапкер шайланбаса, Жогорку Кеңеш бир айдын ичинде Президентти кайра шайлоону дайындайт.
Кайра шайлоо конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
Кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
79. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо:
Борбордук шайлоо комиссиясы округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде бүтүндөй республика боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Натыйжаларды аныктоо тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ар бир талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштары жөнүндө протоколдордо камтылган маалыматтарды кошуу жолу менен жүргүзүлөт.
Тиешелүү шайлоо округунун шайлоочуларынын добуштарынын көпчүлүк санын алган добуш берүүгө катышкан үч талапкер көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланды деп таанылат.
Талапкерлер алган добуштардын саны тең болгон учурда датасы жана убактысы боюнча каттоо үчүн документтердин толук топтомун эрте берген талапкерлер көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланды деп эсептелет.
Тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө бир жыныстагы өкүлдөр үчүн экиден ашык мандат бөлүнүшү мүмкүн эмес.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктоодо 30дан кем эмес депутаттык мандат бир жыныстагы депутаттарга таандык болот.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
Эгерде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо болбой калды же жараксыз деп таанылса, бул учурда кайра шайлоо дайындалат. Кайра шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан дайындалат.
Кайра шайлоо конституциялык Мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө өткөрүлөт, мында шайлоо аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирине кыскартылат. Кайра шайлоону өткөрүү жөнүндө билдирүү Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
Кайра шайлоо өткөрүлгөн учурда аракеттери шайлоону жараксыз деп таануу үчүн негиз болгон талапкерлер көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп кайрадан көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
Эгерде “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген добуштардын саны добуштардын көпчүлүк санын алган талапкер үчүн берилген добуштардын санынан ашып кетсе, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону жараксыз деп тааныйт. Мындай учурда кайра шайлоо дайындалат.
Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны автоматтык эсептөөчү урнадан алынган белгиленген формадагы шайлоо бюллетендеринин саны боюнча, ал эми кошумча контроль зарыл болгондо – идентификациялоодон өткөндүгү жөнүндө чектер боюнча да аныкталат.
80. Ар бир талапкер алган добуштардын санын так аныктоого мүмкүндүк бербеген шайлоо участогунда добуш берүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду түзүү тартибин бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын так аныктоого мүмкүндүк бербеген тартип бузуулар деп түшүнүлөт.
Добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна тоскоолдук кылуу, добуш берүүгө байкоо жүргүзүү, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан, добуш берүүнүн жүрүшүндө шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө, добуштарды саноого же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоого таасир эткен бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт.
81. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жараксыз деп тааныйт:
1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен көбүн камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылса;
2) эгерде жараксыз деп таанылган талапкер (талапкерлер) боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен көбүн камтыса.
11. Шайлоонун натыйжаларын расмий жарыялоо
82. Шайлоо комиссиясынын ишмердүүлүгү жайылтылган ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжалары Борбордук шайлоо комиссиясынын жана түздөн-түз төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорунда камтылган маалыматтардын көлөмүндө шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө алардын талабы боюнча таанышуу үчүн берилет.
Ар бир шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөнүнө жараша токтоосуз түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылат. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылган добуш берүүнүн жыйынтыктары юридикалык маанигэ ээ болбогон алдын ала маалымат болуп саналат.
83. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматтарды шайлоонун натыйжалары аныкталгандан кийин бир сутканын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жиберет.
84. Шайлоонун натыйжаларын, ошондой эле Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин, көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ар бири алган шайлоочулардын добуштарынын, “Баарына каршы” позициясы үчүн берилген добуштардын саны жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде шайлоонун натыйжаларын аныктоого негиз болгон төмөн турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунда камтылган маалыматтарды расмий жарыялоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун натыйжалары аныкталган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
