Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү калк арасында аралыктан шайлоо жана “бир шайлоочу – бир добуш” принциптерин түшүндүрүүдө
23.09.2025

КР БШК төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү калк арасында аралыктан шайлоо жана “бир шайлоочу – бир добуш” принциптерин түшүндүрүүдө

Бүгүн, 23-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү тарабынан Кыргызстандын бардык аймактарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча калк арасында кеңири масштабдагы маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында төмөнкү аймактарда эл менен жолугушуулар өткөрүлдү: Нурлан Койчукеев - Чүй облусунун Жайыл району, Кара-Балта шаары жана Панфилов районунда; Кайрат Маматов - Бишкектин Ленин жана Биринчи май райондорунда; Абдыжапар Бекматов - Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорунда; Мейкинбек Абдалиев - Баткен шаары, Баткен району, Сүлүктү шаары, Лейлек району, Раззаков шаарында; Бахадыр Конуров - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда; Алтынбек Кубатбеков - Нарын облусунун Кочкор, Жумгал райондорунда, Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда, Узарбек Жылкыбаев - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда жолугушууларды өткөрүштү. Ошондой эле Чүй облусунун Кемин жана Токмок шаарларында, Чүй районунда жолугушуулар болуп өттү. Аталган жолугушууларга облус жетекчилери, акимдер, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңеш төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, АШК, УШК, активдүү жашоочулар ж.б. катышууда. Жалпысынан жолугушууларга 50дөн 400 адамга чейин келип, маалыматтарды угушту жана өз кызыктырган суроолорун беришти. Жыйындардын жүрүшүндө БШК мүчөлөрү тарабынан шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр алкагында бардык маалыматтар түшүндүрүлүп, айтып берилди. Атап айтканда, аралыктан шайлоонун өзгөчөлүктөрүнө жана "бир шайлоочу – бир добуш – бир талапкер" деген эрежелерге өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, талапкерлерге коюлган талаптар, квоталардын эсебинен шайлоого катышуу укугунун кеңейиши, майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү шарттар, шайлоо процесстерине киргизилген санариптик технологиялар маселелерин түшүндүрүү боюнча бир катар баяндамалар болду. Аймактардагы калк менен жолугушуулар уланууда.    
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: Тилге болгон мамиле - мекенге болгон мамиле
23.09.2025

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров: Тилге болгон мамиле - мекенге болгон мамиле

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров БШК мүчөлөрүнүн жана өзүнүн атынан кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: Кыргыз тили - бул ата-бабалардан калган ыйык мурас, эзелтен эл жүрөгүнөн орун алып, ооздон оозго өтүп, кылымдарды карыткан улуу тил. Ал улуттун уңгусу, дилибиздин добушу, тарыхыбыздын эсте калаар үнү, кыргыз элинин ким экенин дүйнөгө тааныткан баа жеткис байлыгы болуп эсептелет. Мамлекеттик тил - бул мамлекеттүүлүктүн символу, элибиздин биримдигин чыңдаган, ар бир жарандын аң-сезиминде сыймык менен жашаган улуу дөөлөт. Тилге болгон мамиле, мекенге болгон мамиле. Ошондуктан, кыргыз тилин урматтоо, аны күнүмдүк жашоодо колдонуу жана өнүктүрүү - ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Биз бүгүн эне тилибизди урматтап, эртең анын өсүшүнө салым кошуп, келечек муундарга кыргыз тилин таза, тунук бойдон өткөрүп берүүгө тийишпиз. Бул биздин ата-бабалардын осуятына болгон урмат, мекенибизге болгон сүйүү жана эртеңки кыргыз баласынын тамыры үзүлбөй, улут катары сакталып калуусуна болгон кепилдиги болуп саналат. Кыргыз тилибиздин улуулугу ар дайым сакталып, өлкөбүздүн келечеги тил менен бирге өсүп-өнүгө берсин деген жакшы тилегимди билдирем!
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
22.09.2025

КР БШКнын төрагасынын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү шайлоо мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басарлары жана ошондой эле БШКнын мүчөлөрү учурда өлкөбүздүн аймактарында жергиликтүү калк менен жолугушууларды жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, аталган иш сапарлар «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө «Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы Nº 113 конституциялык Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 8-пункттарына, 14-беренесинин 6-бөлүгүнүн 9-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү боюнча калк арасында маалыматтык түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү максатында уюштурулууда.  
Кененирээк билүү >>
Кыргызстандын жарандары аралыктан добуш бере алышат
22.09.2025

