КР БШК арыз-даттануулар боюнча жумушчу топтун Жобосун бекитти
28 августа 2026
Бүгүн, 28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө Жобону бекитти.
Жобого ылайык, Жумушчу топ БШКнын алдында 7 адамдан ашпаган, ал эми округдук жана аймактык комиссиялардын алдында кеминде 5 адамдан турган курамда түзүлөт.
Топ арыздарды алдын ала талдап, тараптардын түшүндүрмөлөрүн угуп, чечимдердин долбоорлорун даярдайт. Кайрылуулар 2 күндүн ичинде, зарыл учурда 4 күнгө чейин узартылса, добуш берүү күнү жана анын алдындагы күнү түшкөн кайрылуулар токтоосуз каралат.
Кароонун жүрүшү протоколдоштурулуп, тараптарга маалымдалат. Кабыл алынган чечимдер КР БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.
Мындан тышкары отурумда Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Токтом долбоорун кабыл алуу Жобонун айрым нормаларын колдонуудагы терминологияга жана шайлоо комиссияларынын ишин уюштурууга ылайык келтирүү, ошондой эле арыздардын жана даттануулардын электрондук реестрин укуктук жактан так жөнгө салууга багытталган.
Ошондой эле, округдук шайлоо комиссияларынын арыздарды жана даттанууларды кароого катышуусуна байланыштуу жоболор такталат.




