КР БШК төрагасынын орун басары Р. Жакышов аймактык шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү менен онлайн жыйын өткөрдү
04 сентября 2026
Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов КР БШКнын аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлдөрү, системалык администраторлору, АШК төрагалары менен онлайн форматта жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө шайлоо комиссияларынын курамын толуктоо, шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү, катышууну көбөйтүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан БШКнын аймактагы өкүлдөрүнө шарттарды түзүү боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле, катышуучулар орчундуу суроолорду берип, сунуш-пикирлерин ортого салышты.
Русланбек Жакышов шайлоо процессин уюштурууда бардык аймактык шайлоо комиссияларынын ишин үзгүлтүксүз камсыз кылуунун, коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын соңунда шайлоого даярдык көрүү иштерин күчөтүү жана аны уюшкандыкта өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
