Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

05-Авг, 2026

Бүгүн, 5-августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында Бишкек, Өзгөн, Араван, Кара-Суу, Ала-Бука, Баткен, Кадамжай жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

• Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Токтогулов Максат Сарылбековичтин (“Жаңы күч - Новая сила” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;

• Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Нарматова Мияссархан Адахамовнанын (“Эл биримдиги” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат Сырожов Абдулазиз Абдулхаетовичке (“Эл биримдиги” саясий партиясы)  өткөрүлүп берилди;

• Араван районунун Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Холматов Шерзодбек Холкозиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;

• Кара-Суу районунун Датка айылдык кеңешинин депутаты Машрабаев Боходиржон Хасановичтин (“Адилет” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Туркменов Джалалдин Шаисмаиловичке өткөрүлүп берилди;

• Ала-Бука районунун Айры-Там айылдык кеңешинин депутаты Салибаев Төрөгазы Сабыралыевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ибрагимов Сапар Алмарсовичке өткөрүлүп берилди;

• Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Анаралиев Акбаралинин ыйгарым укуктары Суу-Башы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 154 токтомунун негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Маркаев Абдибаит Пазыловичке  өткөрүлүп берилди;

•Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты Абдурасулов Алмазбек Абдыкааровичтин ыйгарым укуктары Суу-Башы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 154 токтомунун негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шайдуллаев Абдижалил Абдиллаевичке өткөрүлүп берилди;

• Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңешинин депутаты Машрапов Куштарбек Примбердиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жигитов Куштарбек Максыталиевичке өткөрүлүп берилди;

• Каракол шаардык кеңешинин депутаты Орозбекова Динара Осмоновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Работягина Елена Викторовнага өткөрүлүп берилди.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда
19-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү 2026-жылдын 18–20-сентябрь күндөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүгө катышууда. Т. Шайназаров КМШнын миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын ишине катышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да тартылган. Иш сапардын алкагында КР БШКнын өкүлдөрү «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышып, анда Тынчтык Шайназаров баяндама жасады. КР БШКнын төрагасы ошондой эле Россиянын телеканалдарына интервью берип, анда Кыргызстандын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык байкоо жүргүзүүдө. Байкоо иштери эртең, 20-сентябрда да улантылат.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты
19-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” эл аралык конференциясына катышты

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2026-жылдын 18–19-сентябрында Москва шаарында өткөн “Туруксуздук мезгилиндеги шайлоолор” аттуу эл аралык конференцияга катышты.Конференциянын катышуучулары демократиялык процесстердин туруктуулугу жана жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.Т. Шайназаров “Заманбап чакырыктар шартында шайлоо системасынын туруктуулугу: Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы” аттуу темада баяндама жасап, Кыргыз Республикасынын COVID-19 пандемиясы шартында шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасына токтолду.Төрага белгилегендей, бул тажрыйба шайлоолорду өткөрүүнүн шарттары канчалык тез өзгөрүшү мүмкүн экенин көрсөттү, ошондой эле мындай өзгөрүүлөргө шайлоо системасы алдын ала даяр болушу зарыл.Акыркы шайлоолордун тажрыйбасы Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан чечимдер жарандардын добуш берүүгө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү менен бирге, шайлоо жол-жоболорунда зарыл болгон идентификациялоо, көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуучу механизмдерди сактоого мүмкүндүк берип жатканын көрсөтүүдө.Ошол эле учурда бул багыттагы иштер улантылууда. Жаңы чечимдер алардын ишенимдүүлүгүн үзгүлтүксүз текшерүүнү жана мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат.Эл аралык конференция шайлоо системаларын өнүктүрүүнүн актуалдуу тенденцияларын талкуулоо, натыйжалуу чечимдерди издөө, шайлоону уюштуруучулардын, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө үчүн эксперттик аянтча болуп калды. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 18-20-сентябрында КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Федералдык чогулушунун Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоону мониторинг жасоого катышууда.

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты
19-Сен, 2026

КР БШК кызматкерлери ишембиликке катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кызматкерлери республика боюнча өтүп жаткан санитардык тазалоо боюнча ишембиликке катышты.Төраганын орун басары Лейла Лурованын жетекчилиги астында КР БШКнын жамааты Кашка-Суу айылынан баштап, "Ала-Арча" мамлекеттик паркынын башкы кире беришине чейинки жол жээктеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин жүрүшүндө аймак толугу менен санитардык абалга келтирилип, тиричилик таштандылары, кургак бутактар жана пластикалык калдыктардан тазаланды.Мындай иш-чаралар өлкөдө тазалыкты сактоого өбөлгө түзүп, жарандардын экологиялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.Ишембилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 "Улуттук тазалык күнү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле 2023-2025-жылдарга турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-чаралар планынын жана Улуттук тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү. 
Кененирээк билүү >>