Кыргызстандын жарандары аралыктан добуш бере алышат

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 9-июнундагы № 113 “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамына ылайык, шайлоо процесстерине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилген. Алардын бири - бул аралыктан добуш берүү үчүн онлайн идентификацияны киргизүү. Муну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы уюштуруу иштерин жана программалык-техникалык камсыздоону даярдап, учурда тестирлөө аракеттерин өткөрүүдө. Шайлоо мыйзамдарына кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, онлайн идентификация аркылуу ар бир жаран өзүнүн округунан сырткары каалаган жердеги шайлоо участкасынан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Аралыктан добуш берүү - бул шайлоочулардын туруктуу катталган дареги боюнча шайлоо участогунда добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда жакынкы шайлоо участкасына барып, добуш бере алуу мүмкүнчүлүгү. Бирок шайлоочу өзү катталган шайлоо округунда ошол катталган шайлоо участогунда гана добуш бере алат. Бир округдун ичиндеги башка участокко барып добуш берүүгө болбойт. Чет өлкөдө жашаган же жүргөн кыргыз жарандарына добуш берүүсүн жеңилдетүү максатында шайлоо процесстерине катышуу үчүн аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Аралыктан добуш берүү аркылуу айылыңыздагы же шаарыңыздагы сиз тандаган татыктуу талапкерди колдоого болот. Мындан тышкары, айрым жарандарыбыз Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелер аркылуу жарандык паспортун алууда учурда жашап жаткан жериндеги дарекке каттого туруп койгон. Онлайн идентификациялоо маалымат тутумунда катталган дареги жок болсо жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары дарек көрсөтүлгөн учурда, маалымат тутумду тестирлөөдө шайлоо бюллетени басып чыгарылбай, же бош калууда. Ошондуктан КР БШКсы жарандарыбызга аралыктан добуш берүүсүн камсыздоо максатында чет өлкөдө паспорт алууда чет элдик каттоо даректерин көрсөткөн учурларда, каттоо дарегин Кыргызстандын аймагындагы даректерге алмаштырууну сунуштайт. Өзүңүзгө ыңгайлуу жерден добуш бериңиз!
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
20.09.2025

КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жетекчилиги алдында «Улуттук тазалык күнүнө» арналган жалпы республикалык ишембиликке чыгышты. Ишембиликке ошондой эле төраганын орун басарлары жана БШК мүчөлөрү да катышты. Ишембиликтин жүрүшүндө Кашка-Суу айылынан тартып «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына кире беришке чейинки борбордук жол боюндагы аймак тиричилик таштандыларынан тазаланды. БШК аппаратынын кызматкерлери айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого жана көрктөндүрүүгө өз салымын кошушту.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Өмүралиев Бакытбек Кенжебаевичке көңүл айтат
19.09.2025

КР БШК Өмүралиев Бакытбек Кенжебаевичке көңүл айтат

Көңүл айтуу! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Нарын шаардык, Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларындагы атайын өкүлү Өмүралиев Бакытбек Кенжебаевичтин атасынын мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жамааты.
Кененирээк билүү >>
БШК Ош облусунун Ноокат районуна караштуу № 5462 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү
19.09.2025

БШК Ош облусунун Ноокат районуна караштуу № 5462 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2025-жылдын 19-сентябрындагы жыйынында № 5462 шайлоо тилкесинин дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ош облусунун Ноокат районундагы № 5462 шайлоо участогунун дареги А. Хажимаматов көчөсү, 30 үйүнүн дарегинен Х. Турсункулов көчөсү, 1-үйүндө жайгашкан Жаңы-Ноокат айылдык маданият үйүнө өзгөртүлдү. Бул чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
19.09.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 19-сентябрда КР БШКсы Базар-Коргон, Сузак, Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү, ошондой эле Сузак районунун жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитти. Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар: Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты М.Н.Шариповдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты З.Б. Юсуповго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди. Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты Б.С. Абыловдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Т.А. Масировго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди. Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаты С.А. Тохтасиновдун (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Х.М. Мамануровго (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы) берилди. Сузак айылдык кеңешинин депутаты Г.Р. Юлдашеванын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.М. Марипжановго берилди. Кадамжай районунун, Майдан айылдык кеңешинин депутаты Р.П. Кудайкуловдун ыйгарым укуктары берилген өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты М.А. Тагаевге берилди. Сузак айылдык кенешинен талапкерлердин тизмесинен чыгарылгандар: А.Т. Юлдашева, Х. Сатвалдиева.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын 2025-жылдын 19 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
19.09.2025

КР БШКнын 2025-жылдын 19 - сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 2025-жылдын 19-сентябры Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: жыйналыштар залы   1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Сузак жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Ноокат районундагы № 5462 шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө. (баяндамачы – Кожокеева М.Д., шайлоо процесстерин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. «Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо менен өткөрүүдө пайдаланылуучу автоматташтырылган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, техникалык тейлөө жана жаңыртуу кызматтарын көрсөтүүчү техникалык операторду аныктоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун долбоору. (баяндамачы –Акимбаев А.Ж., маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жөнүндө” 2021-жылдын 1-июлундагы № 592 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу. (баяндамачы – Букамбаева А. Ж., жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун директору) 5. Ар кандай маселелер.
Кененирээк билүү >>
БШК төрагасы Т. Шайназаров шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү тапшырды
15.09.2025

