Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата БШКнын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды
28 августа 2026
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата БШКнын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын бир катар кызматкерлерине жана шайлоо системасын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошуп келе жаткан жарандарга ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына кошкон өзгөчө салымы үчүн” медалы менен БШКнын Аппарат жетекчиси Т. Айтикеев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин директору А. Джапаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Н. Сулейманова жана Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүм башчысы Б. Мажитов сыйланышты.
Ал эми КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын бөлүм башчысы К. Абдилатовго, сектор башчысы Амангелди кызы Мунарага жана эксперт А. Закировго “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси, эксперт Р. Манасбековго Ардак грамота тапшырылды.
Мындан тышкары Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ардак грамотасы аппараттын бир катар кызматкерлерине ыйгарылды.
Сыйлык тапшыруу аземинде Төрага Тынчтык Шайназаров сыйлык ээлерин жана кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.








