Башкы Жаңылыктар Шайлоо өткөрүү жаатындагы эл аралык стандарттар жана ЕККУнун …

Шайлоо өткөрүү жаатындагы эл аралык стандарттар жана ЕККУнун ДИАУБ сунуштарын ишке ашыруу боюнча тегерек стол өтүүдө

07-Авг, 2026

Бишкек шаарында “Шайлоо өткөрүү жаатындагы ЕККУнун эл аралык стандарттары жана милдеттенмелери, шайлоо чөйрөсүндө ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (ДИАУБ) сунуштарын ишке ашыруу” темасында эки күндүк тегерек стол өтүп жатат.

Тегерек столду КР БШКнын төрагасынын орун басары Лейла Лурова ачып, шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган мыйзамдык реформалар, кабыл алынган конституциялык мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кеңири токтолду. Ал аталган өзгөртүүлөр шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун, натыйжалуулугун жана эл аралык стандарттарга шайкештигин камсыз кылууга багытталганын белгиледи.

Л.Лурова шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү жана ЕККУнун ДИАУБ сунуштарын ишке ашыруу маселелерин эл аралык эксперттер менен биргеликте талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ЕККУнун шайлоого байкоо жүргүзүү методологиясын, шайлоо процессин жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо, талдоо жана ишке ашыруу ыкмаларын талкуулашат.

Ошондой эле, шайлоо органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, шайлоо талаш-тартыштарын кароо, добуш берүү күнүн уюштуруу, шайлоо округдарын түзүү, шайлоо өнөктүктөрүн өткөрүү, аларды каржылоо жана бул жааттагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча эл аралык стандарттар жана алдыңкы тажрыйбалар каралат.

ЕККУнун ДИАУБунун эксперттери Кыргыз Республикасына берилген мурдагы сунуштардын ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктарын тааныштырып, шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган эл аралык мыкты тажрыйбаларды сунушташат.

Эл аралык тажрыйба алмашууга, шайлоо мыйзамдарын жана аларды колдонуу практикасын өркүндөтүүгө багытталган тегерек столго КР БШКнын мүчөлөрү, аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери катышууда.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>