БШК төрагасы Т. Шайназаров шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү тапшырды

Бүгүн, 15-сентябрда, КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров атайын өкүлдөр, системдик администраторлор жана БШК Аппаратынын кызматкерлери менен өткөн жыйында, калк арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүнү тапшырды. Бул иштер «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу жүргүзүлөт. Төрага ар бир айылга, районго жана шаарга бир шайлоочу ар бир көп мандаттуу шайлоо округунда көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен бир гана талапкерге добуш бере алат деген маалыматты жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи. «Калктын арасында 30 көп мандаттуу округдун ар биринен үч депутат шайланат, демек бюллетенде жалпы талапкерлердин ичинен үчөөнө белги коюу керек, деген туура эмес түшүнүк болууда. Ар бир шайлоочу бюллетенде бир эле талапкерге белги коё алат. Болбосо, бюллетень жараксыз деп табылат», - деп түшүндүрдү Т. Шайназаров. Ал жер-жерлердеги атайын өкүлдөрдү айыл өкмөттөр жана башка жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташып, бул маалыматты ар бир жаранга жеткирүүгө чакырды.  
Кененирээк билүү >>
Тажикстандын жаштар өкүлдөрү Кыргызстандын шайлоо системасы менен таанышты
10.09.2025

Тажикстандын жаштар өкүлдөрү Кыргызстандын шайлоо системасы менен таанышты

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Тажикстан Республикасынын жаштар тармактарынын өкүлдөрү КР шайлоо системасы менен таанышуу максатында келишти. КР БШК төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев өз сөзүндө бул сапар Кыргызстандын шайлоо системасы менен таанышууга гана мүмкүнчүлүк бербестен, достукту чыңдоого, тажрыйба алмашууга маанилүү аянтча экенин белгиледи. «Биздин өлкөнүн шайлоо системасы ачыктык, айкындык жана адилеттүүлүк принциптерине негизделет. Жаштар менен аялдардын саясий жашоого тартылышына өзгөчө көңүл бурабыз. Дал жаш муун өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү үчүн жаңы идеяларды, энергияны жана күчтү алып келээрине ишенебиз. Ошондуктан БШК жаштар менен аялдардын саясий турмушка активдүү катышуусуна багытталган программаларды туруктуу ишке ашырып келет», – деп баса белгиледи Н. Койчукеев. КР БШК алдындагы Жарандык билим берүү жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Айсулуу Букамбаева Кыргызстандын шайлоо системасы, жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги шайлануучу органдарда аялдар менен жаштардын өкүлчүлүгү, ошондой эле алардын шайлоого катышуусун активдештирүү чаралары тууралуу кеңири маалымат берди. Ал өлкөдө аялдар менен жаштардын саясий жана коомдук жашоого тең укуктуу катышуусу, бардык деңгээлде чечим кабыл алууга жеткиликтүү шарт түзүү, ресурстарга бирдей мүмкүнчүлүк камсыздоо жана алардын потенциалын өлкөнү өнүктүрүүгө багыттоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи. БШК жарандык билим берүү аркылуу аялдар менен жаштардын активдүүлүгүн арттырууга багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашырат. Алардын катарында жергиликтүү кеңештердеги аял депутаттар клубу, Жаш жаран мектеби, «Кыргыз жараны» жарандык өзүн-өзү өнүктүрүү демилгеси бар. Жолугушууда тажикстандык жаштар өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шайлоо укуктарын камсыздоо чаралары, шайлоодо колдонулган заманбап технологиялар жана аралыктан добуш берүү өзгөчөлүктөрү боюнча суроолорду беришти. Ошондой эле аларга жаңы шайлоо жабдуулары жана добуш берүү процесси көрсөтүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №1168 шайлоо тилкесинин дарегин өзгөрттү
10.09.2025

КР БШК Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №1168 шайлоо тилкесинин дарегин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн 2025-жылдын 10-сентябрындагы жыйынында №1168 шайлоо тилкесинин дарегин өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу №1168 шайлоо тилкесинин дареги Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, 2а дарегинде жайгашкан №18 кесиптик лицейинин имаратынан Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү, №3 дарегинде жайгашкан №93 кесиптик лицейинин имаратына өзгөртүлдү. Бул чечим Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы №41 токтому менен бекитилген «Шайлоо округдарынын жана шайлоо тилкелеринин схемалары жана чек аралары менен иш алып баруунун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, жана Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө» Конституциялык мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык кабыл алынды. Октябрь аймактык шайлоо комиссиясына Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо тилкесинин дарегинин өзгөргөндүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
10.09.2025

