Ала-Бука районундагы шайлоо участогунун дареги өзгөрдү
05 августа 2026
Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Ала-Бука районунун №2277 шайлоо участогунун дарегин өзгөрттү.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагынын Падек айылындагы № 2277 шайлоо участогунун жайгашкан жери Падек айылы, У. Бойматов көчөсү, 10, Т. Жоробаев атындагы орто мектептин имараты дарегинен Падек айылы, У. Бойматов көчөсү, 12, Ж. Тойчубеков атындагы маданият үйү дарегине өзгөртүлдү.
Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясына Т. Балтагулов айыл аймагынын айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участогунун дареги өзгөргөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