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 10-сентябрда КР БШКсы Кант, Аламүдүн, Ысык-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү, ошондой эле  Аламүдүн, Ноокат райондорунан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитти. Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар: Чүй облусу: Кант шаардык кеңешинин депутаты К.К.Уметалиевдин (“Бирге-Вместе”депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Ш.Сармолдоевге (“Бирге-Вместе” саясий партиясы) берилди. Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты М.К. Асанованын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Р.Ж.Бейшекеевага берилди. Ысык-Көл облусу: Ысык-Көл районунун Жусуп Абдрахманов айылдык кеңешинин депутаты А.К.Усубакуновдун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты М.Б.Темирбековго берилди. Жалал-Абад облусу: Токтогул районунун, Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Асылбеков Урматбек Айтмурзаевич (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берилген өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Б.А.Кенжекуловго (“Бирге-Вместе” саясий партиясы) берилди. Талапкерлердин тизмесинен чыгарылгандар: Чүй облусунун, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык кенешинен Б.Д. Акматалиева. Ош облусунун, Ноокат районун Көк-Бел айылдык кеңешинен Б.М.Топчубаева.  
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоо процессинин ички ченемдик актыларын актуалдаштырууну улантууда
10.09.2025

БШК шайлоо процессинин ички ченемдик актыларын актуалдаштырууну улантууда

Бүгүн, 10-сентябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Жыйында ички ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентинин жаңы редакциясы, "Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө" жобо бекитилди. Кабыл алынган актылар КР БШКнын ченемдик базасын ирээтке келтирүүгө, кайталанган жана эскирген укуктук нормаларды жокко чыгарууга, ошондой эле шайлоонун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК эскертет: шылуундардан сак болуңуздар!
09.09.2025

КР БШК эскертет: шылуундардан сак болуңуздар!

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдайт: акыркы убакта WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактарда алдамчылык учурлары көбөйдү. Шылуундар КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаровдун сүрөттөрүн колдонуп, жасалма баракчаларды түзүп, анын атынан саясатчыларга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана жарандарга ар кандай мүнөздөгү билдирүүлөрдү жөнөтүп жатышат. КР БШК расмий түрдө билдирет: комиссиянын бардык ишмердүүлүгү мыйзамдын алкагында гана жүргүзүлөт. Мындай кайрылуулар толугу менен алдамчылык болуп саналат жана КР БШКга эч кандай тиешеси жок. Биз бардык жарандарды бул сыяктуу окуяларга туш болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырабыз. Санариптик технологиялар доорунда өзгөчө сак болуу жана маалыматтар менен булактардын ишенимдүүлүгүн текшерүү абдан маанилүү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоону техникалык камсыздоо боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө
09.09.2025

КР БШКсы шайлоону техникалык камсыздоо боюнча даярдык иштерин жүргүзүүдө

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, КР БШКсы шайлоочуларды реалдуу убакыт тартибинде онлайн-идентификациялоо системасын ишке киргизүүдө. Бул жарандарга учурда жашап жаткан жеринен добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет, ал эми шайлоо бюллетени алардын каттоо дареги аркылуу тастыкталган шайлоо округу боюнча басып чыгарылат. Учурда КР БШКсы идентификациялоо системасын, шайлоо жабдууларынын бардык түрлөрүн жана башка маалыматтык ресурстарды модернизациялоо иштерин жүргүзүүдө. Шайлоо процессинде колдонулуучу системаларды жана шайлоо жабдууларын жакшыртуу боюнча бардык маселелер сакталуусун, бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен ишке ашырылууда. Ошондой эле маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Аткарылып жаткан иштердин алкагында, КР БШКнын системдик администраторлору шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды, шайлоо участкаларынын чек аралары боюнча картографиялык маалыматтарды актуалдаштырып, тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларындагы компьютердик жана перифериялык жабдуулардын сакталышын камсыздоодо. 2025-жылдын август айында жана сентябрь айынын башында КР БШКсы онлайн-идентификация системасын жана жаңыланган шайлоо жабдууларын тестирлөө, аларды колдонууну үйрөтүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүздү. Бишкек жана Чүй облусунда 200 участкалык шайлоо комиссиясынын катышуусу менен тестирлөө уюштурулду. Системаны тестирлөөнүн жүрүшүндө 4 687 адам онлайн-идентификациядан өттү. КР БШКнын маалыматына ылайык, шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык системалар, шайлоо жабдуулары жана башка техникалык каражаттар толук текшерүүдөн өтүүдө.
Кененирээк билүү >>
1 48 50 482